Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Навальный иши: АКШ жети орус аткаминерге санкция салат


АКШнын Ак үйү
АКШнын Ак үйү

2-мартта Вашингтон чалгын кызматтары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматынын (орусчасы - ФСБ) өкүлдөрү турган деген «ишенимдүү тыянакка келгенден» кийин Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминерине санкция салганын жарыялады.

АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко, башкы прокурор Игорь Краснов, Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников жана башкалар илинди.

Жо Байдендин администрациясы билдиргендей, Вашингтон ошондой эле биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар 14 тарапка, анын ичинде тогуз коммерциялык ишканага экспорттук чектөөлөрдү киргизди. Ак үйдүн дагы бир өкүлү кийинчерек Кошмо Штаттар "SolarWinds" компаниясынын системасына жасалган кибер чабуул жана башка кыянатчылыктар үчүн Орусияга каршы кошумча чараларды киргизерин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун мындай кадамына Москва жооп кайтарарын эскертти. Вашингтон билдиргендей, азыркы президент Жо Байдендин администрациясынын Орусияга карата мамилеси Москва менен жакшы алака түзүүгө аракет кылган Трамптын администрациясынан кыйла айырмаланат.

Ошондой эле Вашингтон Москва менен кызыкчылыктары дал келген маселелер боюнча иштешүүгө даяр экени маалым. Буга чейин Евробиримдик Навальныйдын камалышы боюнча жогорку даражалуу төрт орус аткаминерине санкция киргизгенин жарыялаган.

Навальный былтыр августта Омск шаарында ууландырылган соң, Германияда дарыланып аман калган. Ал өткөн январда Германиядан дарыланып келээри менен "Шереметьево" аба майданында камакка алынган.

2-февралда сот Навальныйды 2014-жылкы иши боюнча алдамчылыкка айыптап, буга чейинки шарттуу жазаны жабык мекемедеги жазага алмаштырып, 3 жыл 8 айга эркинен ажыраткан болчу. Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен күчүндө калтырган.

Өткөн аптада Москвадагы тергөө абагынан Навальный башка жабык мекемеге которулганы белгилүү болду. Расмий органдар анын кайсы абакка которулганын кабарлай элек, бирок айрым маалымат каражаттары оппозиционер Москвага жакын Владимир облусундагы түзөтүү колониясына жеткирилиши мүмкүн экенин жазышты.

XS
SM
MD
LG