Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Бишкек ЖЭБинде чыккан өрт өчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн, 2-февралда өрт чыгып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү үч машине тартылды. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жумушчулардан эч ким жабыркаган жок.

Өрттүн чыгышына жер астындагы кампадагы отун жүктөлүүчү конвейерде электр зымдары чагылышкандан чыккан от себеп болгону расмий айтылды. ЖЭБдин маалыматына караганда, өрт өчүрүлдү, конвейерлер бузулган жок, азыр зымдарды текшерүү иши жүрүп жатат.

2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн энергиясыз калган. Буга байланыштуу кийин ишкананын реконструкциясы боюнча «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, айрым мурдагы жетекчилер соттолгон. 2020-жылы октябрда ЖЭБде авариялык абал түзүлүп, имараттарынын бири түтөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG