Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

БШК: Шаардык кеңештерге 59 партия талапкерлердин тизмесин сунуштады


Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 1-мартта аяктады.

Борбодук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2-марттагы маалыматына ылайык, 11-апрелде өтө турган шайлоодо 28 шаардык кеңешке 59 партия талапкерлерин сунуштады. Мунун ичинен 27 партия Бишкек шаар кеңешине, Каракол шаардык кеңешине 18, Балыкчы шаар кеңешине 14, Талас шаардык кеңешине 11, Баткен, Кант жана Ош шаар кеңештерине ондон партия, Кызыл-Кыя шаар кеңешине 12, Кадамжай шаар кеңешине 11, Исфана, Кемин жана Нарын шаардык кеңештерине тогуздан, Айдаркен, Өзгөн жана Сүлүктү шаар кеңештерине сегизден, Кара-Көл, Чолпон-Ата жана Шопоков шаардык кеңештерине жетиден, Кайыңды шаар кеңешине 6, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Кербен, Майлуу-Суу, Ноокат, Орловка жана Токмок шаардык кеңештерине бештен, ал эми Көк-Жаңгак шаар кеңешине үч саясий партия талапкерлерин көрсөткөн.

Бул 28 шаар кеңешиндеги шайлоолорго катышуучу 59 партиянын ичинен "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы 21 шаардагы шайлоого катышат. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы 17, "Замандаш" саясий партиясы 16, “Ыйман-Нуру” саясий партиясы 15, “Ынтымак” саясий партиясы 14, “Социал-демократтар” саясий партиясы 13, "Республика" саясий партиясы он эки шаардагы шайлоого катышат.
Ошондой эле 11 шаардагы шайлоого “Эмгек” саясий партиясы, 10 шаардагы шайлоого эки саясий партия - "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуу Журт", алты шаардагы шайлоого "Бирге-Вместе" саясий партиясы катышат.

Үч саясий партия: “Ишеним”, “Кыргызстан” жана “Тынчтык” беш шаардагы шайлоого катышат. Төрт шаардагы шайлоого беш саясий партия: “Бир-Бол”, “Жаңы-Доор”, “Ата-Журт, “Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы” жана “Патриот ынтымагы” катышат.

Жети саясий партия: "Аманат", "Мекен Ынтымагы", "Нур", "Улуттар Биримдигинин Элдик партиясы", "Ордо", "Табылга" жана "Чоң-Казат" үч шаардагы шайлоого катышат.

Бир эле учурда эки шаарга 10 партия көрсөтүлгөн. Алар: “Мурас”, “Айкөл-Кыргызстан”, “Асман Ала-Тоо”, “Ата-Мекен”, “Бийлик элге”, “Кыргызстан Жашылдар партиясы”, “Кыргызстан Коммунисттер партиясы”, “Реформа "," Кыргызстан социалисттик партиясы "," Улуу Кыргызстан” партиялары.

“Улутман”, “Акшумкар”, “Калк Ынтымагы”, “Энергетиктер”, “Адилет”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Ак-Бата”, “Ала-Тоо-Кыргыз жери”, "Бүткүл Жаштар", "Калыс", "Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы", "Элдик партия", "Биздин эл", "Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясы" , "Патриот", "Тандоо Эркиндиги", "Тилектештик", "Эл биримдиги", “Элдик Народная", “Асыл Мурас-Жаштар", "Күчтүү Коом ", "Столица ", "Тазалык" партияларынын талапкерлиги бир гана шаарга көрсөтүлөт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу мыйзамдар боюнча, аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күн ичинде талапкерлердин тизмесин текшерет. Шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесинен мүчүлүштүктөрдү тапса, документтерди алгандан кийинки 24 сааттын ичинде саясий партияга ал жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирүү алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоого чейин 30 календардык күн калганда, 2020-жылдын 12-мартына чейин аяктайт.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Үгүт өнөктүгү 12-марттан 10-апрелге чейин болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG