Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү атып түшүрүлдү


Бишкек-Ош жолу. Төө-Ашуу тилкеси. 26-февраль, 2021-жыл.
Бишкек-Ош жолу. Төө-Ашуу тилкеси. 26-февраль, 2021-жыл.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда бүгүн, 26-февралда жүздөн ашуун автоунаа бир нече саат токтоп турду.

Ушул тапта ашууда турган кабарчыбыз маалымдагандай, Бишкек-Ош магистралындагы кыймылга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жол боюндагы тоолордон кар көчкү атып түшүрүлүп жатканына байланыштуу убактылуу чектөө киргизилген.

Саат 18:30га карай көчкү атуу иши аяктап, жолго түшкөн кар күрткүлөрү тазаланып, кыймыл улана баштаган.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош кара жолу 25-февралда саат 22:00дөн баштап, таңкы 06:00гө чейин убактылуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул магистралдагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында ишке ашырылып жатканын маалымдаган.

ӨКМ жана Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы зарыл жумушу жокторду тоолуу аймактарга чыкпоого чакырган.(AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG