Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Жапаров: Жаңы Конституция апрелде элдик референдумда кабыл алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында референдумда кабыл алынат. Бул тууралуу Орусиянын “Российская газета” басылмасына курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасайт.

Жапаров Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, республикалык бюджетти бекитүү, өкмөттүн жана административдик-аймактык түзүлүштүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун айтты.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген. 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкаруу формасын тандап алышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG