Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Улуттук ордого айланган чайканалар


Чайкана палоосу.
Чайкана палоосу.

Тажикстандык кыргыздардын чайканасы жана жамаагаттык өзүн-өзү башкаруу өзгөчөлүктөрү тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримов блог сунуштайт.

Бир нече жылга созулган саясий жаӊжалдын кесепетинен Тажикстанда жашаган 60 миӊден ашуун кыргыздардын бардыгы эле Ала-Тоого көчүп келген эмес. Азыркы учурда бул жумуриятта 40 миӊге жакын кыргыздар ата-бабасы эзелтеден байырлап келген атажуртунун бөлүгүндө жашап жатканы тууралуу айтылып жүрөт. Алардын турмушу, өзүлөрүн өзүлөрү башкарган өзгөчөлүктөрү, бош убактыларын кантип өткөрө тургандыктары окурмандарды кызыктырат болуш керек.

Каратегиндеги Жерге-Тал районунда байырлап жаткан кыргыздар төрт айдан ашуун убакытка созулган кыш мезгилинде илгертен калыптанган той-тамашалар, улуттук оюндар ж.б. мааракелер менен алек болушат.

Элдин каражаты менен өзгөчө архитектуралык ыкмада курулган мындай ажайып чайканаларды аймактын ар бир айыл кыштагынан көрүүгө болот.

Чайкана – кыргыздардын маданий жана руханий жактан эс алып көӊүл ачуучу, дасторкон четинде баарлашып олтуруучу улуттук ордосу. Анын ички жана тышкы жасалгасы өзгөчө. Жасалгалоого, идиш-аякка, жерге салына турган төшөнчүлөргө эл өзү акча чогултуп, улам жаӊылап келет.

Каратегиндеги Жерге-Тал (Вахдат) шаарчасынын чайканасы.
Каратегиндеги Жерге-Тал (Вахдат) шаарчасынын чайканасы.

Чебер аялдардын колунан жаралган жумшак төшөкчөлөр тегерете салынып, дасторкон ар дайым жайылып турат. Ысык чай, тамак-аш, нан сатылбайт. Тыштан келген жолоочу болобу, айыл адамдары болобу, салам айтып кирет да, эч кандай акы төлөбөй эле жеп-ичип, жылынып кете берет.

Чайканалар жыл бою такай иштетилбейт. Чарбачылык жумуштары аяктап, эгин-тегин жыйылып, отун-суу камдалып, элдин колу бошогондон кийин гана ачылат.

Эл дайындаган чайканачы имараттын ичи-тышын иретке келтирет. Ошол учурдан «чайкана новат» (чайканага тамак даярдоо кезеги, нөөмөтү) башталат. Өткөн жылы кайсы үй-бүлөгө кезек жетип токтогон болсо, ошол үй-бүлө «новатты» улантат.

Эреже боюнча «новатты» алган үй-бүлө үйүндө кой союп же «даш» (чоӊ) казанга палоо демдеп, кечинде чайканага алып келет. Даярдалган тамак, жабылган нан ар бир үй-бүлөдөн келип олтурган адамга жете турган өлчөмдө болушу керек.

«Новат» башталган күндөн тартып чайканачы кечки жыйынга самоордун суусун кайнатат. Идиш-аякты ырастайт. Дасторконун жайып, тамак-аштын келишин күтүп турат. Кечки отурумдан кийин эртеӊ мененки «наништага» (саарлыкка) даярданат. Таӊ заарда мешке от калайт. Самоорду кайнатып коёт. Айыл эли таӊга маал малына жем-чөбүн бергенден кийин нанын дасторконуна ороп чайканага агылат. Чайканага айылдагы адамдардын бардыгы эмес, ар бир үй-бүлөдөн бир же эки адам келип турат. Бирок аялдар менен балдар киришпейт.

Жалаӊ тамактануу үчүн эле эмес, айылдагы улуттук башкаруунун ордосуна да айланган чайканаларда тартип-ынтызам, урмат-сый талаптары катуу сакталат. Анда ар бир адамдын олтура турган орду бар. Кимден кийин ким олтурарын жакшы билишет.

Бул эреже улуу-кичүүнүн бири-бирине урмат-сыйын бекемдей турган өзүнчө мыйзам. Ага ким эле болбосун баш ийүүгө тийиш. Чайканага айылдын эӊ улуу аксакалы же имам кирип келсе, олтургандардын бардыгы тура калып, саламын алик алышат. Чайканадан чыгып баратканда да аларга ушул тартипте урмат-сый көрсөтүлөт.

Кечки тамактан кийин чай ичиле баштаганда «эл башы» айыл турмушуна, ички жана тышкы маселелерге байланышкан сөзү болсо, ортого чыгып төрдөгү аксакалдарга кайрылат.

«Эл башы» аксакалдар менен кеӊешпей туруп, эч бир чечим кабыл ала албайт. Айыл ичиндеги үй-бүлөлүк, кошуналык талаш-тартыштар, айрым бир бейбаштыктар, элдин аброюна доо кетире турган адепсиздиктер дал мына ушул отуруштарда талкууланат жана күнөөлүүлөргө эскертүү берилет.

Айтор, аксакалдардын айтканы айткандай, дегени дегендей кыйшаюусуз орундалат. Эл ушундай тартипте башкарылып, айылдын турмушу улана берет.

Отурумда айтылгандарды назарга илбегендер, эскертүүлөргө баш ийбегендер «мааракеден» (элден) чыгарылат. Бул эл тарабынан колдонулган эӊ оор жаза. Мындай жазага кириптер болгон тургун элдик мааракелерге катыша албай калат. Андайларды чакырбай да коюшат. Көпчүлүккө кайра кошулуш үчүн элден кечирим суроого, күнөөлөрдү моюнга алууга туура келет.

Жергиликтүү калктын карамагындагы чайканалар керек болгон учурларда тойкана катары да, элдик майрамдарды, маркумга куран окутуу сыяктуу мааракелерди өткөрө турган жай катары да пайдаланыла берет. Анткени, анда зарыл болгон нерселердин бардыгы бар. Мисал үчүн кимдир бирөө башка айылга кызын узата турган болсо, той боло турган күнү элдин баары чайканага жыйылып, кызмат кылышат. Башка айылдагы кудалар тараптан келген меймандарды ызат-урмат менен тосуп алышат. Колдоруна суу куюп, дасторкон четине отургузушат. Той тамагы берилгенден кийин меймандарды жылуу-жумшак узатышат.

Башкача айтканда сөөк көмүү, ар кандай той-тамашаларды өткөрүү бир эле үй-бүлөнүн эмес, жалпы элдин мааракеси болот. Ошол себептен эч бир адам бул иштерден четтей албайт, айылдын намысын коргоого бардыгы өз салымын кошот.

Жерге-талдык кыргыздар узакка созулган кыш мезгилинде улак тартканды да, алыс-жакындагы атактуу «чавандаздарды» чакырып улак тартуу оюнун уюштурууну да жакшы көрүшөт. Улак тартылып бүткөндөн кийин, оюнду уюштурган айылдын эли алыстан келген «чавандаз» меймандарды суукка карыштырбай жылуу чайканаларына алып келип, конок кылмай салттары бар. Меймандар узатылганга чейин алардын аттарын да жем-чөп берип багышат. «Чавандаздарга» ысык тамак берип, калыӊ салынган төшөккө жаткырышат.

Эртеси «наништа» (саарлык тамак) берилген соӊ, меймандостук салттарын бузбай узатып коюшат. Айтор, чайкана мындай учурда көптөгөн конокторду батырган акысыз мейманкана да болуп калат.

Каратегиндеги Жерге-Тал (Вахдат) шаарчасынын чайканасын курган Өмүрбай.
Каратегиндеги Жерге-Тал (Вахдат) шаарчасынын чайканасын курган Өмүрбай.

Сүрөттөгү кооз имарат «жыгачка жан киргизген уста» деген атакка ээ болгон Өмүрбай устанын курган аймактагы ажайып чайканалардын бири.

Колунан көөрү төгүлгөн бул бактысыз инсанга саясий согуш учурунда оппозиция менен байланышы бар деген күнөө коюлуп, өкмөттүк аскерлер аны чак түштө, бийлик дегениӊ менен да, оппозиция дегениӊ менен да, сасыган саясатыӊ менен да иши жок, курсагы ач, кийими жыртык, бала-чакасы отун-суусуз үйдө калтырып отурган карапайым элдин көз алдында ырайымсыздык менен атып өлтүрүшкөн.

Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Ыраматылык тирүү болгондо дагы көптөгөн кооз имараттарды куруп бермек элге. Айылдардын абатчылыгы үчүн жасаган эмгектери кандай бийик болсо, кылымдардан бери бирге жашап келаткан кыргыздарга карата бир туугандык мамилеси да ошондой ыйык, ошондой жылуу болчу. Кыргыздарга кыргызча так сүйлөгөн, колдон келген көмөгүн аябаган, канында кыргыздын да каны жүгүргөн берешен адамдардын бири эле.

Мирзохалим Каримов,

журналист.

XS
SM
MD
LG