Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Майыптыгы бар айымдар да эне болууга акылуу


Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйлөрү тууралуу онлайн сабактын сүрөтү.
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көйгөйлөрү тууралуу онлайн сабактын сүрөтү.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды коргоо, башка атуулдар менен бирдей экономикалык, жарандык, саясий, эркиндикке болгон укугун камсыздоо – мамлекеттик саясаттын бирден-бир маанилүү багыты болуп саналат.

Бул үчүн Баш мыйзамда атайын беренелер каралып, Кыргызстан адам укуктары жаатына байланыштуу эл аралык келишимдерге кол койгон.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган майыптыгы бар адамдардын укугу боюнча конвенцияга ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү кишилер жашоонун бардык тармактарында өз укугун коргоого, ишке ашырууга акылуу жана алар социалдык кызматтарды башка атуулдардай эле тең укукта алышы керек.

Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы жыйынынын 2011-жылдын 21-сентябрында өткөн 66-отурумунда майыптыгы бар адамдардын укугуна байланыштуу Конвенцияcына кирген. 2019-жылдын 14-мартында бул Конвенцияны Бишкек ратификациялаган.

Муну менен Кыргызстан майып адамдарды күнүмдүк жашоого толук кнегизде аралаштыруу, алардын ыңгайы үчүн инфратүзүмдү камсыздоо, бардык укук жана эркиндигин сактоого милдеттердирилди.

Саламаттык

Конвенцияга мүчө мамлекеттер майыптыгы бар адамдар ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелбеши керектигин, кодулоого учурабашын жана саламаттыгын чыңдашын кепилдикке алат.

Майып адамдар өлкөдө жеке инсандык өзгөчөлүгүнө жараша саламаттык сактоо кызматтарын толук алууга жана ден соолугун калыбына келтирүү кызматтарынын тейлөөсүнөн пайдаланууга укуктуу. Бул үчүн мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелүү кишилерге карата төмөндөгүдөй милдеттемелерди алган.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын саламаттыгын сактоодо башка жарандардай эле алардын укугун камсыздап, акысыз же арзандатылган кызматтарды саламаттыкты сактоо боюнча программаларга киргизип, жыныстык жана тукум улоочу саламаттыкты коргоодо да мамлекет тарабынан кепилдикке алынган программалардан пайдалануусу үчүн шарт жаратуу зарыл.

2015-жылдын 4-июлунда кабыл алынган «Атуулдардын тукум улоочу саламаттыкка болгон укугу жана аларды ишке ашыруу боюнча кепилдиктер» аттуу мыйзамдын 25-беренесинин «А» пунктунда мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин тукум улоочу саламаттыкка болгон укугу, бул багытта сапаттуу медициналык тейлөөгө алынуусу, бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыз болуусу, балдардын саны жана төрөлүү мөөнөтү, никеге байланыштуу чечимдерди кабыл алуудагы эркиндиги, эне менен баланын саламаттыгына байланыштуу дээрлик бардык жагдайлар жазылган.

Кыргыз Өкмөтү майыптыгы бар кыз-келиндердин социалдык жактан корголуусун көздөө максатында 2015-жылдын 20-ноябрында №790 буйрук чыгарып, мында алардын медициналык-санитардык жактан жардам алуусунун, амбулатордук жана стационардык негизде тейленишинин тартиби бекитилген.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сергек жашоо бейнесин калыптандыруу, дарыгердин кеңешин алуу, үй-бүлөнү пландоо боюнча тийиштүү кеңеш берүүчү адистерге баруу сыяктуу медициналык кызматтар акысыз камсыз кылынат.

Төмөндө бул кызматтардын айрымдарын санап өттүк.

  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 1-2- топтогу майыптыгы барлардын жалпы саламаттыгы акысыз каралат;
  • Угуу, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер;
  • Бала чагынан ден соолугунда чектөөсү барлар;
  • 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар амбулатордук, стационардык деңгээлде жашаган жеринде каттоосу бар болсо, өз жеринде акысыз кызмат ала алат.

Бирок жергиликтүү каттоосу жок адамдар, өздөрүнүн майыптыгынын жагдайына карабастан, ооруканада белгиленген баада акы төлөп гана медициналык кызмат ала алышат.

Андыктан ар бир атуул өзү жашап жаткан аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна каттоого туруп, саламаттыкты сактоо, ошондой эле тукум улоочу саламаттыкка байланыштуу медициналык кызматтарды акысыз же жеңилдетилген баада алышы керек.

Ошондой эле Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 2015-жылдын 8-апрелиндеги 170-буйругуна ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 1-2-3-топтогу майыптар пенсиялык социалдык төлөм албаса, анда алар тобокел топко киргизилип, бюджеттен аларга күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн бойго бүтүрбөөчү каражаттар алынат.

Акыркы эки жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги тобокел топтогу майыптыгы бар айымдарга гормоналдык контрацептива сатып алып, бекер таркатып берүүдө. Мындан тышкары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана борборлору мындай аялдарга жатынга коюлуучу спиралдарды да сала алат.

Ар бир мүмкүнчүлүгү чектелүү айым өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылып, гормоналдык контрацептива дарыларын же жатынга коюлуучу спирал тууралуу кеп-кеңеш алганга укуктуу, себеби үй-бүлөөнү пландоо ар инсандын өз эрки менен тандоосуна жараша гана ишке ашат. Буга кошумча, төрөттөн кийин 48 сааттын ичинде жатынга спирал салдырууга азыр толук мүмкүн болуп калды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санариптик саламаттык борборунун 2019-жылдагы расмий статистикалык маалыматына караганда, мүмкүнчүлүгү чектелүү 99 679 киши каттоодо турган. Алардын ичинен 17 жашка чейинкилери 27 312 өспүрүм.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, жылына бир жолу үй-бүлөлүк медицина борборлоруна мүмкүнчүлүгү чектелүү 2-2,5 миңдей адам кайрылып, каттоого алынып турат. Маселен, 2017-жылы 95 177 майып киши каттоого алынса, 2018-жылы бул сандык көрсөткүч 97 070 кишиден турган.

Кырдаалды баалоо жана изилдөөлөр кандайча жүрдү?

БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча конвенциясынын шарттарынын Кыргызстанда аткарылышынын деңгээли майыптар жана жарандык коомдун мүчөлөрү катышкан жумушчу топ тарабынан изилденди жана бул топ өдкөдө жүргүзүлгөн иш-аракет түрлөрү жаатында төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарды:

  • Коомдук уюмдар, кызыкдар тараптар менен майып адамдардын кызыкчылыгына байланыштуу кеңешмелерди кеңири тартипте өткөрүү;
  • Майыптыгы бар балалуу үй-бүлөнү, ата-энелерди сурамжылоо;
  • Кыргызстандагы майыптык боюнча изилдөөлөрдүн топтому;
  • Майыптыкка байланыштуу мыйзамдардын кыскача текшерилүүсү;
  • Коомчулукта майыптарга шарттардын түзүлүшүн баалоо;
  • Майыптыгы барларга кызмат көрсөткөн мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн сурамжылоо;
  • Бул маселени ар түрдүү тараптар (мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, эл аралык корлор, жергиликтүү коомчулук) менен тегерек үстөлдөгү талкууга алып чыгуу.

Жогоруда саналган иш-чаралардан соң конвенциянын акыркы эки жылда өлкөдө аткарылуусун тармактар аралык жумушчу топ канааттандырарлык эмес деп таап, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык жана башка укуктарын коргоо жаатында жетиштүү иш-аракеттер болбогондугун аныктады. Майыптар үчүн маалымат алуу, байланыш технологиялары, көчөдө жүрүү жана кошумча көмөкчү шарттар өлкөдө түзүлбөгөнү айгинеленди.

