Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Еврошаркет менен НАТОнун жетекчиси коопсуздукту талкуулап жатат


Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель
Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель

Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитининин экинчи күнүндө коргоо жана коопсуздук маселелери талкууланууда. Пандемиядан улам видео байланыш аркылуу өтүп жаткан саммитке Европанын 27 өлкөсүнүн башчылары жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг катышууда. Столтенберг Евробиримдиктин коопсуздук жаатындагы аракети Түндүк атлантикалык альянс менен окшош экенин билдирди.

“НАТОнун башкы максаты саламаттык сактоо тармагындагы кризистин коопсуздук жаатындагы кризиске айланышына жол бербөө. Анткени, пандемияга чейинки бардык коркунучтар азыр дале болсо актуалдуу калууда. Бул - Орусиянын агрессивдүү кадамдары, киберчабуулдар менен коштолгон терроризмдин катаал түрлөрү, Кытайдын күчтөнүшү жана климаттын өзгөрүшү. Бир мамлекеттин же континенттин аны менен күрөшүүгө алы жетпеши мүмкүн, бирок биз биргеликте каршы тура алабыз,”-деди Столтенберг.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жыйын башталар алдында Европа менен АКШ ортосундагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык эки тараптын жакшы мамилесинин аркасында бекемделет, деген ишенимин билдирди.

Европа өлкөлөрү акыркы жылдары коргоо жана коопсуздук жаатындагы аракеттерин биргеликте координациялап келет.

XS
SM
MD
LG