Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Али Хамраев: Төлөмүш кино үчүн жаралган эле


Солдон оңго: Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев. Архивдик сүрөт.
Солдон оңго: Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев. Архивдик сүрөт.

Кыргыздын залкар режиссёру Төлөмүш Океев тирүү болсо 11-сентябрда 85 жашка чыкмак.

Өзбекстандык белгилүү режиссёр жана сценарист Али Хамраев маркум менен 1960-жылдары таанышып, кесиптеш, санаалаш гана эмес, ага-инидей болуп калган. Ушу тапта Италияда жашаган Хамраев ал тууралуу өз эскерүүлөрү менен бөлүштү.

- Эң оболу Океев менин эң жакын досум, жакын кишим эле. Биз 1960-жылдары таанышканбыз. Ал Ташкентке чоң кинематографиядагы дебюту болгон «Бакайдын жайыты» фильмин алып келген. Тасма мага абдан чоң таасир калтырган. Ошол 1968-жылы башталган достугубуз кийин чыныгы бир туугандык мамилеге айланды. Ага-инидей болуп калганбыз. Кайда жүрбөйлү, кайсы шаарларда, СССРдин кайсы бурчунда жолукпайлы, Кыргызстан, Өзбекстан, Италия, Франция, Түркия болобу, дайыма чогуу жүрчүбүз. Мүнөзүбүз да окшошуп кетчү. Абдан тамашакөй, өзүн өзү какшыктаганды жакшы көргөн киши эле.

Мен үчүн Төлөмүш бүгүн да тирүүдөй. Азыр эшик ачылып, кирип келип: «Хамраев, эмне отурасың? Карасаң, сыртта кандай кооз, кандай керемет кар жаап атат (же күн ушундай ажайып тийип атат, нөшөр төгүп атат) жүрү, сейилдеп келели», - деп айтчудай сезилет. Ал шамал десе, анын бороон-чапкынын, кар десе, сунган колуң көрүнбөчүдөй болуп балбактап түшкөнүн жактырчу. Анын фильмдери да ошондой ышкыга толуп-ташып турчу. Океев кинематография үчүн төрөлгөн. Таланттын чордону болгон үчилтик Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев жана Сүймөнкул Чокморов - кыргыз элинин бактысына жаралган. Алар кайда барбасын, бардыгы суктанып карашчу. Залкар таланттардын энергиясы да ашып-төгүлүп турчу, ал кадимкидей сезилчү.

- «Бакайдын жайыты» эмнеси менен таасир этти эле? Франциялык киносынчынын ошол фильмди көргөндөн кийин «чыныгы кереметтин жаралышына күбө болдук» деп айтканын окуп калдым эле...

Али Хамраев.
Али Хамраев.

- «Бакайдын жайыты» - «Кыргыз киносунун керемети» деген феномендин, кыргыз кинематографиясынын жаңы белесинин башаты болуп калды. Океев ошол толкунду биринчи болуп тааныткан. Искусстводо моданы ээрчибей, элдик фильм жаратуунүн үлгүсүн көрсөткөн. Мени дал ушул нерсе катуу таасирленткен. Биз баарыбыз эле жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкканбыз. Ал тоо койнундагы Бөкөнбаев кыштагында өсүп чоңойгон. Мен анын кичи мекенинде, көл жээгиндеги айылда нечен жолу болуп, туугандары, ыраматылык агасы менен да жолугуп, бир дасторкондо даам сызганбыз.

Дасторкондун үстүндө бешбармак жеп, шарап ичкен, ыр ырдап отурган күндөрүбүз арбын болгон. Төлөмүш өзүнүн өскөн жерин, Кыргызстандын жаратылышын, рухун, мээримдүүлүгүн, чынчылдыгын ошол тасмада чагылдырган. Фильмде эр жетип бараткан өспүрүмдүн таржымалы кемелине келтире баяндалган. Атасынын ролун залкар актёр Рыскулов ийине жеткире аткарган. Фильмдин финалын көргөндө кадимкидей көзүмдөн жаш тегеренген.

«Мектепте окуйм» деген баласына шаарга кетүүгө уруксат бербеген сүрдүү чабандын баласы ата жолун улашы керек эле да? Бирок эсиңиздеби, аягында ошол каардуу аксакал уулун урушкандын ордуна чөнтөгүнөн капчыгын алып чыгып окуусуна, жашоосуна акча берет. Мындай финал мени абдан толкунданткан. Франциялык сынчыны түшүнөм. Дегеле Океевдин чыгармаларын Францияда, Германияда жакшы көрүшчү. Эл аралык фестивалдарда сыйлыктарды алып жүрдү. Ажайып фильмдери үчүн СССРдеги дээрлик ар бир фестивалда лауреат болгон. Ал жараткан фильмдер абдан түрдүү болчу. «Бакайдын жайыты», «Кызыл алма» же «Уркуя» - бири-биринен абдан айырмаланган тасмалар.

- Кайсы фильми жана эмнеси менен сизге өзгөчө жагат, өзгөчө жакын?

- Мен «Көксерек» деген фильмин жакшы көрөм. Менимче, ал өзүнчө шедевр. «Бакайдын жайытынан» кийин эле ушул тасмасы Төлөмүштүн чыгармачылыгынын туу чокусунда турат. «Улан» деген тасмасын да белгилейт элем. Мен абдан жакшы көргөн, урматтаган досум, актёрум, таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов өз образын жогорку чеберчилик менен жараткан. Мен Океевдин үй-бүлөсү менен азыркыга чейин байланышып, кездешип турам. Бишкекке барсам, сөзсүз анын жубайы Жумаштыкына баш багам. Тоо этегиндеги үйүндө кыздары Азиза, Алима менен отуруп, Төлөмүштү эскеребиз. Анын тамашалары, күлкүсү, куйкум сөздөрү азыркыга чейин кулагымда турат.

«Бакайдын жайыты» фильминен көрүнүш.
«Бакайдын жайыты» фильминен көрүнүш.

Илгери Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгондо Москвада Кино үйүнүн ресторанында жолугуп калдык. Мен андан: «Мына, парламенттин депутаты болдуң, бактылуусуңбу?» - деп сурасам: «Ооба, абдан курсантмын», - деди. «Жашооң өзгөрдүбү?» - десем: «Депутаттардын бир чоң артыкчылыгы бар экен. Соолуктуруучу жайда күн тийген жерден орун беришет», - деп тамашалап каткырганы эсимде. Ал сөздүн чебери болчу, чукугандай таап сүйлөчү. Ал барган жерде ар дайым тамаша, күлкү жаңырып турар эле. Москванын четинде жаш режиссёрлордун семинарлары уюштурулчу. Ашканада дайыма бир үстөлдө отурчубуз, бир бөлмөдөн орун алчубуз. Өзбектер менен кыргыздар бизге көз артып, «эмнеге өздөрүнүкү менен жүрүшпөйт» деп калышчу. Биз жакын дос болчубуз, түнкү саат эки-үчкө чейин кебибиз түгөнчү эмес.

Төлөмүш Океев менен Али Хамраев (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Төлөмүш Океев менен Али Хамраев (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

- Ошондо эмнени сүйлөшчү элеңер? Чыгармачыл пландары менен бөлүшүп же кеңеш сурачу беле?

- Биз сүйлөшкөн сайын аткаминерлерди сындачубуз. Анткени, фильмдерибизди өткөргөндө такай кыйынчылыктарга туш болчубуз. Себеби, Төлөмүш жөнөкөй эмес тасмаларды жаратчу. Мисалы, «Уланды» алсак. Ал аракеч, ичкиликке берилген адамдын жашоосун баяндайт. Советтик цензуранын шартында ошондой чыныгы турмуштан алынган картина тартуу оңой болчу дейсиңерби? Океев болсо ошондой фильмди тартмак турсун, драманы жарата алган. Тигил же бул эпизодду, кадрларды, диалогдорду «алып сал» дешкенде, өзүнүн айтканынан кайтпай, өз оюн коргой алчу. Албетте, биз пландарыбыз менен бөлүшчүбүз. Албетте, бири-бирибизден кеңеш сурачубуз.

Үй-бүлөмдү алып, Ысык-Көлгө барып эс алганыбызды эң жылуу сезимдер менен эстейм. Океев мага: «Кара деңизди, Таиландды же Италияны эмне кыласың? Көлгө келсең, Таиланд биякта эле калат», - деп калчу. Көл жээгине бөз үй тигип, дасторкон жайылып, от жагып, жылдыздарды карап, көпкө чейин кеп салып отурчубуз. Тегерегибизде балдар, биздин келечегибиз чуркап ойноп жүрүшөт. Кыскасы, абдан жакын болчубуз. Төлөмүш Анкарада каза болгону тууралуу кабар мага күтүүсүз болду.

«Уркуя» фильминен көрүнүш.
«Уркуя» фильминен көрүнүш.

- «Кыргыз керемети» деп калдыңыз. Ошондой керемет дагы жаралабы, Кыргызстанда?

- Албетте, таланттуу жаш режиссёрлор, актёрлор, операторлор, сүрөтчүлөр, драматургдар ошондон бери чыккан, азыр да пайда болуп келатат. Бирин-серин кызыктуу чыгармачыл адамдар бар. Бирок Төлөмүш Океев, Болотбек Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеевдей болгон күчтүү толкун жок. Бул, албетте, оңой эмес. Андай толкундун, Океевдей режиссёрдун жаралышы үчүн убакыт керек. Океевдин ички цензурасы жок болчу. Борбор Азия өлкөлөрүндө цензура гүлдөп өсүп жатат. Конституцияда «цензура жок» деп жазылганы менен ар аткаминердин ичинде цензура бар. «Мен мындай деп ойлойм» деп ар ким өз көз карашын таңуулай берет. Аны аткарбасаң бүттү, фильмиңди чыгарбай, текчеге коюп коюшат.

Океев тагдырга моюн сунбаган киши болчу. Тилекке каршы жаш кетти. Чыныгы досумдун жаркын элеси түбөлүк менин көз алдымда турат.

XS
SM
MD
LG