Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 29 жыл болду


Туу көтөргөн жаштар.
Туу көтөргөн жаштар.

3-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганына 29 жыл болду.

Эгемен өлкөнүн негизги символдорунун бири болгон - туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип, кабыл алынган.

Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Мамлекеттик туу кызыл түстө. Ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагы, анын ичине боз үйдүн түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

Авторлордун белгилешинче, туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги. (SE)

XS
SM
MD
LG