Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Евробиримдик менен АКШ Орусияга санкция салды


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный. 20-февраль, 2021-жыл.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный. 20-февраль, 2021-жыл.

2-мартта Кошмо Штаттар жана Евробиримдик оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салышты.

2-мартта Вашингтон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминерине санкция салганын билдирди.

Мындай кадамга президент Жо Байдендин администрациясы чалгын кызматтары саясатчыны ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү турган деген «ишенимдүү тыянакка келгенден» кийин барды.

АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко, башкы прокурор Игорь Краснов, Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников жана башкалар илинди.

Вашингтон ошондой эле биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар 14 тарапка, анын ичинде тогуз коммерциялык ишканага экспорттук чектөөлөрдү киргизди. Ак үйдүн дагы бир өкүлү кийинчерек Кошмо Штаттар "SolarWinds" компаниясынын системасына жасалган кибер чабуул жана башка кыянатчылыктар үчүн Москвага каршы кошумча чараларды киргизерин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун санкцияларына Москва да тиешелүү жооп кайтарарын эскертти.

"Эч ким дипломатия эрежелерин четке каккан эмес. Ал эми дипломатиянын бир эрежеси бул өзүнө жараша жооп кайтаруу. Биз буга чейин бир нече ирет америкалык кесиптештер кабыл алган бир тараптуу мыйзамсыз санкциялар боюнча өз позициябызды билдиргенбиз. Ал эми Евробиримдиктин өкүлдөрү себеби бар болсо деле, жок болсо деле алардын артынан кайталай беришет"-деди министр.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 23-сентябрь, 2016-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 23-сентябрь, 2016-жыл.

АКШнын расмий өкүлдөрү билдиргендей, азыркы президент Жо Байдендин администрациясынын Орусияга карата мамилеси Москва менен жакшы алака түзүүгө аракет кылган Трамптын администрациясынан кыйла айырмаланат.

Ошол эле учурда Вашингтон Москва менен кызыкчылыктары дал келген маселелер боюнча иштешүүгө даяр экени маалым.

АКШнын билдирүүсүнөн бир аз мурда эле Евробиримдик төрт жогорку даражалуу орус аткаминерлерине санкция салганын жарыялаган.

Алар - Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов, башкы прокурор Игорь Краснов жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников.

Аталган аткаминерлер декабрда күчүнө кирген Евробиримдиктин адам укуктары жаатындагы жаңы санкцияларга алгачкылардан болуп кабылды.

Алексей Навальный Германиядан дарылануудан кайтып келери менен кармалган. Батыштын бир нече лабораториясы бышыктагандай, оппозициячыл саясатчы нервди шал кылуучу «Новичок» химиялык заты менен ууландырылган. Ал Сибирден Москвага учуп келатканда эсин жоготкон. Навальный аны орус президенти Владимир Путиндин буйругу менен ууландырышканын айтып келет, Кремль мындай дооматтарды четке каккан.

1-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттери Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырып, буга чейинки далилдер бул ишке орус өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн «катыштыгы бар экенин көрсөтүп жатканын» кошумчалашты.

Москва соту Навальный Германияда жүргөндө 2014-жылы ага карата козголгон иш боюнча шарттуу жазанын эрежелерин бузду деген айып менен февралда аны 2,5 жылга түрмөгө кескен.

Навальный өзү жана анын тарапташтары мындан жети жыл мурда «Ив Роше» компаниясы боюнча козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG