Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Муздак дубалдын артында ким бар?


Батма апа бала чагында жыгылып, буту баспай калгандан кийин өмүр бою мамлекеттик санаторий, балдар үйлөрүндө жашады.
Батма апа бала чагында жыгылып, буту баспай калгандан кийин өмүр бою мамлекеттик санаторий, балдар үйлөрүндө жашады.

Майыптарга мамлекет, бейөкмөт уюмдар, боорукер замандаштар жардам берип турат. Бирок кыймыл-аракети чектелген адамдар үчүн коомдук жайларда шарт жок болгондуктан, алар иш жүзүндө төрт дубалдын ичинде камалып жашашат.

Терезеден саргайган жалбырактары күбүлө баштаган дарактар көрүнөт. Оң тарапта Бишкек циркинин бир ыптасы, солдо жаңы түшкөн мечиттин жалтырак калай капталган мунарасы. Батма апа бирок бир гана эрте күздүн көгүш асманын көрө алат.

Батма Бардыбекова Бишкекте "Достук" мейманканасына жакын түшкөн "Илбирс" ишканасынын мурдагы жатаканасында жашайт. Секциядагы төрт бөлмөдө төрт бүлө, ортодо жарыгы өчкөн даараткана. Алтымыштагы апа бала чагында жыгылып буту баспай калгандан кийин өмүр бою мамлекеттик санаторий, балдар үйлөрүндө жашады. Бул жатаканага киргенине он беш жыл болгон.

Маектешибиз коноктон жаңы келгенин айтып отурду:

- Бир казак курбум бар, кечээ ошол жакка барып келдим. Мурда ушул жатаканада жашаган, кийин турмуш куруп көчүп кеткен. Мени өзү келип алып кетти. Болбосо сыртка чыгыш кыйын. Конок көп келди, туугандары бар экен. Беш-алты саат отуруп келдим.

Бардыбекованын Чүйдөгү Калинка деген айылдагы урук-туугандары бүт өтүп кеткен.

Бөлмөдө бир керебет, ортодо чакан үстөл, төрдө телевизордон УТРК көрсөтүп жатты. Апа жансыз кыска буттарын алдыга сунуп, жерде отурду. Күмүш түстүү чачы тыкан кыркылган, чоң көз айнекчен. Дубалда майып-араба жыйналган бойдон жөлөнүп турат. Буту үч-төрт жашында жыгылгандан кийин өспөй калган. Апанын көңүлү жайдары, жашоо жакшы эле дейт.

- Сыртка көп чыга албайм, кээде достор келет. Коляскамды төмөнгө түшүрүш үчүн эки киши көтөрүшү керек. Бирок жардам берип турушат. 1055 сом пособием бар. Турмуш жакшы эле десем болот.

Бишкекке четтен келген адам бизде майыптар жок деп ойлошу мүмкүн, себеби көчөдө аларды көрө албайсыз. Аларды ойлогон киши барбы деген суроомо карыларга акчалай жардам берген соопчулук корунун жетекчиси Айдай Кадырова «Ооба» деп жооп берди:

- Жолдорду майыптарга ыңгайлаштырып, алардын арабасы өтө тургандай тоскоолдуксуз куруш керек, имараттардын босогосуна чейин тепкичсиз түз жол салынса, автобустардын тепкичи коляска түшө тургандай төмөндөтүлүшү зарыл деп ойлошот, бирок мындай максаттар ишке аша элек.

Кадырованын «Бабушка Адопшын» деп аталган корунун төрт социалдык кызматкери беш майыптын үйүнө барып, үйүн тазалап, кириндирип кетишет. Бирок Батма Бардыбекова өзү жылып жүргөндүктөн, ага акчалай гана жардам көрсөтүшөт. Айдай Кадырова бүгүнкү Кыргызстанда майыптар көңүл коштуктун муздак дубалдарынын сыртында, көмүскөдө өмүр өткөрүп жатышкандыгын мындайча белгиледи:

- Алар бул дүйнөдө өмүр сүрүп жатышканы чын, бирок алар дүйнөнү телевизордун экранынан гана көрүшөт. Коляска алыш кымбат, дарыланууга чама-чаркы жетпейт, камалып жашашат.

Батма апа күндү да күндү негизинен телевизор көрүп, гезит окуп өткөрөт. Убакыт келип, коштошуп жатканда, «Кандай тилегиңиз бар?» деп сурасам, «ушул үйдө лифт орнотулса» деди, бирок тилегине жетээрине ишенбегендей, бош айтты.

Үчүнчү кабаттан тепкич менен түштүм. Терезелери бири бүтүн, бири сынган, көркү кетип, бозоргон имарат артта калды. Анын бир бөлмөсүндө бир мекендешибиз айнектен гана көк асманды көрүп жашап жатканы менен эч кимдин иши жоктой, шаардын уу-дуу жашоосу каршы алды.

Муздак дубалдын артында ким бар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

XS
SM
MD
LG