Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Сабировдун мандаты спортчу Акыл Кемеловго берилди


Акыл Кемелов парламентте. 3-март, 2021-жыл. Бишкек.
Акыл Кемелов парламентте. 3-март, 2021-жыл. Бишкек.

Парламенттин 3-мартындагы сессиясында Акыл Кемелов ант берип, кызматына расмий киришти. Ал «Республика - Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен мурдагы депутат Максат Сабировдун ордуна келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кемеловго депутаттык мандатты 26-февралда тапшырган. Ага чейин Сабиров «жаштарга орун бергенибиз туура» деген негизде мандатын тапшырган.

Акыл Кемелов Кыргызстандын кулатуу боюнча үч жолку чемпиону жана спорт чебери. Ал 2016-жылы Ысык-Көл облусу боюнча «Кулатуу эртаймаш WEF» федерациясынын президенти болуп дайындалган.

Азыркы мыйзам боюнча Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.
2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, бирок элдик толкундоолордон улам анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Буга байланыштуу 2015-жылы шайланып келген алтынчы чакырылыштын мөөнөтү узартылган.

Президент Садыр Жапаров 1-мартта Казакстандын "Казинформ" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирген.

Конституциянын жаңы долбоорунда депутаттардын санын 90го кыскартуу сунушталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG