Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Өзбекстан коронавируска каршы вакцинаны каттады


Өзбекстан 1-мартта коронавируска каршы биринчи вакцинаны каттады. Вакцинаны кытайлык "Zhifei Longcom Biopharmaceutical" компаниясы иштеп чыккан. Сыноолорго жана клиникалык изилдөөгө активдүү катышканы үчүн Өзбекстан авторлордун бири катары таанылды. Рекомбинанттык вакцина ZF-UZ-VAK 2001 деген аталыш менен сатыкка чыгат.

“Кытай тарап алты айдан ашык вакцинаны изилдөөгө катышканы үчүн Өзбекстанды авторлош деп тапты. Вакцинаны Өзбекстанда өндүрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Кытайдын талаптарына жооп берген лабораториялар, фармацевтикалык компаниялар болушу керек”,-деп билдирген Өзбекстандын инновациялык өнүктүрүү боюнча министрлигинин өкүлү.

Өзбек бийлиги бул вакцина коронавирустун жаңы түрлөрү үчүн эффективдүү экенин кабарлады.

Буга чейин Өзбекстан орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG