Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

«Кумар» – түбөлүк каргыштын шоораты


Темир Бирназаровдун "Кумар" тасмасынын постери. (Сүрөт интернеттен алынды)
Темир Бирназаровдун "Кумар" тасмасынын постери. (Сүрөт интернеттен алынды)

Темир Бирназаровдун "Кумар" тасмасына жазуучу Аким Кожоевдин берген баасы.

Мен Темир Бирназаровдун «Кумар» тасмасын көргөнгө чейин ал жөнүндө жазылган анча-мынча сын пикирлерден, Интернеттеги кыскача трейлеринен улам арамдан тапкан байлыгына, бийлигине кутуруп, жаш кыздарды ойнош кылган карөзгөй, жексур жөнүндө турбайбы деген пикирге келген элем.

Талантуу режиссёр Эдип комплексин биздин замандын өңүтүнөн, учурдун оош-кыйышынан туруп чечмелеген экен деп ойлоп жүрчүмүн.

Ачыгын айтсам, тасманы биринчи жолу көргөнүмдө такыр мен күткөндөй болбой, туңгуюкка кептелгендей абалда калдым: бул эмне, керек болсо ата мекенин да сатуудан кайра тартпаган коррупционердин бейнесиби, же жашы улгайып калганда айтылуу Раймалы сыяктуу чыныгы ашыктык отуна кабылган үй-бүлөлүү адамдын трагедиялуу тагдырыбы? Өз канынан бүткөн кызы менен төшөктөш болгон жогорку кызматтагы адамдын каргышын аны «идеалдаштырбай» эле көрсөтсө болбойт беле дегендей кыжалат ойлор тынчтык бербей, көпкө чейин мазамды алып жүрдү. Атүгүл бул арада фильмдин автору Темир байкеге иренжиген, андан көңүлүм кайт болгон күндөрүм да болду.

Бирок экинчи жолу тасманын ар бир кадрына, ар бир эпизодуна, каармандардын диалогуна, кыймыл-аракетине, ишарат, ымдоо-жаңсоолоруна гана эмес, андагы декорация, мизансцена, пейзаж, фон, түс сыяктуу көркөм каражаттарга да астейдил көңүл буруп көрүп чыккандан кийин, аталган фильмди «жаңыдан ачкандай» болдум.

Көрсө, Темир Бирназаров биз үчүн көнүмүш болгон стереотип, клишелерден атайын баш тартып, баш каармандарынын бирин – жогорку кызматтагы адамды биз күткөндөй жүз пайыз «терс» кылып жууруп салбаганынын жөнү бар экен.

Анткени коррупцияга белчесинен батып, мамлекетти талап-тоногону аз келгенсип, кыз-келиндер менен каалашынча көңүл ачкан жогорку даражадагы мындай чиновникти, айталы, 21-кылымдын белдүү кинорежиссёру Звягинцевдин «Левиафанындагы» мэрдей ачыктан-ачык карамүртөз, зөөкүр кылып чагылдырганда, биз, балким, аны жутуп ийчүдөй жек көрмөкпүз, бар ачуубуз менен сөкмөкпүз. Бирок кийин тез эле ал тууралуу унутуп калмакпыз.

Ал эми көптөн бери менин тынчымды алып, акыл-эсимди алагды кылган жана улам кайра-кайра кыжалат ойлорго түрткөн «Кумардын» сыры аталган баш каармандын бейнесинин табышмактуулугунда, т.а. анын амбиваленттүүлүгүндө экендиги анык. Мен тасманы экинчи жолу көрүп чыгар замат, эсиме дароо америкалык атактуу жазуучу Фицджеральддын «Улуу Гэтсби» романынын баш каарманы келди. Дээрлик мындан жүз жыл мурда жазылса да, «жаз доорунун» эң көрүнүктүү чыгармасы катары бүгүн да талаш-тартыш жаратып келе жаткан романдын башкы каарманы Жей Гэтсбини айрым изилдөөчүлөр кудум шах Жахан сыяктуу ашыгына арнап жомоктогудай вилла куруп, бүт өмүрүн ошого курмандыкка чалган романтик катары сүрөттөшсө, дагы бирөөлөр ага арам жол менен байыган шылуун, атүгүл киши өлтүргөнгө чейин барган канкор катары мүнөздөмө берип келишет.

Анын сыңарындай, биз дагы «Кумардагы» чиновникти тигиндей, мындай деп, ага бир беткей баа бере албайбыз. Дегеле адамдын өзү жүз пайыз же периште же шайтан болбой тургандыгын Достоевскийдин каармандарынан жакшы билебиз. Ошондо биздин чиновник ким? Дүйнөнүн сырын, чындыкты таанып-билиш үчүн (бул жерде турмуштун бардык жыргалчылыгы үчүн) жанын азезилге саткан Фаустпу? Байлык, бийлик деп жүрүп, көзүн эле эмес, көөдөнүн да май баскан кулпендеби?

Неси болсо да «Кумардагы» чиновник да Жей Гэтсби сыяктуу көп кырдуу, көп сырдуу, төтөн карама-каршылыктуу персонаж экени талашсыз.

Эгер тасманын жүрүшүндө ал өзү акча жөнүндө бир-эки жолу оозанбаганда (мисалы, каржы полициясына ишке кирмекчи болгон адам «жүз миң» пара сунуштап жатканын мактануу менен аялына маалымдабаганда), анын ким экендиги анык болбой, бүдөмүк бойдон калмак. Албетте, анын үйү, буюм-тайымдары, чет өлкөдөгү уулуна «жарым миллион» акча салмакчы болгону, ашкере дөөлөтүү экендигин кабарлап турат деңизчи. Бирок кишинин байлыгын көрүп туруп эле, эч далил жок аны ууру же коррупционер деп айтууга болобу?

Бизди туңгуюкка кептелткен, эки анжы кылып кыйнаган жагдай, жогоруда кеп кылгандай, анын амбиваленттүүлүгү. Орусча-кыргызчаны чолуп сүйлөгөн аялы Марияга караганда ал нукура кыргыз. Ал кыргыздын каада-салтын, тилин, музыкасын сыйлайт. Чет жакка кеткен келини-баласы, небереси кыргыздыгын жоготпосо экен деп сар-санаа тартат. Бул бир. Экинчиден, Айжанга болгон романтикалуу сүйүүсүн, ага төгүлүп-чачылып кам көргөнүн айтпаганда да (өз кызы экендиги тууралуу кеп кылбай туралы), ал сылык-сыпаа, адамгерчиликтүү. Эгер ал жалаң кара күч менен байлык-бийлигине сыйынган заалим болгондо, Айжан ага кайтып келмек эмес. Бул саам Айжан баштагыдай акча, шаан-шөкөткө (роскошь) азгырылып келбестен, жылуулук, мээрим издеп келди. «Бели ооруп», «буттары муздак» болсо да, өзү менен жан кумарын кандыруу үчүн эле кездешип жүргөн тиги жигиттен «спонсору» төөлүк өйдө экендигин түшүндү.

Режиссёр өз каарманы жөнүндө: «Дал ушуга окшогон ооз көптүрүп кооз сүйлөп, жарашыктуу кийинген адамдар элди алдап, талап-тонойт. …аларды адам түспөл накта азезил десек туура болот» – дейт. Мен автордун мындай кескин берген баасына кошула бербейм. Балким, чиновник башта чын эле кой терисин жамынган карышкыр болгондур, бирок азыр ал аздыр-көптүр өзгөргөн, ал такыр эле абийир, адамгерчиликтен куржалак калган эмес. Башкасын айтпаганда да анын Айжанга болгон махабаты, ага карата жылуу мамилеси чын ыкластан экендигинде эч шек жок. Ал эми мындай өзгөрүүнүн, мындай бурулуштун себепчиси Айжан болушу толук ыктымал. (Аттиң, Айжан өз кызы чыгып калбаганда, ушул сүйүүнүн шарапаты менен балким анын көзү ачылмак, анын жан дүйнөсүндө кескин өзгөрүш жүрмөк!).

Мен бул жерде дүйнөдөгү эң жаман, эң мыкаачы, эң коркунучтуу адам кандайдыр бир таасирден, себептен, жагдайдан улам өзгөрүшү мүмкүнбү деген суроону койгум келип жатат. Бул соболго жоопту кайра эле аталган режиссёрдун соңку тасмаларынын бири «Кош келиңиз, президент мырза!» деген трагикомедиялуу чыгармасынын финалынан табабыз.

Баштагы өң-келбетинен, байлыгынан, аты-жөнүнөн ажырап, селсаякка айланган мурдагы президент бийликте турган учурдагы кетирген бардык кемчиликтерин түшүнүп, жашоодон кечип, Ысык-Көлгө чөгүп өлмөкчү болот. Бактыга жараша, мойнуна байланган таш чечилип кетип, аман калат. Муну касиеттүү Көл анын күнөөлөрүн жууп, кечирим берди деп түшүнсөк болот. Ошентип, ал суудан чыкканда тазаланып, башка адам болуп чыгат.

Биз мындан адам канчалык жаман болбосун, кандай оор кылмыш кылбасын ал өзгөрүшү мүмкүн экен деген жыйынтыкка келебиз. «Адамдын ариетине ишенем», – деп Чыңгыз Айтматов да бекеринен айтпаган чыгар.

Ошентип, «Кумар» тасмасындагы чиновник – бул кыргыз киносундагы таптакыр жаңы тип, жаңы табылга, жаңы образ. Ошондуктан аны буга чейин көнүмүш болгон чен-өлчөм, критерийлер менен баалоого эч мүмкүн эмес.

Фильмдеги каармандар бири-бири менен сүйлөшүп жатканга караганда, сүкүт тарткансып үн-сөзсүз отурганда көп нерсени түшүнөбүз, көп нерсени аңдап-баамдайбыз. Бул жагынан «Кумар» залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сынына толгон жапон режиссёру Канэто Синдонун «Жайдак арал» тасмасына окшоп кетет. «Жайдак аралда» бир дагы диалог жок, бирок жалаң музыка менен ыргактан бүткөндөй керемет чыгарма. Табияттын көркөм чагылдырылышы боюнча кинодогу живопись десек да болот. Ал эми «Кумарда» ички динамизм, кебин тышка чыгара албаган каармандардын сезимдеринин буркан-шаркан түшкөн абалы абдан ынанымдуу берилген. Кинону баштан аяк жарылып кетчүдөй болгон психологиялык чыңалуу коштоп турат.

Бирназаровдун дагы бир чоң чеберчилиги – кайсы бир каармандын «менин» бир реплика, фраза менен эле ачып бергендигинде. Алсак, Бек Борбиевдин ырларынын ышкыбозу (бүгүнкү массалык маданияттын, жапайы коомдун туундусу), Айжандын жаңы таанышкан жигитинин: «Мен сени кыз экен десе!» – деп кекеткен бир сөзү менен эле анын канчалык пас, канчалык наадан экендиги дароо анык болот. Чыгаан сүрөткер ушул жерде да курч социалдык маселени, улуттук оор көйгөйдү каймана түрдө каңкуулап жатат. Автор Айжандын атасындай киши менен көңүлдөш болуп кетишине, негизи эле кыргыз кыздарынын таман астында калып жатышына биринчи кезекте аял затын кор туткан тигиге окшогон айбан сымал эркектаналар айыптуу экендигин кыйытат.

А Айжандын апасы бүгүнкү жоопкерчиликсиз эркектерге алданып, тагдыры талкаланган, басынып, чүнчүгөн, турмуштан өксүгөн бейтаалай кыргыз аялынын образы эле эмес. Ал бийлик башында тургандарды «Кумардагы» чиновниктей өзү кутурткан, эсирип-көптүрткөн, момун, баёо, ишенчээк элдин да типтештирилген образы.

Тасмадагы чоң чиновниктин өз кызы менен ойнош болуп калышы (кумарга батышы) символикалуу. Мында автор кинонун тили менен эгер сен өз эли-жериңди талап-тоносоң, эгер сен чоң кызматта туруп арам акчага, байлыкка азгырылсаң, эгер сен эсирип көпсөң, бир күн болбосо бир күн сөзсүз кутулбас куяга, укумдан-тукумга унутулгус түбөлүк каргыш, наалатка каласың деп катуу эскертүү берип жатат. Андыктан «Кумарды» фильм-эскертүү, фильм-насыйкат, фильм-притча десек туура болот.

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" архиви: Темир Бирназаров менен маек. 2017-жыл.

Бирназаров: Тасмаларым адамдарды тазалашын каалайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:50 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG