Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:15

Кино өнөрүнүн шам чырагы


Динара Асанова.

Чыгаан кинорежиссёр Динара Асанова жана анын чыгармачылыгы тууралуу Аким Кожоевдин адабий блогун сунуштайбыз.

Менин калп айтууга убактым жок.

Динара Асанова

Кырк эки жылдык кыска өмүрүндө, он жылдан ашпаган чыгармачылык жолунда искусствонун нукура үлгүлөрүн калтырып кеткен чыгаан кинорежиссёр Динара Асанованын талантына, анын адамдык нарк-насилине, бул өмүрдүн ар бир саатын кудум күйүп-жанып жашагандай жашап өткөнүнө таң калбай коё албайсың.

Дээрлик жыл сайын бирден тасма жаратуу (болгондо да кандай тасмаларды!) не деген жигерди, не деген кайрат-күчтү, не деген акыл-эсти, ой-кыялды талап кылат. Балким, маркум Динара эженин мындай ийгилигинин сыйкыры узакка түтөбөй, дүрт этип күйгөн дээринде чыгаар, акын Шандор Петефи айткандай, «чагылгандын огундай бир келип, бир кеткениндедир».

Биз бүгүн залкар режиссёрдун баалуу мурастарынын ичинен «Боз балдар» («Пацаны») тасмасы тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Советтер өлкөсүнүн эң абройлуу наамына – СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (режиссёрдун көзү өткөндөн кийин ыйгарылган) «Боз балдар» тасмасы (сценарийин жазган Юрий Клепиков, оператору – Юрий Векслер) – жанры боюнча социалдык драма. Азыркы учурда да өтө орчундуу болуп жаткан өспүрүмдөр темасына арналган.

Фильмдин кириш бөлүгү журналист менен терс аяк балдардын (ууру-кескилердин, хулигандардын, аракечтердин) баарлашуусунан башталат. Журналисттин суроолоруна берген жоопторунан алардын баары келечекте ар кандай жаман иштерге даяр экендигин, керек болсо адам өлтүрүүдөн да кайра тартпай тургандыгын байкайбыз. Башкача айтканда, булардын баары жаш болсо да кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар, эгер өз убагында обочолобосо (түрмөгө камабаса), коом үчүн ашкере кооптуу элементке айланышы толук ыктымал экендигин түшүнөбүз.

«Жакшылык деген эмне?» – деген суроого мукактанып эч кимисинин оңгулуктуу жооп бере албаганы, алардын жүрөгүндө жакшылык кылуу ниети жок экендигинен эле кабар бербейт. Бул жөнүндө алардын эч кимиси эч качан ойлонбогонун, кимдир бирөөдөн жылуу сөз угуп, жакшылык көрбөгөнүн да жышааналайт. Ошентип, тасманын экспозициясы жакшылык жок жерде жамандык орнойт деген сөздүн чындыгына бизди дагы бир жолу ынандырат.

Ал эми кийинки эпизоддо ошондой чуулгандуу балдардын бири, бир нече жолу уурулук кылып колго түшкөн он беш жаштагы Киреев аттуу тестиердин сотуна күбө болобуз. Сот жараяны башталып жатканда кирип келген эмгек-спорттук лагердин жетекчиси Павел Васильевич Антонов тарбиялануучусу Киреев жөнүндө сотко белгисиз жагдайларды айтып берет. Бул бала апасыз жетим, атасы аракеч жана адеп-ахлагы бузук, жоопкерсиз киши, тапканын ичип алып үйүнө бир тыйын алып келбейт экен. Киреев кесиптик-техникалык окуу жайда окуп жаткан эжеси Маргаританын өп-чап стипендиясы менен жашап жатыптыр. Павел Антонов эгер бул бала бирөөнүн чөнтөгүнө кол салган болсо, буга аргасыздыктан барган болушу ыктымалдыгын айтат. Ошентип, фемида өкүлдөрүнүн балага карата мамилеси өзгөрөт.

"Киреев рухий жактан өсүп-жетилген эмес, – дейт Антонов. – окуусу да начар, балдарыбызды бузбасын деп урмат-сыйлуу үй-бүлөлөр аны босогосуна жолотпойт, ошондуктан анын эртели-кеч көргөнү көчө… Эми мен өз тарбиялануучум Киреевдин жакшы жактары тууралуу кеп сала турган болсом, ал өзү, эжеси, атүгүл атасы үчүн да уялып, намыстанат. Демек, ал абийирден куржалак калган эмес. Мен сиздерден суранам, Киреевди биздин камкордугубузга бериңиздер", – Антонов өз сөзүн ушинтип жыйынтыктайт.

Ал судьялардын биринин «эки жылга кесилип жаткан Киреевдин адам болуп кетерине көзүңүз жетеби» деген кыязда берген суроосуна «жок» деп жооп берсе да, түпкүлүгүндө анын жакшы бала экендигине, анда адамгерчиликтин учкуну, данеги такыр өлбөгөндүгүнө ишенет. Бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алып, аны жайкы эмгек лагерине алып кетет.

Асанованын чеберчилиги ал өз каарманынын адамдык турпатын, жандүйнөсүн улам жаңы эпизоддор, жаңы кадрлар, деталдар, метафора, подтексттер менен ачып берип отургандыгында.

Кийинки эпизоддо Антонов менен Киреевдин поюзда бара жатканын көрөбүз. Антонов Киреевди кудум өз баласындай кучактап, бооруна кысып уктап жаткан болот. Кино жаратуучулар бул кадрды жөн жерден киргизген эмес. Бул жерде терең маани, подтекст катылган. Антонов баланы кучактап, ага атасы бербеген мээримди бергиси келет, анын жүрөгүндөгү тоңгон музду эритип, тестиердин адамга, жашоого болгон ишенимин ойготууга далалаттанат. Биздин божомолубузду кийинки көрүнүш таасын далилдейт.

Антоновдун спортчу эски ашынасы, учурда машыктыруучу болуп шугулданып жүргөн киши өз командасы менен поюздун ичинде өтүп баратып кокустан купеде уктап жаткан Антоновду көрүп калат.

Ал Киреевди көрсөтүп, «уулуңбу?» деп сураганда, Антонов «ооба» деп жооп берет. Демек, Киреев анын өз канынан жаралган баласы болбосо да, ал үчүн чындап күйүп-бышып, баланы аталык камкордугуна алат.

Ашынасы Антоновдун жеке жашоосуна кызыгып, тек тарбиячы экендигин укканда, тарбиячынын келечеги жок экендигин айтып, ага өсө турган, майлуу-сүтүү кызмат сунуш кылат. Жобурап, аны көндүрүүгө көп аракет жасайт. Бирок Антонов аны жактырбай, мансапкор эски «досунан» тезирээк кутулгусу келгенин кабак-кашынан байкайбыз. Анткени Антоновду өзүнүн жеке жашоосу, жеке жыргалчылыгы эмес, Киреев сыяктуу жолдон адашкан балдардын тагдыры, келечеги көбүрөөк ойлондурат, көбүрөөк сар-санаага салат.

Антоновдун антиподу, эмгек лагериндеги анын орун басары Олег Павлович экөөнүн ортосундагы мамиледен, алардын турмушка, балдарга болгон көз караштарынан Паша Антоновдун кулк-мүнөзү, адамдык портрети алдыбызга мурдагыдан да даана тартылат. Жогорку билимдүү, психологиядан «бешке» окуган Олег Павловичтен айырмаланып, Пашанын атайын билими болбосо да, тагдыры тайкы, мүнөзү катаал балдар менен кандай иш алып баруу керектигин мыкты билет. Ал эми «дипломдуу адис» Олег Павлович мындай бейбаш балдарга баш оорутуп отурбай, түрмөгө каматып салууну эп көрөт, т.а. алардын адам болуп кетерине түк көзү жетпейт жана ага кызыкпайт да. Табиятынан төрөпейил, эгер бийлиги болсо Айтматовдун Орозкулунан ашса ашып кеткен, бирок андан асти кем калбаган Олег Павловичтин чыныгы жүзүн тамеки уурдайм деп колго түшүп калган Шмырёвго жасаган мамилесинен көрөбүз. Шмырёвду кемсинтип, өзүн «сиз» дедиртип, бул аз келгенсип, өз айыбын өзүнө ашкерелетет. Бул накта кулпенденин мүнөзү эмей эмине! Анткени өзүнөн алсыздарга «сиз» дедирип басынткан адам, өзүнөн жогорку тургандарды, өзүнөн күчтүүлөрдү «сиз» деп жүрүп көнгөн бечара, байкуш болот эмеспи. Ошол эле учурда шаардагы көчө балдарынын ана башылары катары аты чыккан жанкечтилер Зайцев менен Рублёвду арак ичкени үчүн лагерден кууп жибергени анын жоопкерчиликтен качкандыгын, кайдыгерлигин, «көзүм көрбөсө, … бөрү жесин» деген кыргыздын орой макалындагыдай принцип менен жашагандыгын айгинелейт.

Павел Антонов, тескерисинче, балдардын баарын өзүн «Паша», «сен» дедиртип көндүрөт. Ар бир баланын «сен» деп айта турган эркек кишиси (мейли атасы, же башкасы) болушу керек дейт ал. Орустун маданиятынан, үй-бүлөлүк мамилесинен кабары жоктор мунун маанисин түшүнбөй калышы мүмкүн. Орустарда эң жакын адамына «сен» деп кайрылат. Ата-энесин да «сен» дегени мына ошондон. Демек, Паша ар бир балага атасындай жакын болгусу келет жана балдар да аны өз адамындай көрүшүн каалайт. Тагыраагы, балдардын баарына мээр-шавкат жетишпей тургандыгын жүрөгү менен сезип-туят.

– Кана, бүгүн кимибиз кандай жакшылык иш кылганыбызды эстейли, – деп, Антоновдун кечки тамак ичер алдында кол алдындагылардын кылган жакшылыгын күн кур эмес эстерине салып турушу – тасманын ажарын ачып турган ажайып сценалардын бири. Пашанын бул сөзүндө: «Бүгүн ушул азыр жей турган наныбызга, ичер тамагыбызга арзый турган пайдалуу иш жасадыкпы, башкача айтканда, жеген наныбызды адалдай алдыкпы?» – деген терең маанилүү суроо жатат. Аттиң, ушул суроону ар бирибиз күн сайын өзүбүзгө бергенибизде, ушул суроону күн сайын бүткүл адамзат өзүнө бергенинде, балким, жер жүзүндө мынчалык бактысыздык, мынчалык азап-шор болмок эмес. Өзүнүн нанын адалдап (кийинки мезгилдерде адалдоо деген сөз «кымырып алды», «өзүнө энчилеп алды» дегендей теңирден тескери мааниде колдонулуп жатат, аныгы арам нерсе эч качан адалданбайт) жегенди мындай кой, бирөөлөрдүн ырыскысын уурдап алгандар, зордук менен тартып алгандар азыр жүздөп, миңдеп саналат.

Ошентип, Антонов таптакыр чийинден чыккан ээн баш өспүрүмдөрдү өзүнүн жүрүм-туруму, жылуу мамилеси (керек учурда Макаренко сыяктуу катаалдыкка да барып), аталык мээрими менен тарбиялайт. Алардын колу-жолун бош койбой, ар кимисинин ал-күчүнө жараша ишке чегерип, эмгекке көнүктүрөт. Спорт менен машыктырып, күрөш, акробатика, гимнастика ж.б.у.с. спорттун түрлөрүн үйрөтөт. Бош убактыларында ырдап, бийлешет.

