Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Кара-Кече көмүр кенинде тараза өрттөнүп кетти


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кениндеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде 25-январда таңга жуук өрт чыгып, тараза күйүп кетти. «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалыматына ылайык, өрттөн эч ким жабыркаган жок жана документтер күйүп кеткен жок. Баштапкы маалыматтар боюнча кырсыктынн себеби электр тогуна байланыштуу болгон.

Учурда Кара-Кече кени штаттык режимде иштеп жатат. Өрттү иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Учурда экинчи тараза иштеп жатат. Өрт чыккан көзөмөл-өткөрмө бекети эки-үч күндө калыбына келтирилет.

Кара-Кечеде таразалар кенден канча көмүр ташылып чыгып жатканын көзөмөлдөш үчүн мамлекет тарабынан коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG