Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Райымбек Матраимов экинчи жолу кармалды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

18-февралда түштөн бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатканы кабарланган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды.

«2021-жылдын 18-февралында УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармады. Райымбек Матраимов УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, 48 саат ичинде сот ага карата тергөө бүткүчөктү баш коргоо чарасын карайт», - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуу учурунда Райымбек Матраимовдун ишине кеңири токтолгон.

«Матраимовдун соту тууралуу мен алыс жакта жүргөндө уктум. Анын банк эсептерин, үй-мүлктөрүн сот бошотуп жибериптир деген маалыматты уктум. Бүгүн кечинде ошол маалыматтарды топтоп, документтерди бир сыйра карап чыгам. Матраимов боюнча мен эртеңден баштап чара көрөм».

Ташиев мындан тышкары 19-февралдан тарта коррупцияга шек саналган бир нече чоң чиновник камаларын билдирди.

Анткен менен коомчулукта бийликтин бул убадасына ишенбей, сындагандар да жок эмес.

Жарандык активист Руслан Акматбек Матраимовго кайра кылмыш ишинин козголушун бир нече себептерге байланыштырды.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Райымбек Матраимовдун иши көрүнүп эле турат. Ал азыркы бийлик менен келишип алган. Ошондуктан ага карата чечимдер, жыйынтыктар көшөгө артында чыгарылып жатат. Коррупциянын символуна айланган Матраимовду жоопкерчиликке тартуу үчүн бийлик чын ыкласы менен иш жүргүзбөй жатат. Бул эсептешүүлөрдүн натыйжасы болууда. Аны эмнеге кайра камашты? Анткени соттун ага айып салып, бошотуп жибергени коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Бийликтин кадыр-баркы түшүп кеткендиктен кайра артка чегинип жатат. Ага кошумча чек арада да башка көйгөйлөр чыгууда. Ушул учурда алар убактылуу жеңишке жеткиси келип жатат. Мындан тышкары Камчыбек Ташиев чет өлкөдөн келгенден кийин Райымбек Матраимовдун кайра кармалышы да күмөн ойго түртөт».

Ал эми премьер-министрдин кеңешчиси Каныбек Осмоналиев коррупцияга каршы күрөш чындап жүрүп жатканын айтып, бийликке убакыт берүү керек деп эсептейт.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Райымбек Матраимовго чыккан соттун жыйынтыгы менен айрым адамдар Садыр Жапаровго нааразы болуп жаткан. Ага карата дагы башка эпизоддор каралышы мүмкүн деп ошондо эле айткам. Мына азыр кайра кармалыптыр. Демек, коррупцияга каршы күрөш өзүнүн реалдуу жолуна түшүптүр да. Эми мындан да катаал чечимдер чыгышы мүмкүн. Биз бийликти сындасак да бир аз сабырдуу, токтоо болушубуз керек».

Журналист Аслан Сартбаев болсо коррупцияга каршы күрөштө башка кызмат адамдарынын аты аталбай, жалгыз Матраимов бутага алынып жатканын сындады.

«Жарандык коом бир гана Матраимовду айтып жатат. Коррупцияга шектүү башка адамдардын аты көп аталбай жатат. Баарына тегиз караш керек эле. Бул жогорку жактагылардын популисттик пиар иштери деп ойлойбуз. Эми аны камабай эле ишин караса болот да. Анткени буга чейин тергөө менен кызматташып, 2 миллиард сомду төлөп бербеди беле».

Бул Бажы кызматында мурда иштеп кеткен Райымбек Матраимовдун экинчи жолу кармалышы. Ал өткөн жылы 20-октябрда да кармалып, бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алган. Ушундан кийин бийлик өкүлдөрү анын бюджетке 2 млрд. сом төккөнүн бир нече жолу белгилешкен.

Анын ишин Биринчи май райондук соту 11-февралда карап, «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Соттун Райымбек Матраимовго чыгарган бул өкүмү коомчулукта катуу сынга кабылган. Иликтөөчү журналист Али Токтакунов бул сот чечимин кескин айыптап, видеокайрылуу тараткан.

«Бүгүн кол жоолук прокуратура, сот органдары аркылуу Садыр Жапаровдун бийлиги Матраимовду калкалап, ээн-эркин элден уурдай беришине жол ачты. Бүгүнкү күндө дагы Матраимовдор рейдерлик жол менен тартып алган кирешелүү бажы терминалдарын иштетип жатышпайбы. Матраимовдун туугандары, жек-жаат, достору бажыдан кеткен жок. Анын коррупциялык схемасы талкаланбады. Эми тескерисинче гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачылды. Буга бүгүнкү сот чечими далил», - деген «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы Али Токтакунов.

Ал экс-бажычыны мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков байытканын белгилеп, азыркы президент Садыр Жапаровдун тушунда анын ишмердүүлүгүнө дагы кенен шарт түзүлгөнүн билдирген.

13-февралда президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Матраимовдун иши ушу бойдон жабылбай турганын айткан.

«Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айыппул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлкү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт».

14-февралда жарандык коомдун өкүлдөрү митингге чыгып, анда Матраимовду камакка алуу талабын коюшкан.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталса, тергөө иштери улантыларын кабарлаган.

Аталган кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Матраимов түзгөн схема аркылуу Кытай менен Кыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алынып турганын айткан болчу.

Ушул эле декабрь айында АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Коррупцияга каршы күрөш жана Матраимов иши
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:08 0:00

XS
SM
MD
LG