Кинонун жүрүшүнөн лагердеги балдардын минтип эч кимге кереги жок, коом үчүн «кооптуу элементке» айланышына биринчи кезекте үй-бүлөсү, ата-энеси күнөөлүү экендигине күбө болобуз. Библияда айтылгандай, Кудай Таала ар бир пендесин өзүнө окшоштуруп жараткан. Мындан келди эч кайсы бала жаман болуп төрөлбөйт жана ар бир адам – өзү жашап жаткан коомдун туундусу, өз чөйрөсүнүн өндүрүмү. Башкасын коюп бир эле Зайцевдин ата-энесин алсак, бири-бири менен чоочун кишилердин көзүнчө да жаакташкандан уялбаган, бүт жашоосу ыйкы-тыйкы менен өтүп жаткан ары ынтымаксыз, ары жоопкерчиликсиз үй-бүлөдөн албетте, Зайцев сыяктуу зөөкүр бала чыкмагы турган иш.

Баары ойдогудай жүрүп жатканда күтүлбөгөн бир каргаша Антоновдун мээнетинин баарын күм-жам кылып жибере жаздайт. Балдар бузган эски имараттын кирпичин ташыган айдоочу кызы Ирина менен сүйлөшүп жүргөн Шмырёвду бир заматта жолдон буруп, кирпичти совхозго алып барбай, өз үйүнө түшүртөт. Шмырёв өзү менен бирге келген дагы эки шериги Белоусов жана Киреев менен кирпич түшүрүп жатканда, айылдын балдары чогулуп келип, Иринанын үстүнөн чоң мушташ чыгат. Натыйжада, Шмырёвду милиция кармап кетет. Шмырёвдун кармалганын уккан отряд «иш таштайт» (Антонов Шмырёвдун артынан кеткен эле). Дээринен зордукчул, бийликчил Олег Павлович балдарды мажбурлап иштеткиси келет. Улам-улам сөз кайырган командирлердин (лагердеги командалардын биринин башчысы) бирин жаагына чаап жибергенде, бүт баарынын жаалы кайнап, Олег Павловичти сууга түшкөн чычкандай кылып кыйнап, колу-бутуп таңып, башына мүшөк кийгизип коюшат. Ошентип, көз ачып жумганча өспүрүмдөрдүн пейили кайрадан бузулуп, алардын көкүрөк-көөдөнүндө байыркы Платон айткан “каардуу жырткыч” кайрадан ойгонот. Заматта ар бирин сүрмө топтун психологиясы даарыйт. Бүлдүрүп-ураткыч, кыйраткыч күч ар биринин акыл-эсин арбап, сезим-туюмун ууктурат. Натыйжада жолунан чыккан нерсенин баарын бузуп жарып, өрттөп, талкалап кете беришет. Атүгүл жеген нанын да тебелегенден кайра тартышпайт.

Милициядан Шмырёвду эсен-аман чыгарып, чарчап-чаалыгып келген Антонов муну көрүп, асманы аңтарылып түшкөндөй абалда калат. Ал кудум жиниккен немедей бар күч-аракети менен коңгуроо кага берет. Дал ушундай учурда, тасманын кульминациялык чекке жеткен бөлүгүндө коңгуроонун кагылышы метафоралык мааниге ээ. Илгери орустарда коңгуроо абдан капсалаңдуу жагдайларда (мисалы, жоо каптап киргенде) же жалпы элдин катышуусунда олуттуу чечим кабыл аларда же дагы башка зарыл маселер караларда, ал эми көбүнчөсү элди сыйынууга чакырууда ибадатканаларда кагылган.

Ачуудан, ызадан өң-алеттеп кетип, колуна кирген баланы муунтуп салуудан кайра тартпачудай ызырынган Пашанын дагы бир касиет-сапаты, адамдык бийиктиги фильмдин ушул кесиндисинде ачылат. Көрсө, ал бир гана Киреевди эмес, лагердеги балдардын дээрлик баарын курдумга кетүүдөн сактап калган экен. Мүмкүн, Антонов болбогондо, Антонов бар күчүн үрөп аларды түз жолго салбаганда, алардын баары адам сабынан чыгып калмак.

Дагы бир нерсе, дал ушул коңгуроонун жанында балдар Антоновдон кечирим сурайт, алардын пейилинде, жан дүйнөсүндө башталган бурулуш, өзгөрүш Аристотель айткан катарсис деңгээлине жетет.

Тасманын соңундагы журналисттин суроосуна Антонов: «Мен аларды өзүнө, адамдардын чөйрөсүнө кайтаргым келет», – дейт. Өзүнө кайтуу – бул биз жогоруда кеп кылгандай кудайлык башталышка, чыныгы адамдык уңгу-угутка кайтуу. Антонов сотто айткан уят тууралуу сөзүн ушул жерде да кайталайт. Уяттуу адам кимдир-бирөө көрүп коёт же эл кеп кылат деп эле жамандыкка барбайт. Буга анын өз абийири, ар-намысы жол бербейт. Антоновдун аталган турмуштук философиясын белгилүү окумуштуу, маданият таануучу Юрий Лотман өз лекцияларынын биринде маданияттуу кишилерге берген аныктамасында ырастаган. Анын пикиринде, уяты бар киши гана маданияттуу адам аталууга татыктуу.

Таланттуу жердешибиздин биз кеп кылып жаткан картинасындагы дагы бир таң калтырган жагдай – тасмага тартылган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү ошол мезгилде ээн баш балдарды тарбиялап жаткан атайын жатак мектептин окуучулары болгондугу. Тагыраагы, алар өздөрүнүн чыныгы турмуш-тагдырларын өздөрү ойноптур. Динара эже айрымдарын түз эле сот залынан алып келген тура. Жеткен терс аяк, ата-энеси, мугалимдери, керек болсо күч органдары да теске сала албаган, илим-билими да тайкы, актёрлук чеберчилик дегенден такыр түшүнүгү жок мындай «көчө балдарынын» тилин таап, аларды нукура кесипкөй актёрлорго айландыруунун өзү адам акылы айран кала турган көрүнүш. Бул жөнөкөй адамдын колунан келбейт. Демек, ыраматылык Динара эжеде Кудай берген шык-жөндөмүнөн тышкары да адамдардын жүрөгүнүн ачкычын таба билген магиялык касиет-сапаты болгону анык.

Динара Асанованын бизге калтырып кеткен көркөм дөөлөттөрүнүн басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр темасына арналган. Балдардын тийиштүү тарбия албай кароосуз калышы, алар өздөрүн эч кимге (ата-энесине да, коомго да) кереги жок сезип, тескери жолго түшүп кеткени, кээде жан кечтиликке барып жатканы көрүнүктүү сүрөткерди убайымга салып, көп түйшөлткөн окшобойбу. Ал эми бүгүн аталган маселе андагыдан он эсе, атүгүл жүз эсе олуттуу көйгөйгө айланды. Ошондуктан балдарын (балдарын эле эмес, өзүн да) аңдап-түшүнөйүн, аларга жакын болоюн, аларга туура тарбия берейин деген ар бир ата-эне сөзсүз Динара Асанованын тасмаларын көрүшү керек.

Эссемди аяктап жатып, мени абдан кыжаалат кылган бир маселени айта кетпесем болбойт. Өз эмгеги менен дүйнөлүк кинематографияга орошон салым кошкон атактуу эжебиздин жалгыз уулу Анвар Асанов, айрым маалыматтарга караганда, азыр Орусияда башпаанеги, туруктуу жумушу, колдоп алар кишиси жок өтө кыйналып жашап жатыптыр. Алты жашынан баштап энесинин көптөгөн тасмаларына тартылып, келечегинен көптү үмүттөндүргөн бала он үч жашында күтпөгөн жерден апасынан айрылып, катуу депрессияга кабылгандыктан, оорукчан да болуп калган окшойт. Динара Асанова сыяктуу таланттар күндө эле жарала бербейт, кыргыздын сыймыгына айланган эжебизден калган жалгыз туякка камкордук кыла албасак, анда өз алдынча мамлекеттигибиз кайсы, элдигибиз кайсы, кыргыздыгыбыз кайсы?

Аким Кожоев, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG