Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик сапары башталды


 Президент Садыр Жапаров Нур-Султандагы аэропортто. 2-март, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров Нур-Султандагы аэропортто. 2-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жапаровду аэропорттон Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов ардактуу кароолдун коштоосунда тосуп алышты.

Сапардын жүрүшүндө Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулай турганы расмий кабарланды.

Казакстандын мурдагы пезиденти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген.

Бул - быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары. Буга чейин ал Орусияга алгачкы иш сапар менен барып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG