Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Навальныйдын тарапкерлери: “Сүйүү – коркуудан күчтүү”


“Сүйүү – коркуудан күчтүү” деген ураан астындагы нааразылык чарасы. Омск, 2021-жылдын 14-февралы.
“Сүйүү – коркуудан күчтүү” деген ураан астындагы нааразылык чарасы. Омск, 2021-жылдын 14-февралы.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапкерлери 14-февралда аны колдоо иретинда нааразылык чараларын флешмоб түрүндө өткөрүштү.

Айрым чет өлкөлөрдө мурдатан белгилүү болгон ыкманы – коопсуздук кызматтарынын кылтагына илинбөө үчүн чачкын жайгашып, флешмоб түрүндө нааразылык чарасын жапырт уюштуруу усулун 14-февралда Орусиянын бир катар шаарларында колдонушту.

Анын алкагында, оппозициячы саясатчы Алексей Навальныйды абактан бошотууну талап кылгандар ар чөлкөмдүн жергиликтүү убакыты боюнча 20.00дө жапырт түрдө уюкфонун (чөнтөк телефонун) же кол чырактарды асманга каратып, күйгүзүштү.

15 мүнөткө созулган флешмоб чарасына катышкандар андан соң сүрөтүн же видео тасмасын интернеттеги коомдук тармактарга жайгаштырып жатышты.

Навальныйдын штабы мындай жол менен 14-февралда белгиленчү Ыйык Валентин күнүндө “Сүйүү – коркуудан күчтүү” деген ураан менен бийликке каршылыгын билдирүүнү чечкен.

Бул жолку флешмоб алгач болуп Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Петропавловск-Камчатск, Сахалин жана Владивосток сыяктуу шаарларында башталды. Андан кийин флешмоб өлкөнүн башка шаарларында өтүп, борбор калаа Москва жана өлкөнүн Европа бөлүгүндөгү бир катар шаарларда өттү. Батыш Европадагы айрым шаарлардагы орус оппозициясынын тарапкерлери да тилектештик билдиришти.

Лондондогу Навальныйды колдогон нааразылык чарасы. 2021-жылдын 14-февралы.
Лондондогу Навальныйды колдогон нааразылык чарасы. 2021-жылдын 14-февралы.

Нааразылык чарасына жалпысынан канча киши катышкандыгы азырынча белгисиз.

Москвада өз үйүнүн короосуна чыгып, каршылык чарасына кошулган Дмитрий аттуу тургун:

Бул акция аркылуу ар бир жаран болуп жаткандарга мамилесин, позициясын билдиргенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ага канча адам катышканы маанилүү эмес. Балким кимдир-бирөө муну капарына албай коюшу мүмкүн. Бирок азыр колуна шам кармап, жарыгын асманга багыттаган ар бир адамдын өлкөдөгү болуп жаткандарга өзгөчө көз карашы бар экенин билдирет. Дал ушул нерсе маанилүү, – деп билдирди.

Орус бийлиги бул нааразылык чаралары мыйзамсыз экендигин жана аларга катышкандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн алдын ала эскерткен.

12-февралда "Роскомнадзор" мекемеси жалпыга маалымдоо каражаттарын, алардын ичинде “Азаттыктын” орус кызматын пландалып жаткан нааразылык чарасы тууралуу кабарларды өчүрүүгө буйрук берген.

Ал эми прокуратура Алексей Навальныйдын айрым аймактардагы штабдарына бул чараны уюштурчу болсо, жоопко тартылары тууралуу эскертүү жөнөткөн.

Буга чейинки Навальныйды бошотуу талабы менен эки ирет өткөн ири демонстрацияларда полиция катышуучуларга зомбулук көрсөтүп, миңдеген адамдар кармалган эле. Анын жыйынтыгында оппозициячыл саясатчынын эң жакын үзөңгүлөштөрүнө иш козголуп, айрымдары камакка алынган. Алардын ичинде Алексей Навальный жубайы Юлия да эки-үч жолу кармалып, кайра бошотулган.

10-февралда Юлия Навальнаянын өлкөдөн Германияга чыгып кеткени белгилүү болду. Анын эмне себептен сыртка чыгып кеткени жөнүндө расмий түрдө түшүндүрмө бериле элек.

Дал ушундай бийликтин куугунтугу күч болуп турган шартта Навальныйдын Орусия боюнча штабдарынын башчысы Леонид Волков буга чейин көчөдөгү демонстрацияларга тыным бериле турганын билдирген:

Леонид Волков
Леонид Волков

Биз соңку акцияларда 12 миң адам кармалганын көрдүк. Бул Сталиндин убагынан берки эң чоң репрессия. Муну соңку 70 жылдан берки эч бир окуя менен салыштырууга болбойт. Биз ошондуктан дагы миңдеген адам камакка алынбашы үчүн каршылык ыкмасын өзгөрттүк – деп ал түшүндүргөн.

Учурда чет өлкөдө жүргөн Волковдун өзүнө да кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Санкт-Петербургдагы аялдардын нааразылык чарасы орусиялык абактардагы аялдарды колдоого арналды. 2021-жылдын 14-февралы.
Санкт-Петербургдагы аялдардын нааразылык чарасы орусиялык абактардагы аялдарды колдоого арналды. 2021-жылдын 14-февралы.

Айымдар "Тилектештик чынжырчасына" тизилди"

Ал ортодо дал ушул куугунтукка кабылган кыз-келиндерди колдогон дагы бир нааразылык чарасы 14-февралда Москва менен Санкт-Петербургда өттү.

Орус баш калаасындагы Арбат көчөсүндөгү акын Александр Пушкин жана жубайы Наталья Гончареванын айкелинин алдында 200гө жакын кыз-келин чынжырча иретинде жол бойлой тизилип, колуна саясий негизде камалган активисттердин аты-жөнү жазылган жүрөкчөлөрдү жана гүлдөрдү кармап турушту.

Активисттер оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жубайы Юлия баш болгон, сүрөтчү Юлия Цветкова, саясатчы Любовь Соболь, активисттер Мария Алехина, Люся Штейн жана башкалардын дарегине колдоо сөздөрүн айтышты. Бул айымдар акыркы айларда бийликтин куугунтугуна туш болуп жатканын билдиришти.

Акция эки саатка созулуп, тартип бузуусуз аяктады. Буга чейин көчөгө чыккандарды дароо кармаган полиция кызматкерлери айымдардын иш-чарасына көңүл бурбагандай түр көрсөттү.

“Тилектештик чынжырчасы” нааразылык чарасы Санкт-Петербург шаарында да өттү. “Кресты” тергөө абагынын жанына чогулгандар акын Анна Ахматованын “Реквием” ырынан үзүндүлөрдү окушту.

Путин: "Фигурантты" колдонуп жатышат

Орус президенти Владимир Путиндин келишкес сынчысы, 44 жаштагы Навальный 17-январда Берлинден дарылануудан келээри менен "Шереметьево" аба майданында кармалган.

2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча мурдагы шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга абакка кести. Мындан башка да Навальныйдын үстүнөн бир нече иш боюнча да сот жүрүп жатат.

Навальныйдын кармалышы орус коомунун бир бөлүгүндө нааразылык жаратып, Кремлдин Батыш өлкөлөрү менен мамилесин дагы начарлатты. АКШ президенти жана Евробиримдиктеги бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери Навальныйды бошотууну талап кылып келет.

Орус бийлиги болсо мындай чакырыкты кескин түрдө четке кагып, ички ишке кийлигишүү катары атады.

14-февралда Орусиянын мамлекеттик телеканалдары президент Владимир Путиндин айрым маалымат каражаттарынын башкы редакторлору менен жолугушуудагы сүйлөгөн сөзүнүн үзүндүсүн көрсөттү.

Владимир Путин
Владимир Путин

Анда Путин соңку жагдайга токтолуп, азыркы кырдаалдан улам айрым өлкөлөр “Навальныйды колдонуп жатат" деген пикирин билдирген. Орус президенти адаттагыдай оппозиционердин атын атабай, “фигурант” (б.а. "кылмыш ишинде доого кабылып жаткан киши") деп тергеди:

“Фигурантты дал азыр колдонуп жатышат. Анткени, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөй эле бизде да адамдар чарчап, кыжырданып, өздөрү жашаган шартка нааразы болгон учурда колдонуп жатышат”, – деп Путин жооп берди.

Ал тапта Европа Кеңешинин Министрлер комитети Алексей Навальныйдын арызын кабыл алганы белгилүү болду. Саясатчы өз арызында Москва Европанын Адам укуктары боюнча сотунун чечимин аткарбай жатканына арызданган жана орус бийлигинин ага карата куугунтугун токтотуусун талап кылууну өтүнгөн.

Мындай кырдаал Орусия менен Европанын мамилесин дагы начарлатышы мүмкүн.

Буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Орусияга февраль айынын башында барып кеткенден кийин расмий Москванын Брюссель менен алакасын жакшыртууга ниети жок, деген пикирин билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG