Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

УКМК: Каржы полициясынын кызматкерлери 180 млн. сом пара алышкан


УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөн 59,5 млрд. сомдун тийиштүү салыгын төлөбөй сыртка чыгаруу ишине шектүү катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Н. кармалганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык Финансы полициясынын кызматкерлери башка жарандар менен бирге кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана ири өлчөмдөгү каражаттарды чыгарып кетүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

УКМК бул схема менен 2020-жылдын март айынан октябрга чейин Кыргызстандан 59,5 миллиард сом сыртка чыгарылып, андан 500 млн. сомдон ашык казынага түшө турган салык алынган эмес деп билдирүүдө. Атайын кызмат финансы полициянын кызматкерлерин бул кылмышты жашыруу үчүн схеманы түзгөндөрдөн 180 миллион сом өлчөмүндө пара алган деп шек санап жатат.

Учурда бул факт Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

“Азаттык” радиосу бир нече массалык маалымат каражаттары менен бирге сыртка мыйзамсыз ташылган акча жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялап келет. Алардын биринде Түркияда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндө өзүн журналисттерге «акча адалдоочу адис болгом» деп тааныштырып, Кыргызстандан кеминде 700 миллион доллар адалдап кеткенин билдирген.

Акча негизинен Кыргызстан аркылуу жүк ташуу бизнесин жүргүзгөн Хабибула Абдукадыр аттуу кишиники экенин, бажы кызматындагылар Абдукадырдын бизнесин калкалап турганы үчүн тийиштүү каражаттарды алышканын айткан. Мунун негизинде Саймаити өз көзөмөлү астында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго Абдукадырдын буйругу менен ири суммада акча которушканын кабарлаган. Журналисттик иликтөөдө Абдукадыр менен Матраимовдун бир нече байланышы, анын ичинде Дубайдагы бизнес өнөктөштүгү ашкереленген.

Матраимовдун үй-бүлөсү бул иликтөөнү четке кагып, журналисттерди сотко берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG