Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

АКШ менен Евробиримдик Орусиянын төрт аткаминерине санкция киргизди


Алексей Навальный (Фото архивден)
Алексей Навальный (Фото архивден)

АКШ менен Евробиримдик 2-мартта оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына жана камалышына байланыштуу Орусияга каршы аракеттерди макулдашты.

1-мартта европалык дипломаттардын арасындагы булактар билдиргендей Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Кремлдин келишкис сынчысынын камалышына тиешеси бар Орусиянын сот системасындагы жана укук коргоо органдарындагы жогорку даражалуу төрт аткаминерге санкция киргизүүнү жактырышты.

Санкцияга туш болгондор Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов, башкы прокурор Игорь Краснов жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников болушу мүмкүн.

Батыштын бир нече лабораториясы бышыктагандай, оппозициячыл саясатчы нервди шал кылуучу «Новичок» химиялык заты менен ууландырылган. Навальный аны орус президенти Владимир Путиндин буйругу менен ууландырышканын айтып келет, Кремль мындай дооматтарды четке кагууда.

Навальныйдын өзү 2014-жылдагы иши боюнча быйыл февралда 2,5 жылга абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG