Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Бишкектеги парктарды оңдоого бөлүнгөн акчага байланыштуу кылмыш иши козголду


Бишкектеги парктардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги парктардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы "Жаштык", "Кайрагач багы" жана Фучик атындагы паркты оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттын жумшалуусу боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу аталган парктар тууралуу иликтөө жүргүзгөн журналист Адил Турдукулов "Азаттыкка" билдирди.

"Биздин укук" коомдук фонду менен чогуу иликтөө жүргүзгөнбүз. Бул фонд биз иликтеп таап чыккан фактыларды прокуратурага берген. Бул жерде парктарды оңдоо иштерин жүргүзгөн акимчиликтин кызматкерлеринин түздөн-түз жоопкерчилиги бар", - деди Турдукулов.

Прокуратуранын маалыматында аталган парктарды оңдоп-түзөөдө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузулганы, аны менен мамлекетке ири суммада зыян келтирилгени жазылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан сотко чейинки өндүрүш ачылды.

"Жаштык", "Кайрагач багы" жана Фучик атындагы парктарды оңдоп-түзөө үчүн 2017-жылы мамлекеттик бюджеттен 90 млн. сом бөлүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG