Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:38

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары жыйынтыкталды.

Эки өлкө ортосундагы гуманитардык багыттагы кызматташтыктын абалы кандай? Маданият, билим берүү жана илим боюнча алакаларды мындан ары жакшыртуунун жолдору барбы? Өзбекстандагы кыргыздардын билим алуусун, каада-салттарын өнүктүрүү боюнча өзбек-кыргыз өкмөттөрү кандай аракеттерди жасашы керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев жана гуманитардык маселелер боюнча эксперт Жолдош Турдубаев катышты.

“Азаттык”: Эмилбек мырза, акыркы алты жылдагы Кыргызстан менен Өзбекстандын социал-гуманитардык тармагындагы кызматташтыгынын деңгээли кандай болду? Эки өлкө ортосундагы кандайдыр бир ишке ашкан долбоорлорду же иш-чараларды бөлүп көрсөтө алабызбы?

Эмилбек Узакбаев: Бул маселени айтардан мурда Өзбекстандын постсоветтик өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринин арасындагы саясий орду жөнүндө сөз кылышыбыз керек.

Акыркы 25 жылда Өзбекстан өзүнүн өзгөчөлөнгөн эгемендүүлүгүн курду десек болот. Өзбекстанда совет доорунда да, кийин да өзгөчө саясат жүргүзүлөт. Өзгөчө кошуна өлкөлөр менен болгон мамилеси, тышкы саясаты, андан келип чыккан ички саясаты да бөтөнчө болду.

Ушул негизден алып караганда Өзбекстан менен болгон гуманитардык алака-катыштар да өтө салкын жана жай болду, ачык айтканда жокко эсе болду. Бул жерде кыргыз тараптын күнөөсү жок. Өзбекстандын биз эле эмес, кошуна Тажикстан менен да мамилеси начар болбодубу.

Өзгөчө саясат дегеним – мисалы, Өзбекстандагы кыргыздардын саны 300 миң деп айтылат, башка бир маалыматтарда 3 миллион деп айтылып жүрөт, так айтуу мүмкүн эмес. Аларда “жаңы Өзбекстан мамлекети”, “өзбек калкы” деген түшүнүктөрдү коомго бекем орнотууга көп иштер жасалат.

“Өзбекстан – Борбор Азиядагы эң ири мамлекетпиз” деген саясат да катуу жүрөт, анын таасири кошуна мамлекеттер менен болгон мамилелерге да тийип келди. Жылдан жылга кыргыз, тажик, казак мектептеринин санынын азайышы да көп нерседен кабар берет.

“Азаттык”: Жолдош мырза, Кыргызстан кошуна Өзбекстан менен гуманитардык багыттагы кызматташуусунда кайсы маселелерге, кайсы тармактарга өзгөчө көңүл бурушубуз керек, ошол эле маданият, билим берүү болсун, алардан аларыбыз, аларга берерибиз эмне деп ойлойсуз?

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкек сапарынан соң эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде экономикалык карым-катыш жакшы жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.

Жолдош Турдубаев: Негизи эки тарапка тең пайдалуу иштерди жасаса болот. Канчалык алака жакшы, жигердүү болсо натыйжасын жалпы эл көрөт. Гуманитардык багыттагы кызматташуулардын ичинен, мисалы, тарыхты окутуу жагынан көп иштерди жасаса болот. Ар ким өз кызыкчылыгына жараша өзүн көтөрө чалып, башкаларды кемсинтип койгон учурлар да болуп калууда. Мындай көрүнүш эки элдин, мамлекеттин ортосуна жик салып коюшу да ыктымал, мындай кырдаалды башка бузук күчтөр да пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошого жол бербеш үчүн эки мамлекеттин тарыхчылары, методисттери биригип, орток тарых китептерин жазууну колго алыш керек.

Бул ишти мектептерде, жогорку окуу жайларында да кечиктирбей колго албаса кийин кесепети кыйын болот. Мисалы, “биз арийбиз” деген түшүнүктөр кыргызга да кирип жатат. “Дүйнөнүн биринчи сорттогу улуту биз экенбиз” деп ээлигип алгандар көбөйүүдө. Башка элдерди теңсиңбөөчүлүк келип чыгууда. Башкаларды душман катары сезип алгандар чыгышы да мүмкүн.

Акыркы учурларда гезиттерде, социалдык тармактарда өзүн гана көкөлөткөн маалыматтар көп чыгып, комментарийлер да жарыяланууда. Айрым маалыматтар улуттарды кайраштырууга чейин жеткирүүдө, ошондуктан коомдун жоопкерчилигин да көтөрүү зарыл. Өзбек-кыргыздын мамилесине жарака салып, шек келтиргендерге жоопкерчилик каралыш керек.

Дагы бир орчундуу маселе – Өзбекстандагы кыргыздардын эне тилин сактоо, каада-салттарын өнүктүрүүгө кам көрүү. Бул маселеде кыргыз өкмөтү да жоопкер деп ойлойм.

Өзбекстандагы динге болгон мамиле, диний уюмдар менен иштөө тажрыйбасын Кыргызстан пайдаланса болот. Аларда дин жаатындагы көп маселелер бир нукка салынган. Мисалы, жашы жете элек балдар мечитке барышпайт. Имам-хатибдер атайын окуулардан өтүп, ар бир төрт жылда кесибин жогорулаткан курстардан окуп турушат. Аларды эмнеге окутуп, үйрөтүп жатканы мамлекеттин көзөмөлүндө турат экен.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG