Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 02:39

Айтматовдун апасына аян түшкөн


Жазуучу Самсак Станалиев, анын "Акжарыктын айыкпаган жарасы" үчилтик романы.

Жазуучу Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” үчилтиги 2018-юбилейлик жылдын үлкөн адабий жаңылыгы болуп калды. Чыгармада доорубуздун алп сүрөткери Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу чагылдырылган.

Чыңгыз Айтматов - эки доордун күбөсү, пенде баласынын тээ түпкүрдө катылган ой-сырларын кемелине келтире сүрөттөгөн дүйнөлүк адабияттагы беш манжа менен саналчу классиктердин бири, жазган чыгармалары, ой толгоолору мезгил деген аёо билбес катаал сынга баш ийбей, окумдуу авторлордун катарынан түшпөй келаткан жазуучу.

Москвадан Таласка жол

Үчилтик романда жазуучунун өмүр баяны, кубаныч менен кайгыга жык турмушу баяндалган. Чыңгыз Айтматов сындуу кылымда бир жаралчу алптын кантип жана кандайча дүйнөгө таанымал улуу сүрөткер болгонун, опсуз чоң жоопкерчиликти ал өзү кантип көтөрүп, ага кантип жеткенин доордун маданий-тарыхый контекстинде ачып берген.

Жазуучунун өмүр жолундагы урунттуу учурлар, репрессия менен согуш тартып алган балалыгы, чыгармачылыгынын башталышы, идеологиялык кысымдан кутула элек улут адабиятынын абалы, совет өлкөсүнүн үлкөн адабий сыйлыгына ээ болгондон кийинки коомдук жоопкерчилик, Бүбүсара менен болгон махабаты сындуу жекече өмүр жолуна, коом турмушуна бекем чырмалып кеткен кайгы менен кубанычка, мээ оорутчу оор ойлорго, учкул кыял менен орошон акылдын ширөөсүнөн жаралган чыгармачылык изденүүнүн азабы менен түйшүгү камтылган.

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

1937-жылдын августунда Нагима апа төрт баласын ээрчитип, Москвадан Таласты көздөй кайтканда, Төрөкул балдары менен сүйүп алган жарын акыркы ирет көрүп атканын ойлоп ичинен кан өтүп, алдастай түшүп поюз менен кошо чуркап, коммунисттик канабайрам алдында аргасы куруп жакындап келаткан ажалды кантип тосуп алганы - чыгармадагы эң элестүү эпизоддордон.

Атасын кайткыс жайга алып кеткен Шөкүлө-Тоого сексен жаштын белинен кайыпка айланып кеткен уулу Чыңгыз да сапар алат. Ата-бала, жамы дүйнө окурмандарына тааныш каармандары менен ошол жерде жолугат, пенде баласынын түбөлүк жайы баарына тең, калыс, адилет экени, өлүмдүн актыгы дагы бир сыйра ырасталат.

Чыңгыз Айтматов сындуу алптын өмүр жолун жазып чыгуу милдети карама-каршылыкка жык толгон ХХ кылымдын поэзиясы менен драмасын, адам денесин муздатчу трагедиясын көркөм иликтөөдөн өткөрүүнү, жеке адам турмушу аркылуу коом, дүйнө сүрөтүн тартып берүүнү талап кылары белгилүү. Улуу инсандын өмүр жолу - барып-келип жамы кыргыз элинин - тарыхтын татаал жолунда эчен кыйынчылыктарды баштан кечирген тоолуктардын эмнеден өксүп, эмнеге жетишкенин кашкайта көрсөтүп берчү өрнөктүү өмүр.

Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов жана анын жубай Нагима Айтматова.
Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов жана анын жубай Нагима Айтматова.

Көп катмарлуу, көп сайлуу үчилтик романда оголе көп каармандар катышат, бири экинчиси менен чырмалышкан, андай байланышы жок деле толгон-токой сюжеттик линиялар тартылган. Романдын мезгил-мейкиндик өлчөмдөрү да (хронотобу) көнүмүш алкактарга сыя бербейт.

Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармасы 1952-жылы жарык көргөн. Арадан төрт жыл өткөндөн кийин үч аңгемеси жазуучулар жыйынында мактоого алынып, катарлаштарынан кашкайып алдыга озуп чыккан. Ошондо ал улут адабиятынын тирүү классиктери деп эсептелген Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековдун “күн ачык кездеги деңиздей мемиреген дүйнөсүнө өрт түшүрө дүрбөлөң салам деп ойлоду бекен?”.

Токомбаев менен Сыдыкбековдон кийинки орунду ээлей турган жазуучулар да белгилүү болуп калган – Шүкүрбек Бейшеналиев , Насирдин Байтемиров. Ал кезде адабиятка баш баккан жалгыз-жарым калемгерге кызыгуу күч эле.

Кесиби зоотехник жигиттин аңгеме жазары адабияттын төрүн ээлеп алгандарды анчалык чочулатпаганы менен, орусча эркин жазары баарын сестендирген. “Кыргызстандан колдоо таппаса Москвадан чыгып кетиши ыктымал” деген кооптонууну жараткан. Бирок адабият короосуна киришке куштар талапкердин кыргызча жазылган аңгемелери баам сыртында калып, Чыңгыз Айтматов чыгармалары тууралуу сын уга албай, сынга суусап турган. Бирок ал тууралуу ооз ачкан киши жок - авторду түйшүккө салган нерсе ушул болчу.

Орусча жазганы да, кыргызча жазганы да кепке илинбей, көптүн бири катары сөзгө алынбай жатышы чыгармачылыкка өзгөчө үмүт арткан жаш талапкерди бейпайга салган. Бирок да акыйкат деген бар экен, болгондо да ал күтпөгөн жерден келди.

Кыргызстан жазуучуларынын пленумунда Чыңгыз Айтматовдун “Түнкү сугат”, “Ак жаан”, “Асма көпүрө” аңгемеси адабий журтчулукка таанылып калган таланттуу сынчы Кеңешбек Асаналиевдин мактоосуна арзып, улут көркөм сөзүндөгү жаңы сөз катары бааланды.

Алгач улуулар, андан кийин белгилүү тизмедеги авторлор макталчу урматтама сын тартиби бузулуп, адабий чөйрөгө бейтааныш, жада калса жупкадай жука китеби жарыкка жарыкка чыга элек, Фрунзедеги Айыл чарба институтун бүтүргөн, билген жазуучулар “зоотехник” деп коюшкан автордун жылдызы жанып, чоң мактоого арзыган.

1956-жылы Чыңгыз Айтматов Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунун окуусуна кетер жылы атасынын дарек-дайнын билиш үчүн өтүнүч кат жазып, “Төрөкул Айтматовдун - “эл душманынын баласы” деген жипкиртме аттан кутулуп калармын” деген тилек менен чоң борборго аттанган.

Ал кезде Сталинден кийин репрессиянын жаалы кайтып, саясий жагдай азыноолак жумшара баштаган болчу. Төрөкул Айтматов 1957-жылы 15-июнда акталган. Ага чейин анын үй-бүлөсү кандай азап-тозокторду башынан кечиргени өзүнчө узун сөз. Апасы Нагима төрт баланы кантип бутуна тургузганы, атасын күткөн чиедей балдардын арыз-арманы, алардын төккөн көз жашы кеңеш бийлигине таянып канабайрам салгандардын абийиринде калсын...

Чыңгыз Айтматов Москвада адабий курста жүргөн кезинде “Бетме-бет келгенде” аңгемесин жазып, аны “Москва” мейманканасына жаңы эле кирген Кеңешбек Асаналиевге окуп, ар кандай автордун көңүлүн көтөрчү мактоо уккан. Аңгемедеги Ысмайыл реалдуу прототиби менен болчу. Ал киши уруш учурунда кара башын калкалап калганы менен, айылдаштарын эт-аштан өксүтпөй багып турган, кийин кармалып Сибирге абакка айдалган айылдашы экен. Чыңгыз Айтматовдун белгилүү каармандарынын көбү Шекерден же Жийдеден, канаатташ Көк-Сайдан болчу.

Жамийланын махабаты

Айтылуу Жамийланын турмуш жолу деле жакшы болбоптур, Шекерге туугансып келген Даниярды ээрчип кеткенден кийин бактысы ачылбаптыр.

“ - Эмнеге? – Эми Нагима сөзгө аралашты. – Ал өзү барбы? Кайда экен? Беркиси менен бекен?

- Бар, аман-эсен эле, биздин Жоон-Дөбөдө. Беркиси жок, жеңе. Ал өзү бизге тууган болот экен. Те, илгери аталары Казакстанга кетип, ошоякта төрөлүп, анан балдар үйүндө чоңоюп, Чакмактагы казак таякелерине барып, ошояктан аскерге кеткен экен. Бирөөлөр айткан го, “түбүң Таластан, Шекер деген жерде туугандарың бар, издеп таппайсыңбы, элиңе кошулуп өзүнчө түтүн болбойсуңбу” деп. Анан согуштан жараланганда тууган издеп келген экен.

Жанына күйөөр жакынын таппаган соң анан биздин Жамийланы алып, казактарга качып кетип жатпайбы. Ошол бойдон дайынсыз. Жамийланын айтканына караганда балалуу боло албай коюшат. Ошонун айынан ажырашып кетишет. Жамийла Маймакта туруп калат. Тааныш-билиштери “жалгыз жүрө бермек белең” деп, ошол Жоон-Дөбөдөгү Барылбек дегенге алып беришет. Анын аялы өлүп, беш баласы менен жалгыз калган экен. Эң кенже баласы Талант. Ошондо эмчекте эле дешти. Ошону багып чоңойтот.

- Мунусунан бала бар бекен?

- Жок, жеңе. Төрөбөптүр. Ал экөөнө Кудай баладан айтпаптыр. Мен эки жолу көрдүм. Баягыдай эле көрүнөт. А бирок мүнөзү оор, көп сүйлөбөйт экен. Биздин баягы Жамийла жок, башы ооруйт, нерв го же чала-бучук жандуу дарты дештиби, айтор, санаа оорусу бар окшойт. Телмирип калар адатын таштай албай коюптур”.

Бул ишке Чыңгыздын да тиешеси бар болчу. Данияр менен Жамийланы артынан барып темир жол бекетинен издеп тапкан да өзү болчу. Бирок Жамийла артка кайтпасын айтып, кайнисин жолго салган. Ал үчүн кийин агасынан тил уккан, алгачкы сүйүүсү Жамийлага арналганын өзү гана билчү.

Эл арасынан уккан ар кыл кептер анын Жамийла тууралуу оюн өзгөртпөптүр. “Жамийла”, алгачкы аталышы “Обон” деп аталган повесть 24 саат ичинде жазылып, “ал өмүрүндө биринчи жолу бир керемет абалда болуп, Кыдыр даарыган күндөрдү башынан кечирди. Ал аркылуу Чыңгыз биринчи сүйүүнүн биринчи ырындай ырды жаратты. Дал ошол ыйык махабат аркылуу ал өзүн өзү адам катары жана касиеттүү акын катары жаратты да, Кудай менен тагдырга алып баруучу эң ыйык жана эң татаал жолду сөз аркылуу издеп таап, эки өмүрдүн тагдырын адамзаттын эң бактылуу адамынын, Жамийлага болгон өзүнүн балалык аруу кезеңдин тун сүйүүсүнө ишенди”.

Повесть 1958-жылы “Новый мир” журналынын 8-санына “Жамийла” деген ат менен “Ала-Тоо” журналынын №10 санына “Обон” деген аталышта чыкты. Жаңы чыгарма тууралуу кыргыз адабиятчылары аяк-башын кымтынып, ачык сөз айта электе борбордук басылмаларда Мухтар Ауэзовдун “Ак жолуң ачылсын!” деп ийгилик каалаган макаласына улай мактоо жаап, чыгарма өз жолун таап кетти.

“Тумшукка, тумшукка гана чапкыла”

Бирок Москванын оозун карачу жергиликтүү жазуучулардын көбү жаш жазуучунун ийгилигине ишенбей, анын кыргыз совет адабиятындагы орду кайда экенин билдирип коюш үчүн Жазуучулар союзунун проза секциясынын талкуусун уюштурган. Бул иштин башында жазуучу Насирдин Байтемиров турган.

Аалы Токомбаевдин ишараты менен жасалган көрсөтмөлүү талкуунун көздөгөн максаты эмне экенин жазуучулар арасындагы жагдайды жакшы билген Узакбай Абдукаимов Чыңгыз Айтматовго айтып берген экен. Анын айтымында, секциядагы талкуунун максат-мүдөөсү мындай болгон окшойт:

“Башка чаппагыла, көзгө тиет, бул зыян. Тумшукка, тумшукка гана чапкыла, жалтактай калып жолунан адашсын. Анан өзү эле “жалгызды бөрү жейт экен” деп, “коо бузган күлүк болсо да төөнүн жүгү алтын-күмүш, зер буюм болгону менен жегени коко тикен экен” деп бизге келип, бизди ээрчийт”.

Мына ушул талкуудан кийин Чыңгыз Айтматов сый-урматынан жанбаган Түгөлбай Сыдыкбековдон Жамийла тууралуу ачуу кеп угуп, эки алп жазуучунун адабият, сүйүү тууралуу көз карашы эки башка экени ошондо ачыкка чыгат.

Ким билет, орус тили, москвалык адабиятчылардын колдоо-жөлөгү болбосо Айтматовдун СССРге, андан дүйнөгө таралышы кыйын болмок. Жаңыдан чыгып келаткан тартынчаак жаш жазуучуну жергиликтүү жаатчылар жалпайта чабышы деле ыктымал эле.

Романда жергиликтүү адабий чөйрөдөгү абал эң мыкты сүрөттөлгөн. Айтса, “Бетме-бет келгенде” аңгемеси Фрунзеде талашка түшүп, “кайдагы бир согуш качкынын баш каарман кылган туурабы-туура эмеспи” деп турганда 1958-жылы ал Москванын “Октябрь” журналына жарыяланып, чоң борбордун адабий коомчулугунун баамына илинип, ошону менен катаал идеялык сындан аман калган.

Жазуучунун дүйнөлүк адабиятка жол тартышы, кыргыз элинде жана жалпы союзда таанылышы ушундай жагдайлардан башталган. Кандайынан келгенде да, чыныгы сүрөткер эртеби-кечпи чыкпай койбойт экен. Чыңгыз Айтматовдун СССРдеги эң бийик мамлекеттик сый-ургалга татып, Лениндик сыйлыкты жеңип алышы бир топ объективдүү-субъективдүү жагдайлардын натыйжасы болгону белгилүү.

Чоң сыйлыкты алар замат көп аялдабай Москвадан Фрунзеде ооруканада жаткан апасына келген жазуучу биринчи ирет эчен жылдар катылып келген мынабу сыр сөздү угат:

“ - Эми силерге эч качан жер каратып ыза кылар сөз айтылбайт. Жаман кептен жаныңар сыздап, көңүлүңөр сынбайт. Кеткен күн деген кайрылбай качкан куш болду. Айымкан апаң, анан мен билем. Кийин Каракыз да билди. Сен ак жарык жышаана менен төрөлгөнсүң, аян берилген. Сенин колдоочуң баланын кирпигиндей гана бүлбүл жанган ак жарык. Ошону жоготпогун.

“Билем, апа, билем. Мен аны эч качан жоготпоймун”, - деп жибере жаздады Чыңгыз.

- Ошону жоготпогун, ошо сенин колдоочуң. Мындай иш айтчу кези келгенде гана айтылат. Отуз беш жыл болот, кара күдүк болуп жүрдүм эле. Айтар маалы келди, ошол үчүн айтып жатам. Бир өмүрүң эки дүйнөгө тең болсун, балам. Эми күндү карап, “Төрөкулдун баласымын, Төрөкул менин атам” деп жүргүлө. Төрөкул бүгүн тирилди. Жалгыздык менен сары санаанын кеселинен айыктым. Өлсөм да армансыз өлө турган болдум”.

Акжарыктын шооласына жылынган улуу сүрөткердин дүйнөлүк даңкы кандай шартта, кантип жаралганы романда кенен-кесир изилденген. Анын канчалык деңгээлде ишке ашканын билиш үчүн чыгарманын өзүн окуп чыгыш керек.

47 басма табактан турган үчилтик роман Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган белектердин эң ириси жана көзгө толумдуусу болуп калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG