Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Парламент комитети Конституциянын жаңы долбоорун колдоду


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2-мартта талкуулап, жактырды.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү "Азаттыкка" ырасташты.

Парламенттин сайтында комитеттин жыйыны 10 мүнөттөй түз ободо берилип, кайра көрсөтүлбөй калды.

Эми долбоор 3-марттагы жалпы сессияда биринчи окууда каралат.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети көрүлүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG