Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Өкмөт башчы дарынын баасын көзөмөлдөөгө убада берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Улукбек Марипов дары-дармекттин баасын жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык шейшемби күнкү жыйында тийиштүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде бааларды көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуш киргизүү, фармацевтика тармагындагы өкүлдөр менен иштөө тапшырылды.

Мариповдун айтымында, учурда дары-дармектердин айрым түрлөрүнүн кымбаттаганы байкалууда.

2020-жылы пандемия күчөп турган июнь-июль айларында Кыргызстанда дары тартыш болуп, баалар кескин өсүп кеткен. Айрым күндөрү дарыканаларда түнү менен узун кезектер пайда болгон.

Буга чейин коронавирус пандемиясынын кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссия үчүнчү протокол бир айдан ашык кечигип чыкканын, анын айынан керектүү дары-дармек Кыргызстанга өз убагында келбей калганын билдирген. Ал протоколдо вируска каршы дары-дармектердин саны кыскартылып, канды суюлта турган препараттар киргизилген.

Күмөндүү дары-дармек, миллиондогон акча айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Азаттык" радиосу жакында "Көмүскөдөгү дары бизнеси" деген иликтөөсүн жарыялаган.(TSh)

XS
SM
MD
LG