Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:15

Көз догдурлардын чыры көпкө созулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы госпиталында иштеген дарыгерлердин ортосунда январь айында башталган чыр күчөп, талашты эми сот териштирип жатат.

Создуккан чырды буга чейин Улуттук госпиталь өзү, андан кийин Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеген. Буга бөлүмдү 18 жыл башкарган Салтанат Иманбаевага каршы ондон ашуун дарыгердин арыз менен кайрылганы негиз болгон.

Өзүнө коюлган дооматтарга макул болбогон жана "бөлүм башчылык кызматтан негизсиз алындым" деп эсептеген Иманбаева сотко кайрылган.

Улуттук госпиталдын Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүндөгү чыр ушул жылдын январь айында башталган. Ондон ашуун дарыгерлер бөлүм башчы Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арыз менен кайрылып, аны менен иштөө таптакыр мүмкүн болбой калганын, бөлүмдөгү дарыгерлерди кемсинтип, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтып чыгышкан.

Бир нече ички, парламенттик жана соттук териштирүүлөрдөн кийин оң жооп ала албаган он чакты дарыгер "Азаттык" радиосуна да келди. Алардын ичинен бөлүмдө 46 жылдан бери иштеген Бурулкан Шаршеева буларды айтты:

Бурулкан Шаршеева.
Бурулкан Шаршеева.

- Биз январь айынан бери ушул маселе менен Жогорку Кеңешке, гезиттерге, министрликке, айтор бардык жактарга кайрылып эле келатабыз. Бирок эч кандай жооп ала албай жүрөбүз. Салтанат Иманбаеванын бөлүм башчы болуп иштегенине 18 жыл болду. Ушунча жылдан бери дарыгерлерди кысымга алып, кемсинтип, киши катарында көрбөй, бөлүмгө өзүнүн жеке клиникасындай мамиле кылды. Мындай узакка созулган зомбулукка чыдабай калдык. Анан башкы дарыгерге Иманбаеванын үстүнөн кат менен кайрылдык. Комиссия түзүлдү, эки айдай биздин ишти териштиришти. Ал комиссиянын жыйынтыгы эки айдан кийин чыкты, бирок эки анжы кылып эле, бир чечимди айтпай коюшту. Иманбаева анан оорукананын жетекчилигин "туура эмес буйрук чыгарган" деп сотко берди. Райондук соттон жеңип чыкты.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 17-июлдагы чечими менен Салтанат Иманбаеваны иштен кетирүү боюнча Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаеванын буйругун мыйзамсыз деп тапкан. Иманбаеванын арызынын негизинде ишти караган сот Улуттук госпиталь арыздануучу ооруканада дарыланып жаткан кезде буйрук чыгарганын жүйө келтирип, Эмгек кодекси бузулган деп эсептеген. Анын негизинде мекемеге Салтанат Иманбаевага иштебей жүргөн учуру үчүн 56 миң сомдон ашуун маянасын төлөө милдеттендирилип, мындан тышкары ооруканага 6 миң сомдон ашык айыппул салынган.

"Техниканы менчиктеп алган"

Анткен менен Иманбаевага каршы арыздангандардын өз жүйөлөрү бар. Алардын бири Наргиза Мамазияева "бөлүм башчы техникалык жабдууга эч кимди тийгизбейт, териштирүүгө келгенде эле "ооруп калды" деген жүйө менен кырдаалдан чыгып кетет" деп билдирди:

Наргиза Мамазияева.
Наргиза Мамазияева.

- Биздин операция жасоочу блогубузда төрт микроскоп бар. Анын экөө жаңы, экөө мурдагы Советтер Союзунан калган эски жабдуу. Алардын жаңылары гуманитардык жардам аркылуу келген. Заманбап, мыкты техника десек болот да. Ошону Салтанат Иманбаева өзү жалгыз иштетчү. Эс алууга кетеби же башка өлкөлөргө иш сапар менен чыгабы, ооруп калабы - айтор ал мыкты микроскопко биздин башка дарыгерлерди отургузчу эмес. Негизи бул да чырдын бир себеби. Бөлүмдө кандайдыр териштирүү башталса эле Иманбаева "оору баракчасын" ачтырып алып, кетип калып, өз айыбын бирөөгө оодарып салган адаты бар.

Салтанат Иманбаева менен 18 жылдан бери чогуу иштеген Айгүл Кадыралиеванын айтымында, Жогорку технологиялык фонд аркылуу Швейцариянын "Кызыл чырым" уюму акысыз берген көзгө коюлуучу хрусталь каректерди бөлүм башчы бейтаптарга акчага саткан, буга далил болгон оорунун чоо-жайын кагаздардагы маалыматтарды териштирүү башталганда шашылыш өзгөрткөн:

Айгүл Кадыралиева.
Айгүл Кадыралиева.

- Швейцариянын "Кызыл чырым" кайрымдуулук фонду көз операцияларында акысыз коюш үчүн хрусталдарды жана операцияга керектеле турган каражаттарды берген. Бөлүм башчы бул хрусталдардын баарын бейтаптарга өзү гана койду. Операциялар кантип, качан болгонун биз билбейбиз, бирок кийин дарыгерлердин баарынын атына "операция жасап, хрусталь койду" деген жасалма кагаздар келгенде гана көрдүк. Мына, баарыбызды эле "хрусталь койду" деп жаза бериптир. Бирок биз аны көргөн жокпуз да! Мунун баары документтерде бар. Мурдагы даталар менен ал тургай протоколдорду да жазып чыгышыптыр. Ал кагаздар ал тургай чыныгы оорунун кагаздарынан айырмаланып турат, эч кандай кол, мөөр коюлган эмес. Биз бул далилдердин баарын таап чыкканда алар жан талашып кагаздарды өзгөртүп ийишти. Эми ушул кылганы туура эмес да? Ал хрусталдар кандай бейтаптарга коюлду, акысыз берилдиби - билбей калдык. Бирок тийиштүү органдар териштирсе чындык баары бир ачыкка чыгат.

Соттук териштирүүдө Иманбаеванын кесиптештери айткан хрусталь жана жабдуулар тууралуу сөз козголбогонун соттун чечими жазылган документтер тастыктайт. Ошентсе да дарыгерлер айтып жаткан техника азыр кайда? "Кыргызстандык бейтаптарды тейлөөгө пайдаланылып жатабы?" деген суроого "чуу чыккандан көп өтпөй Салтанат Иманбаева Микрохирургия клиникасынын маңдайында жайгашкан жеке клиникасынан шашылыш мамлекеттик ооруканага ташып келген" дешип, арызданган дарыгерлер кыска видеону көрсөтүштү.

"Дарыгерлер окугусу келбейт"

Ал эми Салтанат Иманбаева өзү бул техниканы эч кайда алып кетпегенин, ооруканада эле турганын билдирди:

Салтанат Иманбаева.
Салтанат Иманбаева.

- 2014-жылы Швейцариянын "Кызыл чырым" кайрымдуулук уюму жарым миллион доллардык жардам көрсөткөн. Анын алкагында биздин бөлүмгө көз хирургиясына керек болгон заманбап микроскоптор, көздүн көрүү жөндөмүн аныктоочу жабдуулар келген. Алар аябай кымбат. Анан ошонун баарын биздин дарыгерлер колдонсун деп, Швейцариядан дарыгерлерди, профессорлорду, доценттерди, хирургдарды жана инженерлерди чакырганбыз. Биздин бөлүмдөгү дарыгерлердин баарына "алардан сабак алып, окуп, ушул жабдууларды колдонгонду үйрөнгүлө" дегем. Бирок алар кесиптик деңгээлин көтөргүсү келбейт экен. Окубай коюшту. Анан таңкы чогулуштарда алардын кесиптик кемчиликтерин айтып, кайсы жерин оңдош керек, кантип операция кылуунун жол-жобосун айтсам эле мен жаман көрүнүп, мага каршы чыгышууда. Айткан сын-пикирлеримди кемсинтүү, зомбулук деп кабыл алып жатышат.

Өзүнө каршы арызданган дарыгерлер менен болгон чырдын учугун Иманбаева бизге башка өңүттө түшүндүрүп, сөздөрүнө жүйө катары документтерди да көрсөттү. Документтерде 2017-жылдын декабрында бөлүмдө 1943-жылы туулган аял көзүнө операция жасатып, бир нече күндөн кийин каза тапканы көрсөтүлгөн. Бейтап операцияны дарыгер Любовь Бушуева бейтаптын канындагы канттын өлчөмүн ченебестен жасагандыктан, кант диабети өрчүп отуруп каза тапканы аныкталган.

- Мен ооруп, расмий эс алууда элем. Бөлүмдү башкарган 18 жылдан бери кокус ооруп калсам же чет жакка иш сапарына, конференцияларга кетсем, азыр үстүмөн арызданып жаткан дарыгер Айгүл Кадыралиева менин ордумду басып, операциялар, ооруканадагы бейтаптар боюнча чечимдерди кабыл алууга, кокус бир кырсык чыкса ага жоопкерчиликти алууга милдеттендирилген. Ошол бейтап каза тапкан учурда да ал бөлүмдү башкарып турган. Жоопкерчиликтен качыш үчүн Кадыралиева дароо мага каршы түшүнүк кат жаза коюп жатпайбы!

"Диалогсуз чыр чечилбейт"

Дарыгерлердин чырын Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия иликтеген. Анын курамына кирген Бактыгүл Бозгорпоева кандай болгон күндө да эки тарап тил табышып, бейтаптарды туура дарылоону колго алса болмок деген пикирде:

- Жаатташкан эки тарап бул чырды диалог аркылуу чечиши керек. Булар эмгиче бир пикирге келбей, ийри отуруп, түз кеңешпей жатышат. Жетекчиси бирди айтса, кол алдындагы дарыгерлери башка нерселерди талап кылууда. Биз жакында эле бөлүмдөгү 22 дарыгер менен жолугуу өткөрдүк. Алардын көбү "эгерде бөлүм башчы Иманбаева кайра кызматына отурса, баарыбыз жумуштан кетебиз" деп жатышат. Баары эле антип ишинен кете койбосо керек. Себеби, шаарда жумуш табыш аябай кыйын да.

Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаева мекеме бул окуя боюнча райондук соттун чечимине макул болбой, эми шаардык сотко кайрылганын, азырынча соттун чечимин күтүп жатканын билдирди:

- Чоң, комплекстүү текшерүү болду. Жыйынтыгында бөлүм башчы кетирген каталар, ишиндеги мүчүлүштүктөр аныкталды. Анан аны биз таптакыр жумуштан алып койгон жокпуз. Жөн гана "ээлеп турган бөлүм башчылык кызматынан гана четтетилсин" деген буйрук чыгарганбыз. Бул чечимден кийин ал бизди "мыйзамсыз буйрук чыгарды" деп сотко берип, райондук инстанциядан жеңип чыкты. Биз кайра райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылдык. Жакында сот болот.

"Кадыресе көралбастык"

Жогоруда айтылгандай, Иманбаева менен жаатташкан дарыгерлердин ишин тескеш үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия да иштеген. Комиссиянын мүчөсү, депутат Евгения Строкова Иманбаеваны жактап, анын кызматтан алынышын Улуттук госпиталдын директорунун атайын уюштурган кутуму каттары сыпаттады:

Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

- Иманбаева бул бөлүмгө кандай салым кошконун деле текшерип көрсө болот. Ал Кыргызстандагы эң күчтүү көз догдурлардын бири, глаукоманы дарылаган мыкты хирург. Бул жерде аны менен чогуу иштегендердин эле ичи тардыгы, көрө албастыгы башкы ролду ойноп жатат окшойт. Биз окуяны териштиргенде нааразы дарыгерлерди "түшүнүк кат жазгыла" десек, "директор Сагинбаеванын уруксаты жок жазбайбыз" деп туруп алышты. Аябай нааразы болгон киши эмнеге директорду күтүшү керек?

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты, көз догдурлардын чуусун иликтеген Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигиндеги кадр саясатын сынга алды:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

- Билесизби, быйыл жайында бул сыяктуу бир нече окуяга күбө болдум. Мага дал ошол Улуттук госпиталдын жетекчилиги иштен кетирип, бирок сот аркылуу кызматын кайра кайтарган эки дарыгер да кайрылды. Алар териштирүү учурундагы айлыгын толук ала албай жүрүшөт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигиндеги кадрларды даярдоо, жумуштан бошотуу системасы катуу көзөмөлдү талап кылат. Кайсы орган экени эсимде жок, дал ушул министрликтин кызматка дайындоо жана жумуштан кетирүү иштерин иликтеген мамлекеттик мекеме аябай башаламан фактыларды аныктаган. Ошондуктан бул министрликтеги кадр саясатын толук өзгөртүп, анын үстүндө көп иштебесе мындай чаташкан окуялар көбөйө берет.

"Азаттык" радиосуна арызданып келген дарыгерлер "Салтанат Иманбаева кайра бөлүм башчылык кызматына келсе жапырт иштен кетебиз" деп ондон ашуун кишинин колу коюлган, Жогорку Кеңештин төрагасына, өкмөт башчыга багытталган катты көрсөтүштү. Ал арада Салтанат Иманбаева өзүн мыйзамсыз иштен алган Улуттук госпиталдын администрациясы менен соттук териштирүүгө даяр экенин, бул үчүн колунда тийиштүү фактылар жетиштүү экенин айтып жатат. Ошол эле учурда аны жактаган ондон ашуун медициналык кызматкерлердин колу коюлган катты ал да президент баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнө жиберди.

Райондук соттун дарыгер Салтанат Иманбаевага карата чыгарган чечимине макул эмес экенин билдирген Улуттук госпиталдын жетекчилигинин арызын Бишкек шаардык соту 10-сентябрда караганы турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG