Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Кыргыз-казак президенттери биргелешкен кайрылуу кабыл алышты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан шаары. 2-март, 2021-жыл.

Нур-Султан шаарында 2-мартта кыргыз-казак президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушуп, өз ара кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Токаев Жапаров менен чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын, анда мындан аркы алаканын багыттары аныкталганын билдирди.

Эки мамлекеттин ортосунда бир чечимге келе албаган маселе жок экенин белгиледи.

“Биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик”, - деди Токаев.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экенин, кызматташтык үчүн конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.

Мамлекет башчылары жолугушуудан кийин биргелешкен кайрылуу жасашты. Анын тексти президенттин сайтына жарыяланды. Анда эки мамлекет ортосундагы коңшулук мамилени өнүктүрүүдө Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролу, Борбор Азиядагы биримдикке кошкон салымы белгиленген.

Тараптардын тыгыз кызматташтыгы улантылаары айтыллган. Билдирүүнүн толук текстин бул жактан окуңуз.

Жапаров Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен 2-мартта барды.

Бул – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыш.

Казакстан Кытай жана Орусиядан кийинки Кыргызстан эң көп соода жүгүрткөн өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле кыргызстандык мигранттар эң көп эмгектенген (2018-жыл - 35 миң мигрант) экинчи өлкө. Кыргызстан да, Казакстан да Москванын таасири күч Евразия экономикалык биримдигине мүчө. (TSh)

XS
SM
MD
LG