Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 03:24

Айтматовдун бүтпөй калган повести


Чыңгыз Айтматов

Чыңгыз Айтматовдун буга чейин басылып чыкпаган эки повести жарык көрдү. Китепти "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы чыгарды. Жазуучунун “Алтын жана кар” аттуу бүтпөй калган чыгармасында Экинчи Дүйнөлүк согуш жана өткөн кылымдын 90-жылдарындагы кыргыз турмушу чагылдырылган.

Бул китепке Чыңгыз Айтматовдун “Куюн” жана бүтпөй калган “Алтын жана кар” повесттери кирген. Жазуучунун “Куюн” (“Смерч”) аттуу повести 1986-жылы Тажикстандын “Памир” журналына жарыяланган.

Аз өтпөй тажик кинодраматургу жана кинорежиссеру Бако Садыков ал чыгарманын негизинде көркөм тасма тарткан. Бирок өзүнчө китеп болуп чыга элек болчу.

Адабиятчы Садык Алахандын белгилешинче, "Алтын жана кар" повести буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.

“Аталган повесть андагы окуялардын баяндалышына караганда 90-жылдардын орто ченинде жазылган. Себеби, чыгарманын сюжети кайра куруу доорун да камтыган. Жазуучу Кумтөр кенинин иштетиле башташын, анын тегерегинде жүргөн талаш-тартыштар тууралуу гезиттерде жарыяланган макалалар тууралуу сөз кылат. Мындан улам мен бул чыгарма 90-жылдардын ортосунда жазылып, аягына чыкпай калса керек деп ойлойм”.

Жарык көргөн повесть анчалык деле көлөмдүү эмес. Бүтпөй калган окуялардан турган сюжет эки баптан турат. Анын биринчи бөлүгүндө кыргыз айылдарынын биринин Экинчи Дүйнөлүк согуш башталганга чейинки абалы көз алдыга тартылат.

“Окуя "1941-жылдын жайы", - деп эле башталат. "Ошол жылдын жайында Оймо деген кыз Ак-Буура айылында орто мектепти бүттү" дейт. (Чыгармада Ак-Буура - бул айылдын аты.) Балдардын окууну бүтүп аткан кезиндеги делбиреген сезимдери, жай айларынын башындагы керемет мезгил жазуучунун дарамети менен укмуш сүрөттөлгөн. Кечинде Ак-Буура айылына кошуна жайгашкан Арчагүл айылынан жаштар келип, эки айылдын улан-кыздары чогуу оюн курат. Ошол жай турмушту сүрөттөп жатып Чыкем жаштар "секетбай жана көктөм жоро ырдашат" дейт. Элдик оозеки чыгармачылыкта секетпай, арзуу ырлары бар. Бирок "көктөм жоро" деген жанр жок эмеспи...”.

Айылдын мемиреген тынчтыкта жашаган бактылуу күндөрү өтө жеткиликтүү сүрөттөлүп, андан ары кечкисин бака-шака түшкөн жаштардын оюну уланып турганы, күндөрдүн биринде Оймону Батай аттуу жигит жактырып калганы, экөөнүн ортосунда уяң махабат пайда болгону тууралуу кеп болот.

Садык Алахан.
Садык Алахан.

Адабиятчы Садык Алахан сүйүү баянында эки жаштын мамилеси "Эрте келген турналар" повестинде берилген Султанмурат менен Мырзагүлдүн мамилесине үндөшүп, өтө аяр, астейдил баяндалган дейт.

“Согуш башталды деген кабар келет. Ошентип Батайдын согушка кеткендиги, Оймо аны узатып калгандыгы менен алгачкы бөлүк соңуна чыгат. Сюжет өтө өзгөчө курулган. Анан эле окуя 80-жылдардын орто ченине келет. Китепти түзгөндөр ушул жерде "ортодо бир барак жок" деп жазып, чыгармада андан ары Оймонун карып калган учуру сүрөттөлөт. Ал элестер кино кадр сыяктуу өтө кызык берилген. Оймо көчөдө баратып өзүнө өзү "түздөнүп бас, сенин карыганыңды эл сезбесин!" дегени, бир кезде мектепти бүткөн кыздын эми жашы өтүп калган кези чагылдырылат. Лирикалык чегинүүдө Оймонун өмүр бою мугалим болуп иштегени айтылат”.

Оймо согушка кеткен сүйгөнү Батайды күтүп турмушка чыкпай калган экен.

“Оймо демек Батайды согушка узаткандан кийин мугалимдин окуусуна окуган. Жазуучу ал тууралуу жазбайт деле. Кийинки маалыматтар менен анын өмүр жолу тууралуу кабар берет. Чыгарма "Оймо өмүр бою мектепте иштеди... Мектепте иштегендиктен өзүн тыкан алып жүрдү... Психологиялык жактан өзүн тың алып жүрдү" деген маанидеги сүйлөмдөр менен коштолот. Анан ортодо дагы бир барак жок. Анан кайра сиңдиси Зейнептин Самаргүл деген кызын багып алганы айтылат. Ал ортодо өзү өмүр бою турмушка чыкпаганы, айылда жалгыз бой жашоо өтө кыйын болгону, бирок аны мугалимдик кесиби сактап келгени айтылат”.

Оймо багып алган Самаргүл журналисттик кесипке ээ болуп, Жапар аттуу жигитке турмушка чыгат. Эки жаш тун кызын жалгыз калган Оймого берет. Чыгармада мына ошол өспүрүм кыздын кыялы, ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы аркылуу кайра куруу заманындагы Кыргызстандын оош-кыйыш мезгили чагылдырылган.

“Айдана - бул кайра куруу мезгилинин жаштары болду делет. Биз билебиз, 1985-жылкы Апрель пленумунан кийин СССР тараганга чейинки алты жыл кайра куруу заманы деп эсептелинет. Оймонун небереси Айдананын жаштыгы 1985-90-жылдардын ортосунда өткөн. Каарман көчөдө басып келатканда сүрөттөлгөн үч бет бар. Ал ыр сыяктуу жазылган. "Көчөнүн башында дөңдөр, кырка тоолор, алардын ары жагында зоокалар, муз жамынган, кар жамынган аскалар жатат. Бул кыргыздын өмүрү менен ашташкан тоолор. Бул тоолор кыргыздын тагдыры! Мөңгүлөрдө кыргыздын өмүрү жатат", деп ыр сыяктуу укмуш сүрөттөлөт”.

Садык Алахандын баамында, Айтматов аталган повестинде мөңгү, ак кар, тоолор тууралуу жөндөн жөн эле жазган эмес. Анын терең сыры, кенен мааниси бар. Себеби ошол жылдары кыргыз жерине алтын кендерин казууга кызыккан компаниялар келе баштаган.

“Андан ары повестте Ак-Бууранын тоолорунан алтын табылганы, аны сырттан келген компаниялар казууга киришкени тууралуу маалымат тараганы айтылат. Оймо ошол окуяларды талдап отуруп, бир жума мурун эл удургуп, гезиттер эки башка пикирлерди жарыялап жатканын, бирөөлөр "бул бизге экологиялык катастрофа (куду ушунтип эле жазат) болот" деп жазса, айрым гезиттер "качанга чейин ушинтип эле жүрө беребиз, дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калабызбы? Бул деген дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор деп жаза башташты. Ушунтип эл экиге бөлүндү. Оймонун небереси Айдана болсо ошол кайнаган турмуштун арасында жүрдү, азыркы жаштарды түшүнүп болбойт. Булардын дүйнө кабылдоосу башка" деп анан биринчи глава бүтөт”.

Чыгарманын экинчи бөлүгү 1941-жылдын катаал кышында казак талаасы аркылуу кыргыз тоолоруна жетип алуу үчүн жал-куйругун жайып, болушунча жер сабап чуркап келаткан карагер тууралуу башталып, бирок кайран күлүк ай талаада карышкырларга жем болгону, канча бир мезгилден кийин жайытта жүргөн малчы күлүк жем болгон жерден эски ок таап алганы менен үзүлгөн.

Адабиятчы Садык Алахан "Алтын жана кар" чыгармасы Чыңгыз Айтматов тарабынан повесть эмес, көп салаалуу, көп сюжеттүү роман катары ойлонулушу мүмкүн деп эсептейт. Айтматовдун "Куюн. Ак кар жана алтын" повести орус тилинде жарык көрдү.

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында улуу жазуучулардын бүтпөй калган чыгармалары тарых катары окутулуп келет. Айтматовдун чыгармачылыгында 70-жылдары “Кайрылып куштар келгенче” аттуу романы, 80-жылдары “Бахиана” аттуу чыгармасы башталып, бирок соңуна чыкпай калган.

“Жер жана чоор” аттуу романы да жазуучу көзү өткөндөн кийин табылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG