Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:25

Болот Шамшиевдин мурасы уланабы?


Болот Шамшиев. Архивден алынган сүрөт.

«Кыргыз керемети» деген атак-даңкка ээ болгон кыргыз кино чеберлеринин бири, атактуу режиссер Болот Шамшиевдин сөөгү жерге берилди.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон «Ак кеменин» жаратуучусу Болот Шамшиевдин кинодо тарткан кайталангыс көз ирмемдери Жер шарындагы канча адамдын жүрөгүн ээлеп, канча адамдын жан дүйнөсүн кыргызга бурганы тарыхта өчпөс табылга бойдон калаары шексиз.

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргызстандын Эл артисти, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, режиссер Молдосейит Мамбетакунов жана Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазылов катышты.

«Азаттык»: - Болот Шамшиевдин биринчи жубайы, легендарлуу киноактриса Айтурган Темирова «Болот Шамшиев акыркы 29 жыл ичинде бир да кино тарткан жок, ага тартууга мүмкүнчүлүк беришкен да жок, ал сүрөткер катары бааланган жок» деди. Чын эле ошондой болдубу?

Абибилла Пазылов: - Бул суроого эки негизде жооп берсек болот. Биринчиден, Болот Шамшиев тарткан кинолордун бардыгы өз доорунда эң мыкты фильмдер катары абдан көп көрүлгөн, жогору бааланган жана ошол кездеги эң мыкты жана жогорку сыйлыктарды, наамдарды алып, абдан бийик кадыр-баркка ээ болгон.

Ал эми эгемендик жылдары кино тартпай калышына ар кандай себеп болушу мүмкүн. Бирок кино тартуу каржылык жактан көп чыгымды талап кылган өтө оор тармак болгондуктан Болот Шамшиевдин деңгээлиндеги фильмдерди тартуу үчүн абдан көп каражат талап кылынмак. Эгемендиктин алгачкы жылдарында бул жагынан аябай аксадык. Шамшиев гана эмес, маданият, адабият жана андан башка чыгармачыл тармактагы акындар, жазуучулар, киночулар каржалып калганы жашыруун эмес. Ушундан улам Болот Шамшиев да өзү каалаган кинолорду тартпай калды.

2000-жылдары «Жаңгак токоюнун арбактары» деген фильмин тартуу үчүн акча бөлүнгөн. Бирок киночулар арасындагы талаштардан, Шамшиевдин өзүнүн чыгармачыл талаптарына төп келбей калган шарттардан улам кино аягына чыкпай калды. Анан Апрель окуясы аны менен кошо башка максаттарды да быт-чыт кылып кетти. «Жаңгак токоюнун арбактарын» кино тармагын башкарган кийинки жетекчилер колдогон жок. Балким ушуга аттиң арман дээрбиз.


«Азаттык»: - Молдосейит мырза, кыргыз киночулар арасында "«Кыргыз керемети» деген доорду жараткан режиссерлор Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев кино тармагын ээлеп алышып, башка таланттууларга жол берилген эмес. Эгер алар таланттуу башка режиссерлорго да колдоо көрсөтүшкөндө сонун фильмдер жаралмак" деген сөз көп айтылат эмеспи. Чын эле таланттуу режиссерлордун чыгармачылык менен эргип иштешине шарт болгон жок беле?

Молдосейит Мамбетакунов: - Мен биринчи суроого кайрыла кетейин. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин искусство жана маданият тармагын өнүктүрүү эске келбей, мамлекеттин структурасын түзүү маселесине гана көңүл буруп туруп алдык. Анын катарында искусство да бар экенин унутуп, мамлекет көңүл бурган жок. Шамшиев мына ошол учурга дал келип, иши жок калды. Чыгармачылык менен күргүштөп иштеп турган адамды 5 мүнөт ишсиз койсоң анын жан дүйнөсү жанчылат, көңүлү чөгөт, ою токтойт. Анан бекерчиликтен башка нерселерге берилип кетет. Менин оюмча, Болот Шамшиевдин да саясатка аралашып кетиши, депутат болушу аны кинодон алыстатты. Эгер ага көңүл бөлүп, «Сиз саясатты жөн коюп, кино тартыңыз, момундай шарт түзүп берели» деген колдоо болсо балким, жакшы кинолорду жаратмак.

Экинчиден, ошол кезде айрым бир мамлекеттик ишмерлер жана окуялар тууралуу фильмдерди тартууга каражат табылып эле жатты. Мисалы, президенттерди тарттык. Ошондой каражаттын көркөм фильмдерди тартууга табылбаганы бизге табышмак. Эгер ошол учурда көркөм тасмаларды тартууга көңүл бурулса ошол эле темадагы мыкты кинолор жаралмак.


Мен кийинки убактарда Шамшиев менен көп баарлашып калдым. Өткөн жылы бир студентти ээрчитип алып интервью алганы барсам «Бакыт үйүнүн» жанындагы үч кабат үйдүн биринчи кабатында 3 бөлмөлүү үйдө турат экен. Анан мен таң калып, «Сиз үй салып алган жоксузбу?» деп сурасам, ал «мына ушундай эле жашайбыз» деп өтө жөнөкөйлүгүн көрсөтүп жооп берди.

Өзү Кожомкул жөнүндө кино тартсам деп калыңдыгы бир карыш болгон сценарийин жазып коюптур. Ушуга каражат бөлүнсө, жердештери колдосо Кожомкулду тартсам деп аябай шыктанып турган экен. Анан интервью алганы барган жигитке өз насаатын айтып, кантип тартуу керек экендигин дароо көрсөтүп, жаштарга камкордугун көрсөтүп жатты.

Ал эми «Кыргыз киносунун керемети» десе эле төрт режиссердун атын атайбыз. Жок, андан башка режисселор да арбын болгон. Мисалы, даректүү тасма тарткан Видугирис, Бекеш Абдылдаевдин мыкты фильмдери бар. Ошол кезде бир курдай жаш режиссерлор теңтайлаш чыгып, «Кыргыз кереметин» ошол режиссерлордун тобу биргелешип түзүшкөн.


Ал эми Болот Шамшиев тарткан «Ак кеме» фильми СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татып, чынында СССР гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги бийиктик катары артыкчылыкка ээ болгон. Айрыкча баланын ойногону, укмуштай кооз жаратылыш, операторлук жана режиссерлук иштин төп келиши кино тааныган чөйрөдө классикалык укмуш жаратмандык катары бааланган бийиктик болгон.

Ошондуктан мен ушул режиссерлор болбосо башкалар да суурулуп чыкмак деген ойго кошулбайм. Себеби кандай гана коом болбосун дарамети барлардын бардыгынын алдыга чыгышына бирдей эле шарт түзүлөт, бирок баарынын бирдей деңгээлде чыгышы мүмкүн эмес. Мисалы, СССРдин кино искусство институтунда ошол кездеги союздук республикалардан барган эки жүздөн ашуун студент окуган. Алардын ичинен 10-15 адам, кээ бир өлкөлөрдөн бирден эле режиссер мыкты жаратман болуп чыкты. Анткени кино өнөрүндө суурулуп чыгуунун өзү өтө кыйын.

Эмне үчүн эгемендик алгандан бери Шамшиевдей болгон мыктылар чыкпай жатат? Азыр режиссерлер абдан көп, анда эмне үчүн чыгаан боло албай жатышат? Эмне үчүн Чыңгыз Айтматовдой чыгаан жазуучу чыкпай жатат? Себеби мындай өнөр тандалгандарга гана берилет. Андай өнөр, бийиктик жана талант элдин баарына эле бериле бербейт. Азыр деле эч кимге доомат артпай тарта беришсин, ким тоскоол болмок эле…


«Азаттык»: - Абибилла мырза, сиз кино тармагына аралашып жүргөн адам катары режиссерлор, операторлор, сценаристтер арасындагы абалды, тактап айтканда, кино тартууга уруксат алуу, каражат бөлдүрүү сыяктуу олуттуу учурларды жакшы билсеңиз керек. Болот Шамшиевдин эркин иштешине, өзү таанып, ошону элге ачып берейин деген аракети толук ишке ашты деп айта алабызбы?

Абибилла Пазылов: - Мен кинодирекциясында иштеп турган учурда Болот Шамшиев өзү «Кыргызфильмдин» көркөм кеңешинин жетекчиси эле. Ошондо «Петрарканы окуу», «Белгисиз маршрут», «Уурунун махабаты» деген фильмдерди салыштырмалуу алганда абдан жаш режиссерлор тартышкан эле. Ошол фильмдердин сценарийлерин тартуудан мурунку ар кандай деңгээлдеги талкууларда Болот Шамшиев мугалим катары эмес, насаатчы катары кеңештерин берип, "айрым жерлерин оңдогула" деп ачуу чындыкты чукуп көрсөтүп, түртүп жатты. Анын даанышмандыгы ушунда болду.

«Азаттык»: - Демек кино тартууга мүмкүнчүлүк, шарт жакшы эле болду беле?

Абибилла Пазылов: - Андай шарт кийин жакшы түзүлдү, бирок ошол кезде мен өзү тартам деп түрткөнүн көргөн жокмун, тескерисинче, жаштарга көбүрөөк шарт түзгөнгө аракет кылды. Ал эми азыркы режиссерлордун көбү ошол Болот менен Төлөмүштүн шакирттери деп айтсак болот.

Молдосейит Мамбетакунов: - Бул жерден акыйкаттык үчүн белгилеп койчу бир жагдай бар. Киночулар арасында болуп калган учурларда жаш киночулардын Төлөмүш же Болот үйрөттү деп эч кимиси айтпайт. Менимче, чыгармачыл адамдар арасында лидер болуу же алдыда жүрүү абдан кыйын. Анткени бири-бирин кызгануу бийик.


«Азаттык»: - Молдосейит мырза, СССР доорунда атак-даңкка ээ болгон чеберлер өзүнүн болбоду дегенде 10-15 шакиртин даярдашы керек деген жазылбаган талап бар эле. Ошол талаптын негизинде тигил же бул тармактын кесипкөй чеберинин бара-бара өз мектеби калыптанчу эле. Болот Шамшиевдин мектеби түзүлдүбү?

Молдосейит Мамбетакунов: - Болот Шамшиев өз чеберканасында экинчи режиссер кылып балким айрымдарды тарбиялагандыр. Бирок жогорку окуу жайларда адистерди тарбиялай албай калды. Мен Болот Төлөновичке барып, "балдарды окутуп, тарбиялап бериңиз" деп сунуштадым. Ал «Силердин чоңдоруңар менин окутушума макул бекен? Сен адегенде ошол чоңдордун макулдугун сура, мен ар дайым даярмын» деди.

Жогорку жетекчилерден же окуу жайлардын ректораттарынан Шамшиевге «Сизге атайын кафедра ачып берели, жаш режиссерлорду даярдап бериңиз» деген сунуштун берилбей калганы чоң кемчилик болду. Ал эми биздей адамдардын сунушу колдоо тапкан жок. Ошон үчүн Болот Шамшиев жаш киночуларды тарбиялай албай калды.

«Азаттык»: - Абибилла мырза, Болот Шамшиев кинодо роль ойноого актерлорду тандоодо аябай көрөгөч болгон. Мисалы, Сүймөнкул Чокморовду, Айтурган Темированы кино жылдызы кылган. Тилекке каршы, айрым режиссерлор жараса-жарабаса деле өз жакындарын тартып, кинодогу табитти бузган учурларды көп эле көрүп жүрөбүз. Азыркы режиссерлор арасында Шашиевдин актер тандоо чеберчилигин үйрөнгөндөр болду деп айта алабызбы?

Абибилла Пазылов: - Бул жаатта азыркы режиссёрлор арасында жоопкерчилик жетиштүү болбой жатат.

Молдосейит Мамбетакунов: - Болот Шамшиевде "боло берет" деген мамиле такыр жок болчу. Азыркы режиссерлордо жараса, жарабаса да боло берет, чыга берсин деген мамиле көп. Мисалы, Болот Шамшиев эмне үчүн жогоруда айтылган фильмин аягына чыгарган жок? Менимче, анын критерийине туура келген жок. Тартылышы, ойногондору алымсындырган жок. Ошондой деңгээлдеги фильмди чыгарганча жөн коёюн деди.


«Азаттык»: - Молдосейит мырза, кечээ театр иликтөөчү Жаныш Кулмамбетов социалдык тармакка өз пикирин жарыялады. Анда "Чыңгыз Айтматов, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Төлөгөн Касымбековду өз кезегинде көрө албай бут тосуп, алардын чыгармачылыгы түтөп калганга чейин жеткирген адамдар көздөрү өткөндө дайыма камкордук көрүп колдоп жүргөн адамдардай болуп жан тарта кооздоп сүйлөштү. Эми кыргыз киносунун генийин акыркы сапарга узатууда үн катпай эле койгулачы" деп жазды. Мындай көрүнүш бүгүн да кайталанбайт деген кепилдик барбы? Колунан келсе да жардам бербей, кайдыгер караган адамдардын бүгүн мактап, жактап сүйлөшү турган иш го. Мындай көрүнүш чыгармачыл интеллигенция, дегеле көп адамдар арасында алга, асылдыкка умтулуунун азайзандыгын көрсөтөбү?

Абибилла Пазылов: - Эми искусство менен маданиятта Моцарт менен Сольеринин синдрому болбой койбойт, болгон жана боло берет. Генийлер арасында атаандашуу деген абдан күчтүү болот. Бирок Болот Шамшиевдин жасаган эмгеги жана искусствосу эч качан унутулбайт, ар дайым калдайып тураары шексиз.

Молдосейит Мамбетакунов: - Чынын айтканда, каражат деле табылмак. Ошол учурда жана бүгүн да бийлик талашуу жана башка майда нерселер менен алектенип жатып, маанилүү иштерди унутуп калып жатабыз. Так ошондой болуп Болот Шамшиев да унутулуп калды. Ал өмүрүндө бирөөгө суранып барган адам эмес. Анткени анын аты бар адам. Ошон үчүн аны чакырып, "муну жасап бер" деп суранышыбыз керек эле. Андай болгон жок, Болот агабыз аны күттү. Мүмкүн ичиндеги арман дагы ошол болсо керек. Кийинки күндөрү сүйлөшкөндө ошону кыйытып калаар эле…

Демек Болот Шамшиевдин кинодо жараткан бийик деңгээлин эми көзү өткөндөн кийин таанып, баалагандар болоор. Бирок эң башкысы ал багындырган бийиктикке умтулгандар көп болуп, чыгармачылыктан көрө албастыкты, табигат берген талант менен талантсыз мажирөөлүктү айрый билгендер көп болсун.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG