Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Балалуу болууга жеңил-желпи карабаңыз


Бишкектеги жаңы төрөлгөн ымыркай
Бишкектеги жаңы төрөлгөн ымыркай

Наристенин төрөлүүсү - жубайлардын жашоосундагы эң бактылуу жана жоокерчиликтүү учурлардын бири.

Кош бойлуулук жана төрөт оңой өтүп, болочок балакайдын дени сак болуусу үчүн кош бойлуулукка эртерээк кам көрүп, жашоо образды өзгөртө башташ керек.

Биринчиден, зыяндуу адаттардан арылып, толук кандуу уктап, денеге көңүл буруу керек. Башкача айтканда, өтө ашыкча толбой, же арыктап кетпей, кош бойлуу болордун алдында эки-үч ай мурун эле фолий кычкылын, йод ичип баштаган дурус.

Фолий кычкылы түйүлдүктөгү нерв системасынын тубаса кемтигинин алдын алат, ал эми йод ымыркайдагы богок безинин оорусун болтурбоого өбөлгө түзөт.

Ар бир баланы каалап күтүү жана дени сак кош бойлуулук болочок ата-эне менен баланын саламаттыгына тыгыз байланышкан.

Келечектеги ата-энелер балалуу болууга канчалык деңгээлде даяр экенин толук кандуу түшүнүп, баланы пландаганга керектүү диагностикалардын, оорулардын алдын алуучу дарылануулардан өтүшү зарыл.

Ошондо гана кош бойлуулук толук кандуу өнүгүп, дени сак баланын төрөлүшү шартталат. Кош бойлуулукту алдын ала, түшүнүү менен пландап, жашооңуздагы өтө маанилүү этапка даярдана аласыз.

Кыргызстанда жубайлардын көпчүлүгү кош бойлуулукка даярданбайт. Бул көрүнүш көбүнесе болочок ата-энелердин бул сыяктуу жашоонун этабы тууралуу маалыматы жетишсиз болгонуна байланыштуу.

Анткен менен азыркы тапта жубайлардын экөө тең балалуу болууну эңсеп, дени сак баланы жаратууга жоопкерчиликти үйрөнгөн, ата-энеликке алдын ала даярданган тенденция пайда боло баштады. Баланы пландоодо жубайлар аткарыла турган тийиштүү кызматтарды жана анын ар биринен өтүү зарылдыгын аңдашы керек. Кош бойлуулуктун алдында өтө турган медициналык текшерүүлөрдү кеминде үч-алты ай мурда баштаганы туура.

Атасы да, энеси менен чогуу түйүлдүккө генетикалык маалыматты берет, андыктан алардын генине карап, тукуму кандай болорун аныктаса болот. Ушул себептен кош бойлуулукту алдын ала пландоо жана ага даярдануу менен ата-эне жеке эле өз баласынын дени сак болуусун шарттап чектелбей, кийинки урпактарына чейин кам көргөнгө барабар мыкты иш кылышат.

Аялдар эмне кылышы керек?

Кош бойлуулук жана төрөт учурунда аялдын организмин, жашоо үчүн маанилүү болгон органдарына эбегейсиз күч келет. Жүрөк, бөйрөк, боор эки эсе ашыкча иштеп, нерв чыңалат. Иммундук жана эндокриндик системага күч келет. Ушундан улам кош бойлуу болуудан эки-үч ай мурда лабораториялык текшерүүдөн өтүп, дарыгерге көрүнгөнү жакшы. Айрыкча, текшерүү маалында мурда-кийин ооруган жугуштуу ооруларына байланыштуу лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыктарына өзгөчө кылдат мамиле жасаш керек, себеби бул оорулар курсактагы баланын ден соолугуна таасир этиши мүмкүн.

Текшерүүнүн жыйынтыгынан улам келип чыккан тобокел факторлорду дарыгер менен талкуулоо:

  1. Өнөкөт ооруларды аныктоо жана дарылоо. Жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, эндокриндик оорулар (кант диабети, богок бези), аз кандуулук, тиш оорулары. Маселен, айрым ооруларда кош бойлуу болуу, же өз алдынча төрөө аялдын өмүрүнө коркунуч жаратат. Кээ бир учурда (тукум кууган тромбофелия) кош бойлуулукту сактап калуу үчүн тогуз ай бою канды суюлтуучу дары ичип туруу зарылдыгы да болот.
  2. Гинекологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоо
  3. Жыныстык жол менен жугуучу, белгиси билинбеген ооруларды аныктоо жана дарылоо. Чоң кишинин организми стерилдүү таза эмес экени жалпыга маалым. Микроорганизмдер, вирустар, курч жана өнөкөт, билинбеген инфекциялар кош бойлуу аял менен түйүлдүктү курчаган тондун иммунитети начар болсо кесепети оор болуп, тон ичиндеги инфекцияларды козгойт. Кызамыкка каршы эмдетип коюну ойлонуңуз (эгер мурда оорубасаңыз). Жыныстык жол менен жуккан ооруларды козгоочулар түйүлдүк менен ымыркайга терс таасир этет.
  4. Эндокринолог догдурга, эгер зарыл болсо башка дарыгерлерге да текшерилүү.

Эркектер үчүн кеңештер:

  1. Аялынын жанында болуп, кош бойлуу кездеги бардык учурда колдоп, көмөктөшүүсү керек.
  2. Эркектердин саламаттыгын текшерүү да аялдар менен удаа эле жүрүп, уролог-андролог дарыгерлерине кайрылып, лабораториялык анализдерди тапшырып, зарыл болсо атайын адистерден кеңеш алуусу керек.
  3. Болочок ата эякулят же спермограмма анализин тапшырып, кан тобун жана резус-факторун аныктап алганы дурус
  4. Жугуштуу ооруларга карата текшерилүү (ВИЧ, жыныстык жол менен жуккан инфекциялар).

Генетика маанилүү

Адамдын геномундагы өмүр үчүн маанилүү программаны, айталы мүнөз, саламаттык, ал тургай акыл өзгөчөлүктөрүн бала атасы менен энесинен генетикалык маалымат катары алат жана тукум улайт. Ошондуктан кош бойлуулукту пландоо жана ага даярдануу өтө маанилүү.

Адамдар адатта тамактануу көндүмдөрү, жашоо образы сыяктуу көп жагдайларга маани беришпейт. Бирок, чындыгында биз өз тажрыйбаларыбыз жана саламаттыгыбызды балдарыбызга мурас кылып өткөрүп беребиз.

Маселен, ымыркайлардын эрте эле чарчап калуусунун себеби курсакта жатканда эле башталат. Тилекке каршы, бул фактор барган сайын өрчүп барат. Маселен, 2015-жылы чарчап калган наристелерге курсакта жаткандагы оорулар себеп болгон учурлар 56,5% болсо, 2019-жылы бул сан 58,9% болуп көбөйдү. Бул болочок эненин төрөткө чейинки маалда оор кесепеттерди болушунча алдын алууга маани берүү керек дегенден кабар берет.

Эгерде болочок эненин жашы 40тан, атаныкы 50дөн ашса генетик менен кеңешүү абзел. Мындай кеңешүүлөрдү буга чейин жубайларда тубаса кемтик, бойдон түшүү, айрыкча кош бойлуулуктун биринчи айларында, жубайлардын бирөөсүндөгү кемтиктер, үй-бүлөдө кандайдыр бир тукум куучу оорулар, жубайлардын жакын тууган болуусу сыяктуу учурларда сөзсүз ишке ашыруу керек.

Жыныстык жол менен жуккан ВИЧ оорусу көбөйүүдө

Кош бойлуулукка даярдык тууралуу сөз кылганда калк арасында акыркы жылдары ВИЧ-инфекциясы күчөп бара жатканын эскертпей коюуга мүмкүн эмес.

Акыркы 15 жылдагы ВИЧ жуктургандардын курагына байланыштуу статистикага көз чаптырсак, бала төрөө, аны көтөрүүгө өтө ыңгайлуу болгон 20-49 жаштагылардын арасында көбөйгөнү байкалат.

Жугуштуу оору эуктургандар
Жугуштуу оору эуктургандар

Булардын арасында 20 жаштан 29 жашка чейинки жаштар жалпы жугузгандардын 28,5%, 30-39 жаштагылар 39,9%, 40-49 жаштагылар 21,1% түзөт.

Ошондой эле жыныстык жол менен жуккан инфекциялык оорунун айынан кош бойлуулуктун алгачкы алты аптасында эле жатында өлүп калуусу биринчи орунда турат. Ошондой эле мындай оорулар менен ооруган энеден тирүү төрөлгөн бала майып болуп, коомго жана үй-бүлөгө кыйынчылык жаралууда.

Эң эле орчундуу кемтиктердин башында жүрөк кемтиги, нерв түтүктөрүнүн кемтиги жана Даун синдрому бар. Өнүгүү кемтиктери генетикалык, инфекциялык же экологиялык болгондуктан, так кесе аны аныктоо өтө оор. Кайра эле статистикага келсек, акыркы беш жылда ымыркайлардын өлүмүнүн 18,5% тубаса майыптыкка барып такалууда.

Айрым тубаса кемтиктердин алдын алса болот. Анын негизги элементи эмдөө, фолий кычкылын менен йодду максатка ылайык ичүү, ошондой эле витаминге бай азыктануу, төрөгөнгө чейинки жардамды толук кандуу алууда жатат.

Күтүүсүз кош бойлуулукту кантип алдын алса болот?

Төрөттөн кийин аял организмин чыңдап, бекемдеш үчүн да атайын контрацепцияларды колдонушу керек.

Контрацепция – жеке эле сизди күтүүсүз кош бойлуулуктан коргобой, сиздин ден соолугуңузду сактап, келечекте өзүңүз каалаган учурда дени сак балалуу болууга өбөлгө түзөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашаган төрөт жашындагы 214 миллион аял боюнда болуудан сактангысы келгени менен заманбап контрацепцияны колдоно алышпайт.

Кыргызстанда заманбап контрацепцияны 2018-жылы төрөт жашындагы аялдардын 37,7%и колдонгон (1997-жылы 48,9%; -22,9%). Контрацепцияларды аз колдонуунун башкы себеби, анын ыкмаларынын, түрлөрүнүн чектелүү болуусунда. Айрыкча, жакыр катмарда жашаган жаштар, үйлөнө элек адамдар ага жете алышпайт, ошондой эле анын терс таасирлеринен коркуу, маданий, диний көз караштар, контрацепцияга байланыштуу атайын кызматтардын жетишсиздиги, гендердик тосмолор да себеп болууда.

Бойго бүтүрүүнүн алдын алган каражаттарды аялдын жаш курагы, билим деңгээли, үй-бүлөдөгү балдардын санына көз каранды болууда. 15 жаштан 24 жашка чейинки жаш аялдар контрацепцияны эң аз колдонушат.

ЮНФПА тарабынан бойго бүтүрбөөчү каражаттарды гуманитардык жардам катары алып келүү 2015-жылы токтогон. Себеби, Дүйнөлүк Банктын баалоосу боюнча Кыргызстан ага өтө муктаж өлкөлөрдүн катарынан чыгып, тукум улоочу саламаттык жана үй-бүлөнү пландоо маселелерин өз алдынча чече алат. 2018-жылдан тарта Саламаттык сактоо министрлиги биринчи ирет дары сатып алуу планына контрацепциялык каражатты (ВМС) киргизип, коомдун тобокел тобуна мамлекеттин эсебинен бойго бүтүрбөөчү каражатты берүүнү баштады.

Кыргызстанда бойго бүтүрбөөчү каражаттардын калың катмары ээн-эркин эле сатылууда.

Тандоо өтө көп болгондуктан, арасынан бойго бүтүрбөө үчүн туура келген каражатты табуу оңой эмес иш.

Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу проценттери
Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу проценттери

Заманбап медицина күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн өтө көп ыкмаларды сунуштоодо. Контрацепциянын түрлөрү менен ыкмалары бири-биринен таасири, организмдеги иштөө жөндөмү, колдонуу жолдору, ошондой эле пайдалуу тараптары менен кескин айырмаланып турат.

Контрацепциянын ыкмасын тандап алуу аркылуу күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуу менен катар эле анын таасири тигил же бул бойго бүтүрбөөчү заттарды ырааттуу пайдаланууга тыгыз байланышкан. Бул өзгөчөлүктөрдү аңдоо жана эске алуу кош бойлуулуктун алдын алууда ар бир адамдын жеке талабына жараша мамиле кылуу дегенге барабар.

Контрацепциянын түрлөрү
Контрацепциянын түрлөрү

Презервативдер

Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын ичинен эң эле атактуусу презервативдер болуп эсептелет. Заманбап презервативдер адатта өтө жука, бышык латекс материалынан жасалат. Алар аялды жеке эле кош бойлуулуктан сактабай, жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулардан коргогон жалгыз каражат.

Презервативдердин эркек жана аялдарга багытталган эки түрү бар.

Эркектердин презервативдери 99% эффективдүү деп эсептелет. Алар полиизопрен, же полиуретандан турган жука латекстен жасалат.

Аялдардын презервативдери – эки тарабында шакекчеси бар полиуретан затынан жасалып, бир жак шакеги жатындын жанына, бир жагы жатын кынына кийгизилет. Аялдар үчүн жасалган барьердик контрацепциялар атайын суюктук менен майланган, диаметри 8 см, узундугу 18 см. Аялдардын презервативдеринин таасири 95%.

Спермициддер

Жатын кынына сүйкөй турган көбүктөр, атайын майлар кош бойлуулукту химиялык жол менен алдын алат. Көбүнесе аны жыныстык катнаштын алдында аялдар жатын кынына сүйкөшөт. Таасири күчтүү болушу үчүн ар бир каражатка бекитилген колдонуу тартибин дыкаттык менен окуп чыгып, андагы убакытка жана шарттарга байланыштуу эрежелерди так аткаруу зарыл.

Диафрагма жана калпакча

Жатын кынына коюлган диафрагма кичинекей желим калпакча болуп саналат. Анын эни 8,5 см ашпайт, диафрагманын жумшак четтери жатын кынынын оозун бекитип, эркек уругунун түшүүсүнө тоскоол болот. Дифрагмалардын айрым учурда өлчөмү да өзгөрөт. Эгерде бул каражатты эрежеге ылайык туура пайдаланса кош бойлуулктун алдын алуу 92-96% эффективдүү.

Уруктануу убактысын эсептөө жана табигый ыкма

Бул ыкма аялдагы урук клеткаларынын овуляциясына байланышкан. Адатта айыз цикли келгенден кийин 14- күнү (+/-2 күн) жыныстык катнашты чектөө менен кош бойлуулуктун алдын алса болот. (10-күндөн 17-күнгө чейин)

Бул ыкманын бир нече түрү бар

  • Календардык усул;
  • Күндөрдү саноо ыкмасы;
  • Цервикалдык суюктук ыкмасы;
  • Симптотермалдык ыкма.

Эмизип жаткандагы коргонуу ыкмасы

Бул бала төрөлгөндөн кийин аны эмизүүнүн алгачкы алты айында кош бойлуулук болбой турган коргонуунун табигый жолу. Мындай жолдун эффективдүүлүгү эрежелерди туура сактаса, 98% экени далилденген.

Өз эрки менен хирургиялык тукумсуздандыруу ыкмасы

Хирургиялык ыкма аялдардын жатын каналын же эркектин урук чыгаруучу каналын бууп салуу дегенди түшүндүрөт.

Тукумсуздандыруу эки түргө бөлүнөт:

  • аялдардыкы;
  • эркектердики.

Токтоосуз контрацепция

Токтоосуз, шашылыш контрацепция жыныстык катнаш болгондон кийин дароо боюнда болтурбоо үчүн жасалган чара болуп салалат. Мындай ыкманы жыныстык катнаш болгондон кийин беш күндүн ичинде ишке ашыруу керек, канчалык эрте болсо, таасири да күчтүү

Шашылыш контрацепцияны төмөндөгүдөй кырдаалдарда колдонсо болот:

  • Эч кандай контрацепциялык каражаттар колдонулбай, жыныстык катнаш болгондо;
  • Сексуалдык зордуктоо учурунда аял бир да контрацепциялык каражатты пайдала албай калса;
  • Пайдаланылган контрацепциялар туура эмес же пайдасыз болуп калды деп шек саналган учурларда.

Эскертүү: Бул макала маалымат берүүчү гана багытта жазылды, контрацепциянын тигил же бул ыкмасын пайдалануу алдында сөзсүз түрдө медициналык адис менен кеңешүү керек.

Автор: Бактыгүл Бозгорпоева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018-2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG