Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Момун карыянын Айтматовду эргиткен баяны


"Ак кеме" тасмасы.

Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасы чыныгы турмуштук окуядан келип чыккан.

Анда жазуучу Түп районундагы Каркыра жайлоосуна балбал таш алганы барып, Момун аттуу токойчу карыяга жолугуп калат.

Түп районунун Байзак айылынын тургуну Шүкүрбек Сыдыков бир кезде “Санташ” колхозунда профсоюздун төрагасы болуп иштеп турган Бектурган Сыдыковдун уулу.

​Ага кыргыз адабиятындагы барандуу чыгарманын жаралыш тарыхын атасы айтып берген экен.

- 1969-жылы кеч күздө “Санташ” колхозунун жетекчиси Владимир Зайнулин атамды "парторг экөөңөр үйүмө келип кеткилечи" деп чакырган экен. Атам Чыңгыз Айтматовго ошол жерден жолугуп калат. Көпкө чейин сүйлөшүп отурушат. Балбал таш илгери Каркыра жайлоосунда көп болчу. Айтматов ошондон бир-экини ала кетсем деген ниетин билдирет. Эртеси Зайнулин машинесин берет. Ага атам, Чыңгыз Айтматов, парторг, райкомдун инструктору отуруп Каркыраны көздөй сапар тартышат. Түш ченде Чоң-Бет деген жерге түштөнүп алуу үчүн токтошот. Дасторконду жайып, сүйлөшүп отурган кезде Момун аттуу токойчу аксакал келип калат. Жанында кичинекей небересин ээрчитип жүрүптүр. Сөздөн сөз чыгып, тамашалашып отуруп, бир убакта экөө кызуу аңгемеге кирет. Түптүн суусун жээктеп басып кетишет.

Ошентип жазуучу менен Момун аксакалды бир-эки саат күтүшөт. Жанына басып баргандан тартынышат. Кеч курун кайтып келгенде жазуучуга “кеч болуп баратат, Каркырага баралы” деп кыйытышат.

Айтматов ошондо "Аксакалдар кечирип койгула, бул жерден алган маалыматым курсакты тойгузгандай болду. Ташыңарды кийин берип жибергиле, ушул жерден эле кайталы", - дейт.

"Ак кеме" тасмасы.
"Ак кеме" тасмасы.

Шүкүрбек Сыдыковдун айтымында, ошондон көп өтпөй “Новый мир” журналына жазуучунун “После сказки” деген ат менен “Ак кеме” повести жарык көрөт.

Шүкүрбек Сыдыков Момун аксакал чынында эле Чоң-Бет деген жерде, токойчу болуп иштегенин айтып берди. Өлөр-өлгүчө ошол жердеги эки бөлмөлүү үйдө жашаган экен:

- Момун аксакал кемпири менен жашаган, эркек бала көрбөптүр. Кызы бар болчу деп уккам. Жанагы небереси кызынын уулубу же балдызынын уулубу аны так билбейм. Баланын аты Элдос болчу. Кийин чоңойгондо туура эмес жолго түшүп, кесилип кетти. Момун карыя 90-жылдардын башында каза болду. Айтматовго жолуккан кезде алтымыштан жаңы ашкан тың кези экен. Көзү өтүп кеткенден кийин небереси кароосуз калды. Элге аралашпай жүрүп ушул жылы сентябрь айында Сары-Тологой айылында кайтыш болду.

"Азаттык" радиосунун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган апта түрмөгүн төмөнкү аудиодон уга аласыз.

Айтматов, Момун чал жана газанек
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:21 0:00

Момун карыя Сары-Тологой айылынан болгон. Бирок жакын туугандары жок болгондуктан, көзү өткөндө байзактыктар жерге беришкен.​

Айтматов “кулагымдын моокуму канды, аябай чоң олжолуу болдум” деп баа берген Момун карыянын Чоң-Беттеги үйү дагы деле бар. Урап, бүлүнө турган акыбалга келген.

Шүкүрбек Сыдыков.
Шүкүрбек Сыдыков.

Ошол үйдү оңдоп, музей кылып койсо деп кыялданган 63 жаштагы Шүкүрбек Сыдыков кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим.

Байзак айылындагы мектепте көп жыл иштеген. Учурда пенсияда.

Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдегенин да айтып берди. Залкар жазуучу менен эки жолу кезигип, кол тамгасын да алган экен.

Шүкүрбек Сыдыковдун атасы Бектурган Сыдыков Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагери болгон, көп жыл жетекчилик кызматтарды аркалап, 75 жашында көз жумган.

Айтматов жана анын каармандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG