Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Чек ара: Жаңы бийлик эски чырды кантип чечет?


Кыргыз чек арачылары.

Соңку күндөрү Кыргызстанда чек ара маселеси күн тартибине чыкты. Чек арадагы соңку нааразылыкка жана чыр-чатактарга эмне себеп? Бул багытта жаңы бийликтин алдында кандай маселелер турат?

Чек ара маселесине арналган “Арай көз чарай” талкуусуна өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Чек ара кызматынын Чек араны кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Талантбек Назаралы уулу, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жана чек ара маселелери боюнча тажрыйбалуу адис, профессор Саламат Аламанов катышты.

- Назирбек мырза, соңку күндөрү Баткендин Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш, Ак-Сай айылындагы жайыт, курулуш жол жана суу сыяктуу маселелер боюнча чыр-чатак катталды. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда да айрым тургундар Өзбекстан менен чек ара линиясына макул болбой, бир канча күндөн бери нааразычылыгын билдирүүдө. Бишкекте да акциялар өттү. Буларга эмне себеп? Жергиликтүү элдин талаптары канчалык жүйөлүү?

Назирбек Бөрүбаев: - Өзүңүздөргө маалым болгондой, азыркы күндө чыгып жаткан түшүнбөстүктөрдүн негизги себеби – бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоонун бүтпөй жатканы. Бул жумуштар 2002-жылы башталган. Бирок азыркы күнгө чейин бүтпөй келе атат. Себеби, өзүңүздөр жакшы билесиздер, чек араны тактоо бул бир тараптуу жүрбөй турган иш. Бул эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен жүзөгө аша турган иш.

Бүгүнкү күндө биз Тажик Республикасы менен болгон чек аранын 60 пайызга жакынын тактап бүткөнбүз. Азыр эң оор аймактар калган. Сиз айткан Ак-Сай, Самаркандек айыл аймактары, ошондой эле Лейлектин Максат, Кулунду аймактарындагы абал чын эле тынчсыздандырат.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев.

Себеби ал жерлер шахматтык таризде жайгашып калган. Кээ бир биздин атуулдар Тажикстандын аймагында, ошол эле убакта алардын атуулдары биздин аймакта жайгашып калган учурлар абдан көп. Мурдатан бери чарба жүргүзүүнүн натыйжасында ушул абалга туш болгонбуз. Мындай учурларда чек ара сызыгын өткөрүү өтө кыйын. Азыр жаңы бийлик келгенден бери Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссияны Камчыбек Ташиев жетектеп атат. Буюрса Өзбекстан боюнча да ушундай эле жумуштар кетип жатат.

- Чыр-чатактар негизинен чек ара такталбаганы үчүн чыгып жатканын айтып кеттиңиз. Бирок Өзбекстан менен такталып, делимитация болгон чек ара тилкелеринде да, алсак Ала-Букада, Аксыда жергиликтүү тургундар нааразы болуп жатышат. Ошондо элге толук маалымат берилбей жатабы?

Назирбек Бөрүбаев: - Өзбекстан менен болгон чек аранын 85% пайызы [такталганы] бардык маалымат каражаттарында айтылып жүрөт. Биз 2017-жылы макулдашып, эки президент кол коюп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн. Кээде эл чек ара сызыгынын айрым жеринен малдарын айдап өтүп кетип, кайсы бир учурда өздөрү да өтүп кетип жатышат. Ушундай көйгөйлөргө жол бербеш үчүн биз эки тараптуу макулдашылып, ратификацияланган тилкени жерине алып барып, белгилеп берели деп жатабыз.

Сиз айткан Ала-Бука районундагы Көк-Серек участогу жазылып, келишимге кирип кеткен. Себеби Көк-Серек участогу кошуна мамлекеттердин картасына чийилип калган. Биздин жарандар ошолордун аймагында жашап калган. Ошол эле убакта бизде да Өзбек Республикасынын жарандары жашаган аймак болгон. Биз 2017-жылы биздин жарандар калып калбасын деген таризде макулдашылып, эки тараптуу алмашылып жазылган жер участогу.

- Талантбек мырза, азыр Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен арасында абал кандай? Кошуна өлкөлөр менен кырдаалды туруктуу кармоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?

Талантбек Назаралы уулу: Азыр айтылган Кош-Болот жериндеги болгон окуялар боюнча айта кетсем. Биздин Жалал-Абад чек ара башкармалыгы менен Өзбекстандын тиешелүү чек ара башкармалыгы менен жолугушуп, ошол жерди жергиликтүү бийликтегилер, чек ара боюнча жетекчилер тактап көрсөткөнгө чейин эч кандай жумуштар болбосун деп чечтик.

Ал эми Баткен боюнча чек аранын бир бөлүгү такта элек экени айтылып өттү. Бирок ошого карабастан биздин Баткен башкармалыгы, ошол эле Баткен чек ара отрядынын башкармалыгы дипломатиялык жолдор менен Тажик Республикасынын чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көчөттөрдү отургузбоо, фундаменттерди куйбоо жана жайыт боюнча иштерди токтоттук. Эч кандай жумуштар болбосун деп жыйынтыкка келдик.

- Абдывахап мырза, сиз дагы чек ара маселелерине көз салып келесиз. Соңку мезгилде чек арага байланыштуу нааразычылык акцияларынын чыгышына эмне себеп болду?

Депутат Абдывахап Нурбаев.
Депутат Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: - Адегенде элдин маалыматы жоктугунан чыгып атат. Мисалы, “тажик тарап же өзбек тарап биздин аймакка кирип көчөт тигип атат, жерди ээлеп алды” деген сөз менен эл чыгууда.

Эгер ошол убакта жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыгып элге түшүндүрүп, “жок, бул туура эмес, ортодогу чечиле элек жер” деп түшүндүрсө, токтото турса, уруш чыкмак эмес. Ошол эле убакта биздин жергиликтүү бийликтегилер эл менен түз байланышка чыгып маселелерди айта албай жатат. Элге чыкпагандыктан эл түшүнбөй ушул сыяктуу митингдер болуп атат.

- Саламат мырза, күн жылып айдап-себүү жумуштары башталганда Кыргызстан менен кошуна мамлекеттер менен чек ара тилкелеринде ар кандай чыр-чатактар дээрлик жыл сайын катталып келет. Мындай чатактарды, карама-каршылыктарды алдын алуу үчүн жетиштүү чаралар көрүлүп жатабы?

Саламат Аламанов: - Менин оюмча, бул күтүлгөн эле кырдаал. Кээде солгундап, кээде күчөп кетет. Чек ара тилкесиндеги элдин ортосундагы мамиле чек ара такталбай жатканына байланыштуу деген пикирге толугу менен кошулам. Ошол эле учурда жергиликтүү калкта күдүк ойлор пайда боло берет. Өзгөчө акыркы учурда элдин тынчын алып жатканын сезип атам.

Кандайдыр бир башкача жол менен чечип жатышабы деген сөздөр эл арасында байкалып жатат. Ишенбөөчүлүк болуп, катуу талаптарды коюуга аракет кылышса, уюмдарды түзүп жатышат. Бул элдин тынчсыздануусунун белгиси.

Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов.
Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов.

2017-жылы Өзбекстан менен чек аранын 85 пайызын тактадык деп айтылып кетпедиби. Ошол чек араны тактаганда кандай маселе болгон? Чечилбей келе жаткан мурдагы чек ара тилкелерин макулдашып, кандайдыр бир жол менен чек ара сызыгын тактаган. Эки тараптагы эл ошого көз салып турган. Ошону учурунда элге түшүндүрүш керек эле. “Момундай өткөрүүнү макулдаштык” деп.

Эгер алмашуу жолу менен чечилген болсо, ошону түшүндүрүшү керек эле. Бул жерде дагы бир нерсе бар. Чек ара - мамлекеттик чек ара деп аталат. Райондун же айылдын чек арасы эмес. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын ар кайсы жерлериндеги маселелер бири-бири менен байланыштырылып чечилет.

- Назирбек мырза, сиз эки күн мурдагы маалымат жыйынында Тажикстан тарап менен сүйлөшүү жанданып жатканын айттыңыз. Декабрь айында Өзбекстан тарап менен жолугушуулар болгон. Тактала элек аймактар боюнча эки кошуна өлкө менен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатат?

Назирбек Бөрүбаев: - 2020-жылы COVID-19 илдетине байланыштуу биздин көп сүйлөшүүлөр токтоп калды. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай калдык. Тажикстан тарап менен 2020-жылы февралда сүйлөшкөн болчубуз. Бир жыл болуп кетти. Бирок Тажикстан менен дипломатиялык каналдар менен байланышып, алар бизди февралга чакырган. Биз шартка байланыштуу марттын биринчи декадасында жолугалы деп нота бергенбиз. Алар Тажикстандын Кожент шаарына чакырып жатышат.

Ал эми Өзбекстан менен жолугушуу 2020-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында өттү. Буюрса кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтүшү керек. Премьер-министрлер Алматы шаарында жолугушканда да бул маселе көтөрүлүп, эки тарап делимитация жумуштарын жандандырууну макулдашты. Жолугушуулар тез-тез өтөт деп ойлойм.

- Абдывахап мырза, премьер-министр Улукбек Марипов бул аптадагы видео билдирүүсүндө Баткен облусуна өзгөчө макам берилиши мүмкүндүгүн айтты. Буга чейин Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук комитетинин карамагына өткөнүн белгиледик. Макам өзгөрсө маселе чечилеби?

Абдывахап Нурбаев: - Макам берилгенден кийин деле чечилиши кыйын го. Себеби Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары чек арада жашаган тургундардын айлык, пенсиясына, жөлөк пулдарына кошумча акы төлөп берүүнү караштырган мыйзам кабыл алган. Бирок өкмөт ушунча жылдан бери аткарбай келе атат. Макам берүүгө караганда ушундай маселелер маанилүү. Биз акыркы жолу чек ара маселесин караганда Башкы прокуратурага “эмне үчүн өкмөт ошол мыйзамды аткарбай атат” деп тапшырма бердик.

Адамдар көбүрөөк жашап турса, жакшы болот да. Анткени Баткенди карап көрсөңөр, ал жакта мугалимден, дарыгерден башка кыла турган иш жок. Адам жок, баары кеткен.

Ошол үчүн эң биринчи кезекте биз адамдарга шарт түзүп беришибиз керек. Алардын социалдык абалын оңдоп, мектептерди, жолдорду куруп берүү маанилүү. Мына азыр биз Ак-Сай-Рават жолун тездетишибиз керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

- Адистер чек ара маселелери чечилиши үчүн саясий эрк керек деп баса белгилешет. Саясий эрктин ролу канчалык? Коңшу өлкөлөрдүн ортосунда ушундай эрк азыр байкалабы?

Абдывахап Нурбаев: - Саясий эрк өтө маанилүү. Себеби баары бир Тажикстан менен да, Өзбекстан менен да мамлекеттин биринчи адамы - президенттин сүйлөшүүсүнөн көп нерсе чечилет. Чек ара кызматы, облустун губернаторлору боло берет. Бирок негизгиси эки адамдын сүйлөшүүсүнөн чечилет. Саясий эрк сөзсүз керек. Буга чейин биздин кээ бир президенттер “муну мен чечпей эле коёюн, менден кийинкилер чечсин, жаманатты болбоюн” деген принциптерди карманышкан.

Биз жаманбы-жакшыбы Тажикстан жана Өзбекстан менен кошуна болуп жашап калганбыз. Ынтымакта болбосок, тополоң чыга берсе, бардык тармакка, анын ичинде инвестициялык климатка да таасири тие берет.

Андыктан күчтүү саясий эрк керек. Дипломатияны колдонуп, чек арадагы аксакалдар менен жергиликтүү кеңеш макулдашып туруп, маселени чечиш керек. Чек ара эч качан бир тараптуу чечилбейт.

Качан гана орток пикирге келгенде элди ынандырабыз. Тажикстанда кырдаал түшүнүктүү. Ал жакта президенттин бир ооз сөзү менен гана чечилет.

- Назирбек мырза, азыр ошондой саясий эрк барбы? Октябрь окуясынан кийин бийликке келген жаңы жетекчилер чек ара маселесин кандай чечүүнү көздөп турат?

Назирбек Бөрүбаев: - Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүк делегациянын башчысы болуп Камчыбек Ташиев бекиди. Бул Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө элек. Жакында биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү турат. Менде жаңы бийлик менен кандайдыр жыйынтыкка барсак керек деген ишеним бар. Муну мезгил көрсөтөт.

Бирок бул чек ара маселесин чечүү өтө кыйын. “Чек ара” коомунун мүчөлөрү “муну тез эле чечсе болот, тез чечкиле” деп айтып жатышат. Бирок бул эки тараптуу сүйлөшүүсүнүн негизинде чечилет да. Бир тарап макул болсо, экинчи тарап макул болбосо, анда чечилбей жүрө берет. Учурда биз күтүп жаткан жолугушуудан жыйынтык болсо керек деген чоң үмүтүм бар.

- Саламат мырза, сиздин оюңузча, тактала элек чек ара тилкелери боюнча кантип орток пикир тапса болот?

Саламат Аламанов: - Бул чындыгында орчундуу суроо. Жетекчилерди саясий эркке киргизүү үчүн аны даярдаш керек. Чек ара менен иштеген адамдар абдан жакшы аргументтерди даярдап берип, ошол эркти көргөзө турган адам курчуш керек, абдан ынаныш керек. Анын чечими кошуналарды да макул кыла турган абалга алып келиш керек. Жөн эле мындай-тигиндей кылалы дегенде болбойт. Өкмөттүн делегациясынын адистери биздин жетекчини саясий эркке жеткире тургандай материалдарды даярдап бериш керек.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG