Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Өзбек каналы өбүштүрбөгөн «Делбирим»


Өзбекстан, Ташкент. «Делбирим».
Өзбекстан, Ташкент. «Делбирим».

«Делбирим» фильмин Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук делбирим» повестинин негизинде тарткан режиссёр фильмдин каармандары өбүшүп жаткан жерин кыркып салганы үчүн Өзбекстандын «Milliy TV» телеканалын сотко берүүгө камынууда.

Бул телеканал «Делбирим» фильмин 20-мартта эфирге чыгарган болчу.

34 жаштагы режиссёр Сарвар Каримов учурда «Milliy TV» телеканалын сотко берүү тууралуу юристтер менен кеңешип жатканын «Азаттыкка» ырастады. Каримов тасманын ар жерин кыркып салуу менен телеканал анын автордук укугун бузду деп эсептейт. Ал 21-мартта тасманын кыркылышы боюнча нааразылыгын социалдык тармактарга жарыялаган. Учурда өзбек коомчулугу бул теманы кызуу талкуулап жатат.

«Менден сурабай, мени менен бир ооз кеңешип койбой, Илияз менен Аселдин Ысык-Көлдүн жээгинде өбүшүп жаткан эң маанилүү картинасын кыркып салуудан уялбаптыр. Биринчиден бул абдан маанилүү кадр болчу. Дал ошол сценада көрүүчүгө бугунун элеси тартылат. Ал бугу бакыттын образын кыйыр түрдө түшүндүргөн символ болчу», - деди ал.

«Азаттык» режиссёр менен байланышканда тасма бир эмес, бир нече жеринен кесилгенин билдирди. Мисалы, Илияз «Илхам» театрынын фойесинде сүрөтчү Сардор Эркиновдун «Метаморфоза» деп аталган сүрөт көргөзмөсүн аралап бараткан жери да кыркылып кеткен. Ал кадрда жарым-жартылай жылаңач аялдардын элеси түшүрүлгөн жерлери бар эле. Сарвар Каримов дал ошол сүрөттөрдүн айынан кинонун телеверсиясы чолок болуп калган деп эсептейт.

«Эки адам өбүшсө асман түшүп кетеби? - деп суроо салды ал. - Же өзбектер өбүшпөйбү? Же бул тасмада жашыруун жерде өбүшүүнү үгүттөп жатабызбы? Силер фильмдин маанисине карадыңарбы? Же силердин акылыңар фильмдин айрым кадрларын караганга гана жеттиби?»

«Делбирим» фильмин кескилеп, анан гана эфирге берген «Milliy TV» телеканалынын өзүн тааныштырбаган кызматкери азырынча аларды эч ким сотко бербегенин айтты. «Ал эми фильмдин кыркылышына өзбек элинин каада-салтына туура келбегендиги себеп болду» деп жооп берди ал.

«Делбиримдин» сценарийин кыргыз драматургу Керез Зарлыкова жазган. Аны «Өзбеккино» улуттук агенттигинин көркөм кеңеши жактырган. Кароо учурунда көркөм кеңештин мүчөлөрү андагы каармандардын өбүшүүсүнө каршы болгон эмес. Өзбекстандык режиссёр Сарвар Каримов кинону ошол бекитилген сценарий боюнча тарткан. Мамлекеттин каржылоосу менен жаралган тасма 2019-жылдын октябрында каармандардын өбүшкөн жерлери кыркылбастан эле Өзбекстандын кинотеатрларында көрсөтүлгөн болчу.

Өзбекстандык искусство таануучу Абдумалик Турдиев муну өзбек телеканалдарында радикалдашкан адамдар иштеп жатканы менен түшүндүрдү:

«Өзбек телеканалдарында маданий деңгээли төмөн шалаакылар четтен чыгат. Алар жумушта отуруп, чөнтөк телефондорунан порнофильмдерди беймарал көрүшөт. Бирок «Биздин күндөр», «Делбирим» сыяктуу тасмалардан өбүшкөн кадрларды көрөрү менен кескилеп кирет. Толук фильмди кескилөөгө тыюу салган мыйзамдар, атайын эрежелер бар экенине эч башын оорутпайт. Булар биринчи тобу. Экинчи тобу – бул «талибандык менталитет» менен жашагандар. Алардын арасында тыюу салынган диний уюмдардын тарапташтары да бар. Алар Өзбекстандын Конституциясы берген эркиндикке ушундай ыкмалар менен каршылык көрсөтүшөт. Алгач алар спорттук телеканалдарда тынч иштешкен. Анан акырындап ар кайсы телеканалдарга ишке орношуп алышкан. Бул биздин коомду талибдештире турган кооптуу көрүнүш».

Өзбекстанда кинотасмалардан интимдик кадрларды кескилөө 90-жылдары «Кичинекей Вера» аттуу фильмден кийин башталган. Жергиликтүү режиссёр Элиер Ишмухамедов тарткан «Шок» аттуу фильм да көлмөдө сүзүп жүргөн аялдардын сценасынын айынан көрсөтүүгө такыр тыюу салынган. Мамлекеттик каражаттын эсебинен «Өзбектелефильм» тарткан «Сүткордун өлүмү» жана белгилүү өзбекстандык куудул Обид Асомов тарткан «Тахир-Зуура 2» фильмдери да ушундай эле тагдырга туш келген. Ошентип Өзбекстан акыркы 30 жыл ичинде 20га жакын фильмди телеканалдарда көрсөтүүгө тыюу салган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG