Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Былтыр Кыргызстанда 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы 68 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. Алардын ичинен 61 судьяга алдын ала эскертүү, экөөнө эскертүү берилген. 4 судьяга сөгүш жарыяланып, бирөө кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Мындан тышкары Тартип комиссиясы тарабынан үч судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.

Мындай маалыматты бүгүн 26-февралда Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жыл жыйынтыгын чыгарып жатып айтты:

"Жалпысынан алганда көпчүлүк соттор өз ишине берилүү менен ден соолугуна, үй-бүлөсүнө карабай, убактысынын басымдуу бөлүгүн сот ишине арнап, дем алыш, майрам күндөрү да талыкпай иштеп жатат. Албетте бул физикалык жана эмоционалдык жактан өтө оор жумуш. Мындан ары да сабырдуулук менен элибизге ак ниет кызмат кылууга чакырып кетем", - деди Нургүл Бакирова.

Жыйында маалым болгондой 2020-жылы биринчи инстанциядагы соттордун кароосуна 125 239 иш материалдары келип түшкөн. Жергиликтүү соттор караган иштерден 5 711 сот актысы кассациялык тартипте даттанылган.

Ал эми Жогорку сот кассациялык даттануулардын 81% карап, тиешелүү актыларды кабыл алган.

Биринчи сот бутагында чыгарылган чечимдердин 10% гана апелляциялык даттанууга жиберилген, апелляциялык кароонун жыйынтыгында алардын 56% күчүндө калтырылган. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Былтыр декабрда УКМК Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча аныкталган коррупциялык схемага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси барын билдирген. Эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын кабарлаган. Жогорку сот жана төрайым өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, ага катышы жоктугун айтып келет.

4-февралда УКМК Гүлбара Калиева менен Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын жарыялаган.

Сөз болуп жаткан судья кыртышы сүйбөгөн кесиптештерине "компромат чогултуп, тартылган видеолорду Интернетке жарыялаган, ал эми Калиева анын аракеттерин жаап-жашырган" деген кине коюлган.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына жөнөткөн.

Тартип комиссиясы анын саламаттыгына байланыштуу азырынча Башкы прокуратуранын сунушун карай элек.

Гүлбара Калиеванын өзү болсо азыркы тапта эмгек өргүүсүндө. Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымынын милдетин убактылуу аткарууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптын негизинде былтыр 14-декабрда кармаган.

Атайын кызмат ушул эле берене менен Жогорку соттун дагы бир судьясы Дилфуза Боронбаевага иш козгогон. 11-январда таратылган расмий кабарга ылайык, ал 20дан ашык тандалма кыймылсыз мүлк объектилерин, Ысык-Көлдүн жээгиндеги кымбат пансионаттардан батирлерди алган. Бир катар кымбат автоунааларга ээлик кылары аныкталган. Ал да чет өлкөлөргө кымбат саякаттарга барган.

Жогорку сот өз кызматкерлерине карата УКМКнын бул маалыматтарын күнөөсүздүк презумпциясын (айып сотто далилдене электе эч ким айыптуу болуп эсептелбейт деген принцип) бузуу деп баалаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG