Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Орус бийлиги Навальныйдын түрмөгө которулганын ырастады


Алексей Навальный

Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тергөө абагынан түрмөгө которулганын ырастады.

Бул тууралуу федералдык кызматтын төрагасы Александр Калашников 26-февралда журналисттерге билдирди. Ал саясатчы кайсы түрмөгө которулганын тактаган жок.

Калашников Навальный кармалчу түрмөдө кадимки шарттар түзүлгөнүн жана анын өмүрүнө коркунуч жаралбасына өзү кепилдик бере турганын кошумчалаган.

44 жаштагы Навальный "Матросская тишина" тергөө абагына 19-январда соттун шашылыш чыгарылган чечиминен кийин камалган. Судья Германиядан дарылануудан келген Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган.

2-февралда сот Навальныйды 2014-жылкы иш боюнча алдамчылыкка айыптап, 3,5 жылга эркинен ажыраткан болчу. Адвокаттары жазган доо арызды Москва шаардык соту 20-февралда четке каккан. Тергөө абагында отурган мөөнөтү эске алынып, Навальный 2,5 жыл жабык мекемеде жазасын өтөмөй болгон.

Оппозициячыл саясатчы өзү жана анын тарапташтары бул ишти саясат менен байланыштырып келишет.

Евробиримдик Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга санкция киргизүүгө макул болду.

XS
SM
MD
LG