Көмөкчү техникалык каражаттарды майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик бюджеттин эсебинен алып беришпестен, алар бул каражаттарды өз чөнтөгүнөн же коомдук, менчик уюмдар, эл аралык фонддордун көмөгү менен алышууда. Муну менен эле чектелбестен, айрым жабдуулар техникалык жактан бузулуп калган учурларда, аларды оңдоо, диагностика, бөлүктөрүн табуу сыяктуу түйшүктөр мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктарды азапка салууда.

Тилекке каршы, майып кишинин өз алдынча тиричилигин жүргүзүүсүнө багытталган медициналык же социалдык тейлөө кызматына камсыз болуу укуктары иш жүзүндө эч сакталбай, чоң көйгөй болууда.

Көптөгөн медициналык мекемелердин имараттары майып кишилердин кирип-чыгуусуна эч ыңгайлуу эмес, тиешелүү техникалык шарттар (пандустар, атайын лифттер ж.б.) каралган эмес.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү айымдардын акыбалын баалоого багытталган жолугушуулардан айгинеленгенлей, алар акысыз медициналык кызмат, жеңилдетилген баадагы кароолор тууралуу мыйзамдык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө эч маалыматы жок болуп чыкты.

Айрыкча алар үй-бүлөнү пландоо, күтүүсүз кош бойлуу болуп калуунун алдын алуу, жыныстык жол аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар жана ВИЧ инфекциясынын профилактикасы, аборт, кош бойлуу кезде каттоого туруу, төрөтканадагы медициналык жардам сыяктуу акысыз, мамлекет тарабынан кепилдике алынган жардамдар боюнча да дээрлик кабарсыз болуп чыгышты.

Тасма. Тоң райондук соту 2020-жылы 11-декабрда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эки кишини актаган.

Мындай кыз-келиндер коомдук жайларда, менчик тармактардагы иш орундарында абдан көп кыйынчылыктарга тушугуп келишет. Маседен, алар билим алуу, саламаттык сактоо, ишке орношуу үчүн кесиптик-техникалык даярдыкка ээ болуу сыяктуу багыттардагы өздөрүнүн негизги укуктарын коргой албай келишет.

Кыргызстанда майыптыгы бар кыз-келиндерди бөлүп жаруу, кемсинтүү сыяктуу учурлар коомдо көп кездешип жатат жана, ал тургай, бул айымдар жыныстык зомбулук, зордуктоого да кабылышууда.

Кыргызстанда майыптыгы бар аялдардын тукум улоочу саламаттыкка байланыштуу көйгөйлөрүн, төрөт маалындагы өлүм санын, алардын балдарынын ден соолугу менен өлүм санын эсептөө жана комплекстүү изилдөө дээрлик жүргүзүлгөн эмес.

Ошондой эле азыркы тапта майыптыгы бар кишилер менен иштешүүгө, алардын укуктарын коргоого белсенген адистердин, саясатчылардын жана башка демилгелүү ыктыярчылардын БУУнун конвенциясына байланыштуу укуктук билимин арттыруу жана коомдук тажрыйбасын байытуу жаатындагы иш-аракеттер эми гана акырындап жандана баштады жана бул жүрүмгө мүмкүнчүлүгү чектелген кишилердин өздөрү да тартылып жатат.

Өлкөдө ар кыл коомдук уюмдардын демилгеси менен анда-санда эле тренингдер болуп турат. Бирок алар да кайсы бир долбоордун алкагында эле ишке ашкандыктан, системалуу түрдө атайын иш-чаралар дээрлик жүргүзүлбөй келет.

Тасма. "Үй-бүлөнү пландоо альянсынын" жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева, БУУнун Калк фондунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Үй-бүлөнү пландоо боюнча улуттук координатор Элмира Максүтова "Азаттыктын" студиясында. 2018-жылдын 29-июлу.

Кырдаалдын бааланышынын жыйынтыктары изилдөө алып барган авторлордун жана башка изилдөөчүлөрдүн уруксаты менен жарыяланды.

Бактыгүл Бозгорпоева,

тукум улоочу саламаттык боюнча адис.

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018 2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG