Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Океевди Тажикстанда гүл менен тосуп алышкан


"Сүйүү закымдары" тасмасын тартуу учуру. 1986-жыл.
"Сүйүү закымдары" тасмасын тартуу учуру. 1986-жыл.

Журналист Абдил-Ахат КУРБАН уулунун айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океев тууралуу эскерүүсү.

Эстен кеткис кездешүү

1986-жылдын 2-майы эле. Мен Фрунзеден Ленинабад (азыркы Хужанд) аркылуу Дүйшөмбүгө уччу "ТУ-134" учагынын салонунда отургам. Учактын абага көтөрүлгөнүнө он мүнөттөй болгон. Мен отурган жерден эки-үч катар алдыда бери каратып коюлган орундукта кинорежиссёр Төлөмүш Океевге окшош киши иллюминатордон асмандагы аппак булуттарга телмире тиктеп бараткан.

Сүрөтүн гезит-журналдардан көрүп жүргөнүм үчүн ордуман туруп жанына басып бардым.

- Ассалом алейкум! Кечирип коюңуз, сиз Төлөмүш ава эмессизби?

- Ооба, мен Төлөмүшмүн, - деп жооп берди ал мага таңыркай карап.

Мен болсом белгилүү кинорежиссёрду көргөнүмө ишенип-ишенбей турам. Менин абалымды түшүндү го ал: “Кел, бул жерге отур”, -деп мага жанындагы бош орунду көрсөтүп атымды, Дүйшөмбүгө кандай жумуш менен баратканымды сурады.

Мен Жерге-Тал районунан болорумду, өз жериме баратканымды айттым.

- Улутуң кыргызбы?

- Ооба агай, мен кыргызмын. Жерге-Талда элдин көбү кыргыздар. Ал жер биздин тарыхый мекенибиз болот, -деп жооп бердим.

Ошентип Төлөмүш агай экөөбүздүн маегибиз кызып, ал мага өзүн кызыктырган суроолорду бере баштады.

- Силерде кыргызча мектептер барбы?

- Биздин райондо 51 мектеп бар. 40 мектепте окуу кыргыз тилинде, төрт мектепте тажик тилинде, алты мектепте кыргыз-тажик, бир мектепте кыргыз, тажик жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

- Абдил-Ахат, элиңер эмне менен алектенет?

- Биздин жерибиз алма менен алмуруттун мекени. Анан дыйканчылык кылып мал кармайбыз. Картошканын түшүмдүүлүгү жагынан союзда биринчи орунда турабыз, СССРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты Социалисттик Эмгектин Баатыры С.Рахмонова, А.Зикиов, С.Зулпукаарова, С.Мажитов жетектеген бригадалар ар гектардан 480 центнерге чейин түшүм алышат.

С.Абдрахманов, Т.Гайназаров сыяктуу алдыңкы чабандар бар. Менин атамдын сүрөтү алдыңкы багбан катары эки жыл удаасы менен СССРдин ВДНХсында илинип турган. Көпүрүк-Башы айылында жылдар бою башкарма болуп иштеген Баитов Таш ата 1984-жылы өзүнүн 20 сотке тамаркасынан 11,2 тонна түшүм алган.

- Сен баарын жатка билет турбайсыңбы?

- Агай, мен райондук гезитте иштейм. Билгеним ошондон.

- Гезитиңер кыргыз тилинде чыгабы?

- Биздин гезит 1934-жылдын 7-ноябрынан баштап “Ленин жолу” деген аталышта кыргыз тилинде чыгып келген. Кийинчерээк “Коммунист” деген аталышта кыргыз жана тажик тилдеринде жумасына үч жолу чыга баштаган.

- Сенден жакшы маалыматтарды билип албадымбы. Элиңердин жашоосу кандай, силерде кыргыз элинин үрп-адат, салт-санаалары сакталып турабы?

- Кудайга шүгүр, элибиздин жашоо-тиричилиги жакшы. Бул жагы Мары, Чоржуй, Ташкентке, ал жагы Владивосток, Сахалин, Магаданга чейин барып жемиш сатып келишет. Кыргыздын салт-санаалары сакталып келет. Фрунзеден чыкчу бардык гезит-журналдарга жазылып окуйбуз.

Китепканалардагы китептердин көбү кыргыз тилинде. Райондук керек-жарак коому Фрунзеден такай кыргыз тилиндеги китептерди алдырып, райондун борборундагы китеп дүкөнүнөн саттырып турат.

- Эми мен сага биз эмне үчүн Тажикстанга баратканыбыз жөнүндө айтып берейин. Биз Орджоникидзеабад районунда кинофильм тартып жатабыз. 1-май майрамына Фрунзеге келген элек. Эми ишибизди улантканы бара жатабыз. Бул кишилер биздин кино тартуучу топтун мүчөлөрү, бул киши операторубуз Нуртай Борбиев, бул..., - деп Төлөмүш Океев өзүнүн бет маңдайында отурган беш-алты кишини мага тааныштырды да сөзүн улантты.

- Сен тажик киносценаристи Тимур Зулфикахаровду билсең керек. Мага былтыр Минскиде өткөн Бүткүл союздук кинофестиваль учурунда мага өзү жазган бир киносценарийдин текстин берип, окуп чыгып пикиримди айтышымды суранган. Сценарий мага абдан жакты. Кийин Тимур ошол сценарийдин негизинде кино тартуумду суранды. Мен сценарийге айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадым. Тимур макул болду. Анан биз ал сценарий боюнча “Кыргызфильм” тарабынан кинофильм тартмай болдук. Тимур кино “Тажикфильм” өндүрүшүнөн чыкса деп суранды. Андай кылууга “Тажикфильмдин” каражаты жетпейт экен. Бизде каражат маселесин Чыңгыз Айтматов Москва менен байланышып заматта чечип койчу. Кыскасы каражат жагы “Кыргызфильм” аркылуу чечилди да бул кинонун Чыгыш шаарларынын жүзүн көрсөтчү жерлери Сириядан, калган бөлүгү Ысык-Көлдүн жээгинен, Монголиядан жана Тажикстандан тартылмай болду. Буюрса, жаңы бул кинолента “Ганемфильм” (Сирия), “Кыргызфильм” жана “Тажикфильм” киностудияларынын биргелешкен өндүрүшүнөн чыгат.

- Агай жаңы кинофильмдин аты эмне деп аталат?

- Азырынча шарттуу түрдө “Махабат дастаны” (Фильм кийин "Сүйүү закымдары" деген аталыш менен чыккан - ред.) деп атап жатабыз.

Төлөмүш Океев абдан жөнөкөй, жатык инсан экен. Ошого аны менен эч тартынбай сүйлөшүп жаттым.

- Агай, биздин жерге келип кетиңиздер. Жергеталдыктар сиздерди кучак жайып тосуп алышат. Бизде сиздерге көргөзчү кооз жерлер, сулуу төрлөр көп. Бизге Муз-Тоонун (“Коммунизм” чокусу) төбөсү көрүнүп турат. Дарыяларыбызда кызыл чаар (форель), суусар, кундуз, тоолорубузда аркар, кулжа, улар, кекилик, кашкулак, суур, карышкыр, аюунун баары бар. Бизде каман да көп.

- Абдил-Ахат, мен Жерге-Талды абдан көргүм келет. Бирок, быйыл кол бошобойт го. Баса, Жерге-Талда бир ысык булак бар деп уккам?

- Ооба, Тамды-Кол деген жерибизде жер астынан агып чыккан Жылуу-Суу деген ысык суу бар. Анын ысыктыгы 73-78 градустан жогору болуп турат. Жылуу-Сууда балык, жумуртка бышат.

Аңгемебиз кызыгандан биз кантип Хужанд шаарынын аба майданына жеткенибизди сезбей калдык.

Хужанд тажиктердин тарыхый шаарларынын бири, фарсы-тажик классикалык адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Камоли Хужанди ушул жерде туулган.

Фарсы-тажик жазма адабиятынын негиз салуучусу, дүйнөлүк поэзиянын Адамы (Адам ат) Абу Абдулло Рудаки да Хужандга караштуу Панжакент шаарына жакын жердеги Панжруд (Беш-Булак) деген жерде туулган. Бул аймак тарыхы терең, сырга да бай жер.

Ленинабаддагы жарым күн

Биз Ленинабад аэропортуна жеткенде асманды коюу кара булут каптап калып, абанын оңолушун күтүп кечке ал жерде калдык. Мен дале Океев агайдын жан-алын койбой суроолорду жаадырып жаттым.

Бир маалда менин эсиме “Кыргыз киночулары биздин республикабызда жүрсө, мен аларга бир пияла чай уюштурбасам уят го”, - деген ой келди да киночулар тобун коюу өскөн бактын ичиндеги жайкы ашканага таклип эттим.

Ашканада кымча бел, чачтары тал-талдап өрүлгөн, каштары чабалекейдин кош канатын элестеткен атлас көйнөкчөн тажик кыздар отургандарга чай, тамак ташып жүрүшөт.

Ал кыздардын жанатан берки кыймыл-аракеттерин карап турган Нуртай агай: -Ба-аах, тажик кыздарынын сулуулугу өзгөчө да, чиркин, -деди эле мен ага: “Ушул бийкечтердин бирин сизге токолдукка сүйлөшүп берейинби?” деп тамаша узаттым.

Нуртай агай: “Оо-оой, ошого жараган жигит кана? Кой, тамашалайм, токол алып жеңеңден айрылып калбайын”, - деп отургандарды күлдүрдү.

Нуртай агай “Төлөмүш агайың шишкебеп жебейт”, -деди да ага шорпо, башкаларга шишкебеп жана өзүлөрү каалаган тамактарды буюрду. Тамак ичилип бүтүп акысын төлөөгө келгенде мен Фрунзеде үйгө базарлык кылып чөнтөгүмдө жол кире үчүн 40 сомдой пулум калганын эстеп, төлөөгө акчам жетпей калса таза уят болот турбайбы деп ойлоп айлам кетти.

Бирок, сыр алдырбай колумду чөнтөгүмө салдым.

-Аай, Абдил-Ахат, сен коё тур. Тамакка мен төлөйм, -деп Нуртай Борбиев көйнөгүнүн төш чөнтөгүнөн бир тутам акча сууруп чыкты.

- Жок, байке, мен төлөйүн, сиздер меймансыздар да, -дедим мен эми шердене.

Нуртай агай колундагы акчаны официант келинге узатканда менин жаным жай ала түштү. Түн киргенде биздин рейске жүргүнчүлөрдү каттоо башталды. Мына биз Дүйшөмбүгө жеттик.

Мен Төлөмүш агайдын салмактуу бозгуч чемоданын анын колунан алып учактан баарынан кийин түштүм. Кыргыз киночуларын тажик кино ишмерлер тобу менен улуттук кийимчен кыздар “Хайра макдам!” (Кайырлуу кадам), деп гүлдесте менен тосуп алышты. Мага да бир тутам гүл сунулду. Төлөмүш агай мени катуу кыстап киночулар тобуна кошуп алып биз тез эле сегиз кабаттуу “Тажикстан” мейманканасына жетип келдик. Ал жерде “горсад” деп аталган гүлбак бар эле. Шаардыктар ал жерде эс алышчу. Гүлбакты бир канча жыл абакка отуруп чыккан жергеталдык Бекжан аттуу кыргыз ава көзөмөлдөп турчу.

Төлөмүш жана Нуртай авалар түн кирип калгандан менин мейманканада түнөп калуумду суранышты. Мен аларга терең ыраазылык билдирип, “Биз сиздерди Жерге-Талдан күтөбүз. Сөзсүз келиңиздер” деп коштошуп, андан ары жолумду уланттым.

“Кыргыз кереметинин” жаратуучуларынын бири, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Кыргызстан Ленин комсомолу жана СССРдин мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти, өз доорунун көрүнүктүү кинорежиссёру, сценарист жана коомдук ишмер, эң башкысы мыкты инсан Төлөмүш Океевди биринчи да, акыркы да жолу көргөнүм ошол болду.

Ал менин эсимде "Бакайдын жайыты", “Уркуя”, “Көк серек”, “Кызыл алма”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму” ж.б. тасмалары менен түбөлүк калды.

Ушул тасмаларды көргөн сайын мындан 34 жыл мурун кыргыз кино ишмерлери Т. Океев жана Н. Борбиев менен Фрунзеден Дүйшөмбүгө чейин чогуу барган бактылуу ирмем, алардын жылмайган жүздөрү көз алдыма тартылат.

Ошондо бир сүрөттүн артына Төлөмүш агайдын жазып берген кол тамгасын баалуу эстелик катары сактап жүрөм.

Абдил-Ахат КУРБАН уулу (Ханкелдитегин), саясат таануучу, Сокулук райондук “Элдик трибуна” гезитинин редакторунун орун басары. “ТҮРКСОЙ”, Кыргызстан жазуучулар бирлиги жана “Жаңы Ала-Тоо” журналдары биргеликте уюштурган Махмуд Кашкари сыйлыгынын ээси.

XS
SM
MD
LG