Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Нусрет Мамедов: Биздин корубуз данакерлигин улантат


Чыңгыз Айтматов менен Нусрет Мамедов.
Чыңгыз Айтматов менен Нусрет Мамедов.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» корунун президенти Нусрет Муса оглы Мамедов мырза менен фонддун көздөгөн мүдөөсү, жүргүзүп келе жаткан ишмердүүлүгү жана анын Чыңгыз Айтматовдун мурасын жайылтуудагы салымы тууралуу маалымат алуу максатында журналист Мирзохалим Каримов баарлашты. Бул маектин орчун бөлүгүн сунуштайбыз.

– Нусрет мырза, «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» фондун ким негиздеген жана качантан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат?

– Фондду мен, Нусрет Муса оглы Мамедов, улуу инсандардын келечек муунга калтырган ыйык мурастарын жайылтуу жана элдердин ортосундагы достук-ынтымакты, кызматташтыкты чыңдоо, элдик дипломатияны бекемдөө максатында негиздегенмин.

Бул фонд каттоого алынганга чейин «Гейдар Алиевдин фонду» деп аталып келген эле. 2005-жылдан кийин «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду» деп аталып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде расмий түрдө каттоодон өткөн.

Аны түзүүгө фонддун башкы кеңешинин урматтуу мүчөлөрү болуп саналган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев абдан чоң колдоо көрсөтүшкөн.

– Андан бери арадан көп жыл өтүптүр. Бул арада кандай иштер аткарылды?

– Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы адабий, маданий алакаларды жандандыруу жана башка жааттарда абдан көп иштер аткарылды деп айта алам. Кыргыздын 16-жылдагы көтөрүлүшү, Чыңгыз Айтматов тууралуу тарыхый китептер Азербайжан тилине которулду.

Азербайжандын белгилүү калемгерлери Мир Жалалдын, Ремиз Мехтиевдин, Агил Ажиевдин, Гафар Алиевдин баалуу эмгектери кыргыз тилинде жарык көрдү.

Эки элдин улуу инсандары Чыңгыз Айтматов менен Гейдар Алиевге арналган эки тасма тартылды. Тасманы таанымал режиссер Замир Эралиев жаратты. Айтор, бул жагынан ишибиз жемиштүү болду.

Бирок Кыргызстан тараптан да, Азербайжан тараптан да жакшы көңүл бурулбай келатканы фонддун ишин илгерилетүүгө тескери таасирин тийгизип жатат. Биздин иш ушул жактан аскап келүүдө.

– Фонддун сыйлыктары да болсо керек?

– Коомчулукка таанымал онго жакын инсандар фонддун «Алтын медалы» менен сыйланышты. Анын ичинде Чыңгыз Айтматов да бар.

Бул медаль түрк тилдүү мамлекеттердин жакындашуусуна, өз ара кызматташуусуна, достук-ынтымагына, адабий-маданий байланышын бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон саясий жана коомдук мыкты ишмерлерге ыйгарыла турганын баса белгилегим келет.

Алтындан жасалган медалга XX кылымдын чыгаан саясатчысы, Азербайжан элинин ысымы өчпөс улуу Гейдар Алиевдин сүрөтү түшүрүлгөн.

Мындан тышкары Гейдар Алиев атындагы сыйлыгыбыз да бар.

– Бул сыйлыктар түрк тилдүү эмес башка өлкөлөрдө жашап салым кошкон коомдук жана саясий ишмерлерге да берилеби?

– Мыкты эмгектери, салмактуу салымдары менен таанылган инсандар улутуна карабай сыйланышат. Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдогон жана ага чоң кызмат кылган андай инсандарды биз сыйлабасак, ким сыйлайт? Буга биз олуттуу карашыбыз керек.

– Нусрет мырза, дүйнөгө атагы чыккан даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматов менен абдан жылуу мамиледе болгонмун деп айтып да, сыймыктанып да жүрөсүз. Сизди мындай бактыга жеткирген эмне себеп болду?

– Чыңгыз Айтматов менен алгачкы жолу 1989-жылы Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда таанышканмын. Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга Азербайжандан келген акындар экөөбүздү тааныштырышкан.

Ошондон кийин мамилебиз абдан жакшы болуп калган. Кандай гана мааракеге чакырбайын, сөзсүз келип катышчу. Ал биздин ушундай фонд түзгөнүбүздүн максатын, көздөгөн багыты туура экенин түшүнгөн жана президиумдун мүчөсү катары жардам берген. Ак батасын да берген. Сыйлыктарды ыйгаруу жаатында айткан ар бир сөзү, пикири өзгөчө болгон.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2008-жыл «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыяланган эле.

Ошого байланыштуу фондубуздун демилгеси менен 80 жылдык юбилейин белгилөө максатында ал Бакуга чакырылган. Бакуда ал 24-марттан 1-апрелге чейин жүргөн.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго Азербайжандын президенти Илхам Алиев орден тагууда. Сол четте - Нусрет Мамедов. 25.2.2008.
Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго Азербайжандын президенти Илхам Алиев орден тагууда. Сол четте - Нусрет Мамедов. 25.2.2008.

Ошол күндөрү өткөрүлгөн салтанаттуу жыйында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Чыңгыз Айтматовго номер биринчи «Достук» орденин, мен болсо фонддун «Алтын медалын» төшүнө тактык.

(Тактоо. Азербайжанда 2007-жылы 16-февралда негизделген бул "Достук" ордени - "Dostluq" ordeni - алгачкы жолу кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго ыйгарылган. Бул орденди тапшырган салтанаттуу азем 2008-жылы 25-февралда болгон. - Ред.).

Азербайжандын борборундагы жогорку даражадагы мындай урмат-сыйга Чыңгыз Айтматов абдан ыраазы болгон.

Бакуда өткөргөн ошол жети күндө кубанычтуу маанайда жүргөнү али да көз алдымда турат. Мен анын улуулугуна жана жупунулугуна өмүр бою таазим эткидей таасир алганмын.

Катуу ооруп Германияга алып кетишкенде абдан тынчсызданып жолдошу Мариям Урматовнага телефон чалдым эле.

"Учуп барайынбы?" десем, «убара болуп каласыз, бизге деле (кирүүгө) уруксат бербей жатышат», - деп айтып, ыраазычылык билдирген.

Айла канча, биз эле эмес бүткүл дүйнө ушундай улуу адамынан ажырап калды.

– Мындан кийинки пландарыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

– Кыргызстан ажайып жер. Жаратылышынын кооздугу, элинин меймандостугу өзгөчө. Бул өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт бар. Мен ушул жагына пайда келтире турган чоң маараке өткөрүүнү пландап турам азыр.

2019-жылы Илхам Алиевдин кызы Кыргызстанга келип эс алгандан кийин, Ысык-Көлдүн сулуулугуна таасирленип ыр жазган экен. Биз бул ырды он эки тилге котордук. Ар бирине обон жараттык. Белгилүү ырчыларга сунуш кылып ырдаттык.

Азыр бул чыгарманы отуздан ашуун мыкты ырчылар ырдап жүрүшөт.

Эми Кыргызстанда фестиваль өткөрүүнү көздөп жатабыз. Фестивалда фонд тарабынан жарыкка чыгарылган китептердин бет ачары да болот.

Мааракеге, буюрса, дүйнөнүн булуң-бурчунан таанымал ырчылар келишет. Бишкекте, касиеттүү Ысык-Көлдө болушат. Кыргызстандын туризмин, экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган дүйнөлүк рекламага айланат, бул фестиваль. Анын шарапаты менен Ысык-Көлдүн сулуулугу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт деген үмүттөмүн.

– Кыргыз бийлиги бул идеяңызды колдойбу, каражат жагынан каралашабы?

– Мага каражатынын кереги жок. Сурабайм дагы. Каражатты өзүм табам. Өзүмдүн атымдан өткөрөм.

Мага эң негизгиси – моралдык колдоо гана керек. Фестивалды кантип уюштуруу, кантип өткөрүү жагын да өз мойнума алам. Бул боюнча Кыргызстандын президентинин администрациясына билдирдим. Макулдук бергендей болушту. Калганын убагы келгенде көрөбүз.

Аңгемелешкен: Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу, журналист.

Бишкек шаары.

XS
SM
MD
LG