Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдына пикетке чыккан казакстандык 10 суткага камалды


Марат Курбанов
Марат Курбанов

Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдында үч жумадан бери өтүп жаткан пикеттин катышуучуларынын бири Марат Курбанов 12 суткага камалды.

Аны камоо боюнча чечимди Алматыдагы район аралык административдик сот кабыл алды.

Курбанов “тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча” мыйзамды кайталап бузган деп табылды. Ал 23-февралда “Кытайда беш үй-бүлө жоголду” деп жазылган кагазды көтөрүп алып консулдуктун алдына пикетке чыккан. Ал Шинжаңдагы жакындарынан кабар ала албай жатканын айтып, бул аймактагы түпкүлүктүү улуттун өкүлдөрүнө куугунтукту токтотууну талап кылган.

Марат Курбанов өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.

Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдында үч жумадан бери пикет өтүп жатат. Алар Шинжаңдагы “кайра тарбиялоо лагерлеринде” кармалып турган туугандарын боштондукка чыгарууну талап кылышты. Буга чейин бул пикеттин катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы 10 суткага камалган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы мусулмандарды Бээжин аёосуз куугунтукка алып жатканы тууралуу кабарлар 2017-жылдан бери тарап жатат.

Анын ичинде жүз миңдеген адамды «кайра тарбиялоо лагерлеринде кармап, коммунисттик режимдин атрибуттарын, кытай тилин мажбурлап окутуп жатканы» маалымдалат.

Бээжин куугунтук тууралуу ырастамаларды четке кагып, кайра тарбиялоо лагерлери терроризм жана экстремизмге каршы уюштурулган, кесипке үйрөткөн борборлор экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG