Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Укук коргоочу уюм: Жапаров эске алчу жагдайлар көп


Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи, 28-январь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи, 28-январь, 2021-жыл.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) укук коргоо уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, адам укуктарынын абалы боюнча бир катар сунуштарды берди.

Катта уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон Жапаровдун бийликке жаңы келгендеги билдирүүлөрүн эске салып, кыргыз бийлиги өз эрки менен кошулган эл аралык келишимдерди аткара турганына ишенерин белгиледи.

Каттын мазмуну тууралуу Хью Уильямсон “Азаттык” радиосуна курган маегинде да кененирээк айтып берди.

- Хью, сиз бүгүн президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, анда Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу бир топ маселелерге көңүл бурдуңуз. Алгач мындай катты азыр жолдоого түрткү берген жагдайларды түшүндүрүп бересизби?

- Бул “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) туруктуу колдонуп келе жаткан практика. Жаңы президент же өкмөттүн жаңы башчысы ишке киришкенде адам укуктары жаатында кайсы маселелерге артыкчылык бериши керек экенин айтабыз. Биз муну көп өлкөлөрдө колдонобуз.

Кыргызстандын буга чейинки президенттерине, анын ичинде Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы ишке киришкенде, ага да кат жолдогонбуз. Андыктан бул адаттан тыш жагдай эмес. Биз алдыдагы жылдарда президент көңүл бурушу зарыл деген маселелерди белгилеп койгонду маанилүү деп эсептейбиз.

- Сиз президентке жолдонгон катыңызда Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүнөн тарта сөз эркиндигине жана 2010-жылдагы июнь окуяларына чейинки бир нече маселени белгилеп өттүңүз. Аларды корутундулай турган болсок, президент Садыр Жапаров алдыдагы жылдарда адам укуктарына байланыштуу кайсы маселелерге артыкчылык бериши керек?

- Сиз айткандай, адам укуктарына байланыштуу бир топ маселелер бар. Алардын айрымдары фундаменталдуу көйгөйлөр. Биз Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу саясий жараяндарга көңүл бурдургубуз келет.

Биз учурдагы парламент “убактылуу кам көрүүчү гана парламент экенин”, Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык стандарттарга ылайык, мындай парламент конституциялык реформа сыяктуу узак мөөнөттүк чечимдерди кабыл албашы керек экендигин белгиледик.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон.
"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсон.

Мындан тышкары коронавируска байланыштуу маселелер бар. Биз өкмөттү келечекте жарандардын саламаттыгын, өзгөчө аялуу топтордун саламаттыгын коргоого көңүл бурууга чакырдык. Кыргызстанда коронавирустун жайылуу деңгээли төмөн болсо да, бул маселе дагы деле тынчсыздануу жаратып келет.

Жапаров 2010-жылдагы окуяларга жана укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өткөн жылы абакта каза табышына байланыштуу тарыхый маселелерге да көңүл бурушу керек деп эсептейбиз. Укук коргоочу абакта кандайча каза болгону көз карандысыз иликтөөгө алынышы кажет.

Өзгөчө Кыргызстанда басма сөз эркиндигин камсыздоого да көңүл бурдук. Албетте, өлкөдөгү медиа айдың жана жарандык коом жигердүү. Бирок алар корголушу керек. Келечекте Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанда жарандык коомдун орду болушу зарыл.

Мындан тышкары биз майыптыгы бар адамдардын укуктары, үй-бүлөлүк зомбулуктун, анын ичинде аялдарга каршы зомбулуктун күчөшү сыяктуу конкреттүү маселелерди баса белгиледик.

Ошондой эле көз карандысыз кесиптик кошуундардын маселесине токтолдук. Себеби, 2020-жылдын август айынан бери Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердиги кайсы бир деңгээлде чектөөгө кабылат. Биз буга тынчсызданып турабыз. Президентке жолдогон катта биз ушул маселелер тууралуу сөз кылдык.

- Конституциялык реформа тууралуу айтып кеттиңиз. Бул багытта процесс эбак эле башталганы белгилүү. Парламент Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгууну көздөп турат. Мындай кырдаалда сиздер президенттен кандай конкреттүү кадамдарды күтөсүз?

- Жапаров мырзаны өлкөнүн азыркы Баш мыйзамына жана Венеция комиссиясы сыяктуу тараптардын сунуштарына көңүл бурууга үндөп жатабыз. Юридика тармагындагы беделдүү эл аралык орган болуп саналган Венеция комиссиясы “Конституциянын жаңы долбооруна чейин жаңы парламент шайланып келсе жакшы болмок” деген корутундусун жарыялаган. Ошондой эле “жаңы Баш мыйзамды жаңы парламент даярдаса, көбүрөөк легитимдүү болмок” деп билдирген.

Мындай болбой жатканын көрүп турам. Бирок биз президенттин көңүлүн туура нуктагы Конституцияны өзгөртүү процесси кандай болоруна бурдургубуз келет.

Ошондой эле президентти жана жаңы өкмөттү Кыргызстандагы маанилүү юридикалык топтордун Баш мыйзамдын долбооруна байланыштуу талдоолоруна жана сунуштарына көңүл бурууга чакырабыз. Алар долбоордун кемчиликтерин жана андагы адам укуктарына байланыштуу маселелерди аныкташкан.

Ошондой эле долбоор Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттемелерине шайкеш келиши үчүн апрель айындагы референдумга шашылбай, Баш мыйзамдын долбоорун даярдоого көбүрөөк убакыт бөлүүгө үндөйбүз.

- Президент Садыр Жапаров сөз эркиндигин коргоо сыяктуу адам укуктарына байланыштуу айрым убадаларды бергени белгилүү. Укук коргоо багытында, анын ичинде сиз катыңызда белгилеген маселелерге байланыштуу Кыргызстандын жаңы жетекчилигинен кандай сигналдарды алып жатасыздар? Алгачкы кадамдарга кандай баа бересиздер?

- Азырынча бул тууралуу сөз кылууга эрте. Биз катыбызда жазганыбыздай, ал инаугурациясында жана ага чейин да бир катар жакшы сөздөрдү айткан. Ал өзү сөз кылган ошол эл аралык стандарттарды карманат деп ишенебиз.

Биз айтып өткөндөй, ал колдоо көрсөтүп жаткан Конституциянын жаңы долбоору адам укуктары боюнча стандарттарга кыйла эле шек келтирет.

Бул анын президент катары ишмердигинин маанилүү бир бөлүгүн түзөт. Андыктан Конституциянын долбоорун кабыл алуу жараяны адам укуктарын сыйлаган шартта ишке ашат деп үмүт кылабыз.

Биз өлкөдө адам укуктарынын стандарттарын сактоо үчүн өкмөт жана Кыргызстандагы жарандык коом менен иштешүүгө даярбыз. Алдыңкы айларда өлкөдө адам укуктарын сыйлаган күн тартиби түзүлөт деген илгери үмүтүбүз бар.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG