Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Казакстанда бир үйдөгү беш бала күйүп кетти


Жамбыл облусу.
Жамбыл облусу.

Жамбыл облусунун Сарысу районунда беш кабаттуу үйдө өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калды.

Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жамбыл облусунун акимчилиги кабарлады.

Акыркы маалыматтар боюнча Жанатас айылындагы өрт 19-февралда күндүзгү саат 15:00до чыккан. Анда 16 чарчы квадрат метрлик батирдеги 2015, 2016, 2017, 2019, 2020-жылдары туулган балдар болгон.

«Алдын ала маалымат боюнча балдардын атасы жумушка, энеси дүкөнгө кеткен. Балдар ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн», - деп билдиришкен акимчиликтен "Азаттыктын" казак кызматына.

Өрттүн эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Акимчиликте анын себебин териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Бул Казакстандагы өрткө байланыштуу биринчи каргаша эмес. 18-февралда Кызылордо облусунда ымыркай кыз чарчап калган. Анда күйүп аткан имараттан энеси алып чыгууга үлгүргөн төрт бала жараат алган.

2019-жылы 4-февралдын түнүндө Астанада (азыркы Нур-Султан) өрт чыгып бир тууган беш кыз күйүп кеткен.

Бул окуядан кийин Казакстанда көп балалуу, жалгыз бой жана майыптыгы бар балдарды баккан энелер акцияга чыгышкан. Алар ушул күнгө чейин өкмөттөн аялуу үй-бүлөлөргө жардам берүүнү жана аларды турак жай менен камсыздоону талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG