Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Турсунай: Лагерде зордуктоого туш болдум


Турсунай Зияудун. 20-февраль, 2020-жыл.

Шинжаңдан качып чыккан аялдар “лагерде” такай зордукталып, ур-токмокко, кыйноого кабылышканын Би-Би-Сиге айтып беришти. АКШнын Мамдепартаменти бул боюнча “терең тынчсыздануусун” билдирип, Бээжинди айыптады.

Турсунай Зияудун Кытайдын Шинжаң аймагындагы лагерде тогуз ай камакта болгон. Бул убакыт ичинде беткапчан эркектер аны үч жолу зордукташкан. Зияудундун айтымында, түн ортосунда жарандык кийимчен адамдар бир аялды камерасы жок “караңгы бөлмөгө” алып кетишчү. Турсунай өз башынан өткөндөрдү эстегиси да келбейт. Ал зордуктоодон тышкары ур-токмокко жана кыйноого кабылган.

Ал эми Гүлзира Ауэлхан Турсунайдай болгон аялдарды “караңгы бөлмөгө” даярдачу.

«Мен аялдардын кийимин чечип, колдорун кыймылдай албагандай кылып кишендеп бөлмөгө калтырып кетчүмүн. Андан кийин тыштан бир кытай жаран же полиция кызматкери кирчү. Мен эшиктин жанында унчукпай күтүп турчумун. Эркек бөлмөдөн чыккандан кийин аялды жуунучу жайга алып барчумун»- деген уйгур келин анын ал убакта башка аргасы болбогонун кошумчалайт.

Гүлзиранын айтымында, кээ бир аялдар ал бөлмөдөн чыкпай калган учурлар болгон. Чыккандардан болсо башкаларга «караңгы бөлмөдө» эмне болгону тууралу үн катпоону талап кылышчу. Ауэлхан лагердеги аялдар такай зордуктоого туш болушканын ырастады.

Лагердеги мусулман аялдар дайыма зордукталып турганын ал жакта кытай тилинен сабак берип иштеген мугалим да бышыктады. Анын айтымында, аялдарды зордуктоо маалында электроток менен кыйнашчу.

Дагы бир окутуучу лагердеги полициячылар кезектешип 20 жаштагы кызды зордукташканына өзү күбө болгонун айтып берген.

Маалым болгондой, Шинжаңдын Кунес деген аймагында жайгашкан лагерде аялдарды тукумсуз кылуу үчүн ар кандай медициналык эксперименттерди жасашчу. Ошондой эле аялдарды ар кандай дары-дармектерди ичүүгө жана анализ тапшырып турууга мажбурлашкан. Ар 15 күн сайын белгисиз бир “вакцина” сайышчу.

Учурда Турсунай АКШда жашайт. Ал лагерден бошонору менен Казакстанга качып чыккан. Ал жактан Уйгур укук-коргоо долбоорунун жардамы менен Кошмо Штаттарга чыгып кеткен. Турсунай баш калка алууга документтерин тапшырып койгон. Учурда ал Вашингтон шаарынын жака белинде жергиликтүү уйгур аялдардын бириникинде турат. Зияудун үйдө болгондо кечкисин да светти өчүрүп коёт, анткени лагерде ар дайым күйүп турчу.

Америкага келгенден бир жума өтпөй операция аркылуу жатынын алдыртууга аргасыз болгон. Аялдын ден соолугуна лагердеги кыйноолор кедергисин тийгизген.

“Эне болуудан калдым”,-деген Турсунай азыр Казакстандагы жолдошун күтүп жатат.

АКШнын Мамдепартаменти айыптады

АКШнын Мамлекеттик департаменти 3-февралда Вашингтон Шинжаң аймагындагы лагерлерде такай зордукталып, сексуалдык ыдык көргөн мусулман аялдары боюнча «терең тынчсыздануусун» билдирди.

Мамдепартаменттин «Азаттык» радиосуна жиберген электрондук катында «мындай жырткычтык акылга сыйбайт, анын кесепети оор болушу керек», - деп жазылган.

Ошондой эле катта Кытай «адамзатка каршы кылмышка жана геноцидге барганы» үчүн дагы бир ирет айыпталган. Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Би-Би-Синин маалыматында «эч кандай факт жок экенин» билдирди. Ал лагердеги окуяларды айтып берген адамдар «жалган маалыматтарды таратып жатышканы» көп ирет далилденгенин кошумчалады.

Олимпиаданы бойкоттоого чакырык

3-февралда 180 укук коргоочу уюмдан турган коалиция ачык кат жарыялап, 2022-жылы кышында өтө турган Олимпиада оюндарын бойкоттоого чакырышты. Андан мурдарак АКШдагы сенаторлор тобу, Бээжиндин уйгурларга жасаган мамилеси, Гонконгдогу адам укуктарын бузганы, Тайвандын дарегине жасаган коркутуулары үчүн 2022-жылы өтө турган кышкы Олимп оюндарын өткөрбөө боюнча резолюция сунушташты.

«Коммунистик Кытайга концентрациялык лагерлерди тескеп, адам укуктарын бузуп, Гонконгдун элин кордоп, ошол эле маалда 2022-жылкы Олимп оюндарын өткөрүүгө уруксат берилбеш керек»,-деп жазылат сенатор Рикк Скоттун билдирүүсүндө.

“Франц-пресс” агенттиги жазгандай, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбин “Оюндардын өтүшүн үзгүлтүккө учуратуунун саясий мүдөөсү бар” экенин айтып, мындай аракеттерди жоопкерчиликсиз деп атады.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, кеминде бир миллионго чукул мусулмандар, басымдуу көпчүлүгү уйгурлар аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG