Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ташиев: Эртеңден баштап бир нече чоң чиновник камалат


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-февралдан тарта коррупцияга шек саналган бир нече чоң чиновник камаларын билдирди.

Ал бул тууралуу бүгүн - 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушууда айтты.

"Кудай буюрса, азыр биз бул жактан саат төрттө учуп кетебиз. Жумушка барып эле Президент менен жолугам, силер тууралуу толук маалыматты айтып берем. Эртеңден баштап көрөсүздөр, биз бир нече чоң чиновникти камакка алабыз. Себеби алар элдин канын сорушкан. Жөндөн жөн адамга тийбейбиз. Мындан ары кимдир бирөө коррупция кылам дегенди ал тургай оюна албашы керек. "Мамлекетке жакшы иштеп берем же иштей албасам мал багайын" деп кетиши керек".

Камчыбек Ташиев мындан тышкары чек арадагы бардык маселелерге өзү жооптуу экенин, өлкөдө кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш жүрөрүн да билдирди.

52 жаштагы Камчыбек Ташиев былтыр октябрдан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт. Президент Садыр Жапаров аны чек ара боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилигине да дайындаган. Мамлекеттик чек ара кызматы учурда УКМКга карайт.

Камчыбек Ташиев буга чейин ноябрь-декабрь айларында УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүнөн 3 млрд. сомго жакын каражат бюджетке кайтарылганын кабарлаган. Кыргызстанда "уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик иштерге кийлигишип калган" деп баа берген. (BCh)

XS
SM
MD
LG