Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Жыныстык тарбиянын жоктугу улутка зыян


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаштар деген топко 14 жаштан 28 жашка чейинки адамдар кирет, ал эми мыйзамдуу эрезеге жетүү курагы өлкөдө 18 жаш болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаштар деген топко 14 жаштан 28 жашка чейинки адамдар кирет, ал эми мыйзамдуу эрезеге жетүү курагы өлкөдө 18 жаш болуп саналат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 10 жаштан 19 жашка чейин өспүрүм курак болуп эсептелет. Бул маалда адамдын денеси өзгөрүп, акыл-эси, ой жүгүртүүсү өзгөрөт.

Заманбап медицинадагы орчундуу проблемалардын бири – жаштардын тукум улоочу ден соолугун сактап калуу.

Себеби, жаш муундар турмуш курууга чейинки үй-бүлөнү пландоо сыяктуу түшүнүктөрдөн кабарсыз калгандыктан жыныстык жашоону эрте баштоо, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштыруу өңдүү көрүнүштөр орун алып, бойдон алдыруу көп катталууда.

Тукум улоочу саламаттык – адамзаттын өнүгүшүнүн өзөгүн түзүп, жалпы саламаттыктын баштапкы бир бөлүгү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө жаштардын тукум улоочу саламаттыгы менен жыныстык сабаттуулугу биздин коомдун келечегинин аныктайт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылга карата жаштардын саны 1,6 миллионго жетип, жалпы калктын 27% түздү.

Жаштардын тукум улоочу саламаттык боюнча билиминин аздыгы жана маалыматтын жетишсиздиги орчундуу көйгөй болууда. Билим берүүчү мекемелерде сергек жашоо образына байланыштуу маалыматтык программа, сабактар киргизилген. Анда өспүрүмдөргө тукум улоочу саламаттык жана жыныстык жактан өзүн туура алып жүрүү боюнча маалымат берилет. Бирок баса белгилеп кетүүчү жагдай, бул программага берилген сааттар өтө аз жана педагогдордун сабакка даярдыгы жетишсиз.

Кыргызстандагы жаштардын тукум улоочу саламаттык жаатындагы талаптарын баалоонун натыйжасында өспүрүмдөр арасында жыныстык жашоого тиешелүү маалымат жетишсиз экени аныкталды.

Кыздардын басымдуу бөлүгүндө аялзатынын репродуктивдик саламаттыгы, бойдо бүтүрбөөчү каражаттар жана жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу тууралуу азын-оолак эле түшүнүгү болбосо, жетиштүү маалыматы жок.

Моңолов: Жыныстык жактан алсыз эркек орой болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:08 0:00
Түз линк

Жаш муун жыныстык жашоону – кызыгуу, сүйүп калуу же өнөктөшүнүн ашыкча талап-аракети менен эле баштап жатат. Биринчи жыныстык катнаш адатта пландалбаган, эч кандай бойго бүтүрбөөчү каражатты колдонбой эле, ал тургай мас абалында, же маңзат чегип алган учурда болуп жатат. Коргонуучу каражаттарды колдонбоого жаштарды билимсиздик, маалыматтын жетишсиздиги, тигил же бул коргонуучу дары-дармектин ден соолукка зыяны тийиши мүмкүн деген кооптонуу түртүүдө.

Мындан тышкары жаш кыздар «менин эч качан боюмда болбойт» деген жалган ишенимге байланып алышып, натыйжасы оор болууда.

Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы бойго жете элек кыздардын жыныстык жашоону баштап, кош бойлуу болуп калышына жана төрөшүнө бир нече себептер бар экенин көрсөттү.

Биринчиден, айрым кыздар жыныстык мамилени таңуулаган өнөктөшүнө жок дей алышпайт, аны жоготуп алуудан коркот.

Кээде айрым кыздар убакыт-маалы келди дешип, курбуларынын арасынан бул багытта өзүн көрсөтүү, жогору туруу үчүн да барышат. Мындайда алар өнөктөшүн өзү тандап, жигитти көндүрүшөт. Ал эми кээ бир учурда кыз-жигит сүйлөшүп, жолугуп жүрүп, болочокто үйлөнөбүз деген кыялга алданышат.

Ушундан улам кыз кош бойлуу болуп калуудан коркпойт, себеби жигити аны таштап кетпейт деп ишенет. Айрым кыздар жыныстык жакындашууга өнөктөшүн коркутуп, материалдык каражат өндүрүү үчүн барганы да маалым болду.

Экинчиден, жогоруда саналган себептердин кайсынысы болбосун, кош бойлуу болуп калган бардык кыздар муну жашырып, жакындарынын, ата-энесинин реакциясынан коркушат. Алардын көбү бул көйгөйдү өз алдынча чечүүгө аракеттенет, түйүлдүктү алдыруу үчүн медициналык жайларга убагында кайрылбай, кечигип барышат. Атасыз төрөгөн дээрлик бардык кыздар коомдун кодулоосуна учурап, курбуларынан чыгып калат, көптөр кызды жаман үлгү катары сындашат.

Жасалган илимий сурамжылоонун негизинде, кызы өспүрүм жашта төрөгөн ата-энелер да буга нааразы, боюнан алдырууга аракет кылып, никесиз төрөттү үй-бүлөнүн аброюн булгаган көө катары кабылдашат.

Ушундан улам күтүүсүз кош бойлуулук жана аборттордун алдын алууда жаштардын коргонуу каражаттары, үй-бүлөнү пландоо боюнча толук кандуу билим алышы маанилүү.

Жаштар контрацептивалардын бардык түрүн пайдалана алат. Өспүрүмдүн жашына карай тигил же бул бойго бүтүрбөөчү каражатты чектеп, андан баш тартуу туура эмес.

Айыз жөнүндө ачык кеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:31 0:00
Түз линк

Контрацептива – бул күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алуучу каражаттар жана ыкмалар. Жеке эле бойго бүтүп калуудан коргобой, жыныстык саламаттыкты да сактап, келечекте дени сак баланы төрөөгө жардам берет. Заманбап түшүнүк боюнча, контрацептивалар жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын алдын алат. Жаштар айрыкча жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларга көп кабылган топ болуп саналат. Жаштарга контрацептивалар тууралуу маалымат берүүдө дал ушул жагдайды ийне-жибине чейин түшүндүрүү зарыл.

Контрацептиванын талаптары

Жаштарга сунушталган бойго бүтүрбөөчү каражаттар төмөндөгүдөй талаптарга жооп берүүсү зарыл:

  • Жогорку деңгээлде эффективдүү (ишенимдүү);
  • Дарыкана, дүкөндөрдө алууга ыңгайлуу баада жана колдонууда жөнөкөй болуусу;
  • Ден соолукка зыяндуу эмес болушу;
  • Колдонуу ыңгайы;
  • Калыбына келүү мүмкүнчүлүгү (аны токтоткондо төрөт мүмкүнчүлүгүнүн сакталышы).

Күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алуунун бир нече ыкмасы бар:

  • Гормоналдык контрацептивалар;
  • Шашылыш контрацептива;
  • Жатындын ичине коюлгандар;
  • Контрацептиванын барьердик жолу;
  • Аялдын тукум улоо календарына карай колдонулган ыкма.

Гормоналдык контрацептива – кош бойлуулуктун алдын алууда 100% таасирлүү, ден соолукка зыяны жок, тукум улоочу функцияларга кедергесин тийгизбеген, дүйнөдөгү эң көп колдонулган алдыңкы түрү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери медициналык жактан камсыздандырылгандыктан, гормоналдык таблеткаларды 30-50% жеңилдетилген баада ала алат. Себеби, Милдеттүү медициналык фонду калган суммасын төлөп берет. Бул үчүн медициналык кызматкер жаш адамды текшерип чыккандан кийин контрацептивалык дары-дармекти алууга дарыкана үчүн ОМС рецептин жазып бериши керек.

Анткен менен таблетка түрүндөгү контрацептивалардын олуттуу кемчилиги өнөктөштөрдү жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулардан коргобойт. Бул көйгөй азыр улан-кыздар арасында кеңири жайылууда. Айрыкча эрте жыныстык катнашка барган кыздарда жыныстык жол аркылуу жуккан инфекциялык оорулар көп кездешет. Гонорея тууралуу өспүрүмдөрдүн маалыматы болгону менен андан башка да толгон токой инфекциялык оорулар бар. Алар өтө коркунучтуу, себеби билинбей өрчүп, ден соолукту талкалайт.

Гормоналдык контрацептива шашылыш же дароо сактанууга багытталган таблеткаларды да өз ичине камтыйт. Кокус жыныстык катнаш күтүлбөгөн учурда болуп кетсе, бойдо болуунун алдын алуу үчүн дароо ичкенге жараган таблеткалар бар.

Айрым учурларда чукул ичкен контрацептива жеке эле бойго бүтүүнүн алдын алуунун ыкмасы эмес, психикалык, физиологиялык травмадан да коргойт (зордуктоо, зомбулук менен жыныстык катнашка барган учурда).

Гормоналдык контрацептиваларды дарыгердин гана көрсөтмөсү менен ичүү керек!

Ар дайым жыныстык катнашка барбаган жаштар үчүн бойго бүтүүдөн коргонуунун эң мыкты ыкмасы – презервативдер. Алар жеке эле кош бойлуулуктун алдын албай, жыныстык жол аркылуу жугуучу жугуштуу оорулардан, алардын арасында ВИЧ-инфекциясынан да коргойт.

Презервативдердин артыкчылыгы – жыныстык жол менен жугуучу инфекциялык ооруларды болтурбай, тукум улоочу саламаттык үчүн маанилүү органдарды таза кармап, ар дайым контрацептиванын түрү катары колдонууга ыңгайлуу. Себеби, дарыгерге барбай эле арзан баада бардык жактан сатып алса болот.

Контрацептивалык ыкмалардын өтө көп түрү бар. Алардын айрымдарды жаштар үчүн өтө ыңгайлуу жана ден соолугуна зыян келтирбейт (барьердик ыкма, спермициддер, гормоналдык дарылар, презервативдер). Кээ бири болочок эненин ден соолугуна зыяндуу (жатындын ичине коюлган нерселер, физиологиялык ыкмалар).

Ар бир жаш адам өзүнүн жашоо образы, жыныстык катнашка баруу ырааты, жугуштуу ооруларга байланыштуу маалымдуулугу, өнөктөшүнө карата негизги ниети, пландары жана кош бойлуулукту пландоосуна жараша коргонуучу каражаттарды тандап алышы керек.

Туура жана заманбап контрацептивалар күтүүсүз кош бойлуулуктун алдын алып, болочок эне менен атанын тукум улоочу саламаттыгын коргойт.

Макала маалыматтык маанайда жазылды! Тигил же бул контрацептивалык ыкманы колдонордун алдында медициналык адистен кеңеш алгыла!

Автор: Бактыгүл Бозгорпоева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018-2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.
XS
SM
MD
LG