Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Ташиев: Чек ара чыры митинг менен чечилбейт


Камчыбек Ташиев, 18-февраль, 2021-жыл, Баткен.
Камчыбек Ташиев, 18-февраль, 2021-жыл, Баткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев  18-февралда Баткенде чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолукту.

Жолугушууда ал чек арада жашаган элдин суроолоруна жооп берип, алдыда чоң өзгөрүүлөр болорун, жакын арада президент менен жолугуп, чечимдер кабыл алынарын айтты.

Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген эл негизинен чек араны тактоо, бул багыттагы саясат жана аракеттер боюнча пикир-сунуштарын айтып, коопсуз жашоону камсыздоону суранышты.

Камчыбек Ташиев Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу март айында жанданарын билдирди. Чек араны тактоо иши митинг эмес, дипломатиялык жол менен чечилерин эске салды.

“Бизге басым жасап, ультиматум коюп, "бүгүн чечип бергиле" деген болбойт. "Бүгүн чечесиңерби?" деп кокодон албагыла. Биз аракет кылып чечебиз. Кандай мамиле жасашса, ошондой жооп кайтарабыз, кыжалат болуунун кереги жок. Бизге колдоо көрсөтүп, жардам берсеңер ошол иштерди жасайбыз”.

Чек арадагы эл буга чейин да бир нече жолу тиешелүү жетекчилерге көйгөйдү чечүү боюнча кайрыла берип иш жылбай жатканынан тажашканын айтышты.

Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев бийликтин кайдыгерлиги элди нааразы кылып келгенин айтты.

"Жетекчилерибиз кошуналарга талап коюп, сүйлөшүү жүргүзө албай келген. Чек арадан 500 метр аралыкта курулуштарды жүргүзбөө тууралуу келишим бар. Биздин курулуштар токтойт, алардыкын токтото алышпайт. Аткезчилик менен товар ташуу чек арада токтогон жок".

Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова мамлекет тарабынан чек ара айылдарына атайын макам берилгени менен, бир да жеңилдик болбой жатканын айтты:

“Мамлекет бизге "чек арадагы айыл" деген статус бергени менен, ичинде эч нерсеси жок баштыкты карматып койгон. Жер, суу, салык, социалдык төлөмдөр маселесине өзгөчө көңүл бурушу керек. Ошондо эл чек арадан кетпей жашамак".

Баткенге өзгөчө макам берилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:01 0:00

Камчыбек Ташиев элдин суроолоруна жооп берип, жакынкы күндөрү чек араны кайтарууда өзгөрүүлөр болорун айтты. Мындан тышкары буга чейин чек араны тикен зымдар менен тосмолоо бир жылда 15 чакырым болсо, быйыл 150 чакырымды тосууга каражат бөлүнөрүн маалымдады. Жакын арада президент менен чек ара маселелери боюнча жолугушуу болуп, элдин суроо-талаптарын түз жеткирип, чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Жолугушууда Баткен облусуна өзгөчө макам берүү менен облус башчысына жергиликтүү жетекчилерди кызматка дайындоо, бошотуу, каржылык фонд түзүү сунуштары да айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуудан кийин аймактагы атайын кызмат өкүлдөрү менен жабык жыйын өткөрүп, тиешелүү тапшырмаларды бергени айтылды.

Февралдын башынан бери Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларда улам-улам жаңжал чыгып, тургундар чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылып, бир нече жолу кайрылуу жасашкан.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын 40 пайызы, Өзбекстан менен 10 пайыздайы тактала элек.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген.

Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ал Кыргызстанга 18-февралда учуп келип, ошол эле күнү Баткенге иш сапары менен барды.

Камчыбек Ташиев октябрдагы элдик толкундоодон кийин Садыр Жапаровдун командасы менен бийликке келген. Ал атайын кызматтын башчысы болуп октябрда дайындалган. Жапаров ошол эле замат аны Чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси кылып дайындаган. Мындан тышкары Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG