Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Жогорку сот ЖЭБ боюнча ишти кайра кароодон баш тартты


Бишкек ЖЭБи. (Фото архивден)
Бишкек ЖЭБи. (Фото архивден)

Жогорку сот 2-мартта Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароодон баш тартты. Соттолгондордун адвокаттарынын арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Маалыматка караганда чечим акыркы жана даттанууга болбойт.

Буга чейин адвокаттар жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу арыз менен Жогорку сотко кайрылышкан.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту жылуулук борборун модернизациялоо маалында коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Өкүмдү Бишкек шаардык соту 2020-жылы март айында, Жогорку сот июнь айында күчүндө калтырган. Соттолуучулар жана алардын адвокаттары коюлган айыптар далилсиз экенин айтып жүрүшөт.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG