Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Өзбек куудулу кыргызча концерт бергиси келет


Өзбекстандык белгилүү куудул Валижан Шамсиев кыргыз тилин үйрөнүп, эки элдин жашоосун чагылдырган фильм тартмакчы.

Өзбек куудулу Валижан Шамсиев сентябрь айынын соңунда Кыргызстанга келип, Ош жана Жалал-Абад облустарында концерт коюп кетти. Жергиликтүү ишкерлердин чакыруусу менен келген куудул “Азаттык” радиосуна маек куруп, эки элдин карым-катышы жана кыргыз тилин үйрөнүүгө бел байлаган себебин айтып берди.

"Азаттык": Кыргызстанга акыркы жолу качан келдиңиз эле?

Шамсиев: Мен Анжияндын Мархамат деген жеринде төрөлүп, өстүм. Кыргызстан жакын болгондуктан бул жакта туугандарым бар. Алар той-топур өткөрсө, телеграмма менен чакырат, келип кетет элек.

Чек ара ачылардан бир ай мурда Ноокатта жашаган алыс тууганым той өткөрдү. Телеграмма аркылуу чакыртышты. Келип кеттим. Эми минтип чыгармачыл сапар менен келип отурам. Чек аралар ачылып, эки өлкө президенттери элдин карым-катышын жандантууга, достукту бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк беришти.

Кыргызстандагы өзбектер менен жолугушууну чынында сагынган элек. Ошто жашаган Дилмурат деген ишкер акебиз байланышып, концерт өткөрүүнү сунуштады эле, дароо макул болдум. Бул концертти коммерция деп ойлобогула. Акысыз концерт менен сагынычты таратып жатабыз.

“Азаттык”: Сагыныч тууралуу кеп баштап калдыңыз. Өзүңүздөгү сагынычты кантип сүрөттөп бересиз?

Адамдар мени көргөндө эле күлө баштаса экен, деп тилечү элем. Кыргызстандык өзбектер мени ушундай жылмаюу менен тосуп алышты.

Шамсиев: Сагынганмын. Кантип сагынбайын? Кайсыл жерде өзбек болсо, каерде бизди түшүнгөн адамдар болсо, албетте сагынабыз.

“Азаттык”: Жети жыл мурда Ошто болгон кайгылуу окуялардан соң кыргыз-өзбек мамилеси сууп кетти, карым-катыш дээрлик токтоду. Чыгармачылык жолугушуулар болбой калды. Мурдагы учур менен азыркы кездин айырмасы сизге байкалып жатабы?

Шамсиев: Мен кайсы бир нерсенин айырмасын байкоо үчүн келбедим. Мен адамдардын көңүлүн көтөрүү үчүн келдим. Ушундай бакыт мага насип этти. Адамдарды көрдүм. Мурда алар кандай болсо, азыр деле ошондой экен. Адамдар мени көргөндө эле күлө баштаса экен, деп тилечү элем. Кыргызстандык өзбектер мени ушундай жылмаюу менен тосуп алышты.

Оштун Туран конушундагы концерт учуру. 28-сентябрь, 2017-жыл.
Оштун Туран конушундагы концерт учуру. 28-сентябрь, 2017-жыл.

“Азаттык”: Чек ара ачылып, карым-катыш жанданды. Улутташтарыңыз эле эмес, кыргыз туугандар жана башкалар улутуна карабай келип көрө турган концерттер планда жокпу?

Шамсиев: Чынын айтсам, өзбекстандык ырчылар англис, орус жана башка тилдерде чыгармаларды жаратып жатышат. Кыргызстанда концерт коюп жүрүп, менде бир идея пайда болду. Биздин чыгармачылыкка кызыккандар көп экен. Кыргыз-өзбек артисттери биригип кино тартсак болот экен. Анткени үрп-адат, жашоо образ бул эки улутта окшош. Ошондуктан кино тартсак жакшы чыгат деп ойлойм. Кыргыз маданиятын сыйлайм. Балдарды сүйгөн эл экенин көп жылдардан бери тилден түшпөй келаткан бир ырынан билсек болот:

Балам, балам, жан балам!

Айланайын, садагам!

Элим аман болсун деп,

Атыңды койдум Эламан.

Ушул ыр биздин Өзбекстанда жаңырган. Устатым, эмгек сиңирген артист Мырзабек Халмедов өзбекчеге которуп ырдап чыккан.

Эки эл жакынбыз. Ошондуктан сиз айткандай чыгармачылык жактан кеңейүүгө убакыт келди. Он-он беш күн аракет кылсам, кыргызчаны да үйрөнүп алсам керек. Кыргызстандын түштүгүндө өзбекчени жакшы эле түшунгөн кыргыздар көп. Бирок түндүк тарабыңарда түшүнбөйт. Ошондуктан тил үйрөнүп алып Бишкек тарапка барып келсемби деп турам. Балким фильм аркылуу же куудулдук аркылуу бүт кыргыздар менен достошуп калармын.

Мен азыр Ташкентте бир театр түзүп жатам. Актерлор сүйлөбөй, кыймыл- аракет менен роль аткарышат. Анткени өнөр чек араны билбейт эмеспи. Насип кылса, сөзү жок спектакль менен келип кетермин.

“Азаттык”: Куудул деген сөздү билет экенсиз. Кыргызстандык куудулдар менен мамилеңиз кандай? Кимдерди тааныйсыз?

Кыргызстандын түштүгүндө өзбекчени жакшы эле түшунгөн кыргыздар көп. Бирок түндүк тарабыңарда түшүнбөйт. Ошондуктан тил үйрөнүп алып Бишкек тарапка барып келсемби деп турам.

Шамсиев: Менин чоң кемчилигим бар. Интернет чукубайм. Маалыматтарды кууп, издеп окубайм. Өзүмдүн чыгармачылыгым менен эле алектенем. Балким ушул сапатымдан улам чет элдеги кесиптештеримди тааныбасам керек. Ал тургай өзбекстандык өнөрпоздордун айрымдарын билбейм. Балким алты баламды багамын деп бирөөлөр менен таанышууга, башкалардын өнөрүнө байкоо салууга убактым болбой калар.

Мал чарбам, бак-шагым бар. Ошондуктан кыргыз куудулдарын тааныбайм деген сөзүмдү туура кабыл алгыла. Кыргыз кесиптештеримден бул үчүн кечирим сурайм. Эгер астейдил киришсем, бир ай ичинде кыргызстандык куудулдардын чыгармачылыгын көрүп, өздөрүн таанып алам.

“Азаттык”: Өзбекстанда да кыргыз тектүү көп адамдар жашайт. Алар үчүн кыргыз кесиптештериңизди мекениңизге чакырып, концерт уюштурсаңыз кандай болот?

Шамсиев: Бул жаатта айта турган сөзүм көп. Биримдик деген сөздө көп маани бар. Куудул кыргызбы, өзбекпи, айырмасы жок, максаты – элди күлдүрүү. Эки элдин артисттери тил табышканы чоң жетишкендик. Сиз айткан сунушту ишке ашырсам, чоң сооп болот жана өзүмдү бактылуу сезем.

P.S.: Куудул Валижан Шамсиевдин Кыргызстандагы концертин оштук ишкер Дилмурат Ишанов уюштурду.

Маекти бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG