Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

ӨКМ: Чүйдөгү өрт өчүрүлдү


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Чүй облусундагы Токмок шаарынын түндүк тарабында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 51-чакырымына жакын жердеги камыш аянтында 18-февралда кечке жуук өрт чыкты.

Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кечки алты жарымдарда башталган өрт бир саат өтпөй жол жээгиндеги май куюучу жайга жакындаган. Мындан улам өрт өчүрүүчү төрт бөлүм тартылып, өрт чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Интернеттеги социалдык тармактарда жолдун жээгинде алоонуп күйгөн өрттүн видео, фотолору тарап жатат.

Айрым жарандар суу жээгиндеги камыш атайылап өрттөлгөн болушу мүмкүн деп жоромол кылышты жана өрттүн айынан жапайы куштар жапа чегиши ыктымал деген чочулоолорун билдиришти. Азырынча өрттүн чыгышынын себеби тууралуу расмий маалымат айтыла элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG