Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Оштун майрамын шайлоого чакырык коштоду


Майрамда өзбек элинин "Лязги" ыр-бийи тартууланып жаткан кез.
Майрамда өзбек элинин "Лязги" ыр-бийи тартууланып жаткан кез.

Ош шаарынын күнүнө арналган салтанатта шаар мэри элди шайлоого активдүү катышууга, ынтымактуу болууга чакырды.

5-октябрда Ош шаарынын күнү, калаанын 3017 жылдыгы белгиленди. Улуттар аралык ынтымакка арналган иш-чара түрдүү элдердин ыр-күүлөрү, айыл чарба азыктарынын жана техникалардын жармаңкеси менен коштолду. Борбордук аянттагы театралдык салтанатта шаар мэри элди алдыдагы президенттик шайлоого активдүү катышууга үндөдү.

Майрам күнү таң эрте Оштун борбордук аянтына эл толо баштады. Суук болуп, жамгыр себелеп турганына карабай шаар күнүн тоскону келген эл театралдык оюн-зоокту кызыга карап турушту. Алардын арасында жашы элүүдөн өткөн апа ыр-күүгө өзгөчө берилип, кубанып отурду. Өзүн Караматхан Нишанбаева деп тааныштырган эне Оштун Туран конушунан келиптир:

- Биз кубанычтабыз. Тынчтык болсун деген тилек менен келип отурабыз. Караңыз, кандай сонун салтанат болуп жатат. Көрүп эле кубанасыз. Бийге чакырышса бийлейм, жаштыкты эстеп...

Алгач Оштогу мекеме-ишканалар тизилип салтанаттуу жүрүшкө чыгышты. Кызматкерлер ишкананын аталышы жазылган чоң жазууларды, шар, гүл көтөрүп каз-катар тизилип параддан өтүп жатканы, ага шайкеш музыка Совет доорун эске салгандай болду.

Майрамдык жүрүштөн өтүп жаткан "Тазалык" кызматкерлери.
Майрамдык жүрүштөн өтүп жаткан "Тазалык" кызматкерлери.

Андан соң театралдык иш-чара чыгыш ойчулу Захридин Мухаммед Бабурдун Ош тууралуу айткан тарыхый сөздөрү менен башталып, актерлор роль аткарышты. Артынан ыр-күү уланып, окуучулар жана студенттер бир сааттан ашуун аянтта бийлеп, салтанатка шаң беришти. Алар суукка, жамгырга карабай бир четте бий үйрөтүп турган эжейдин аракеттерин кайталап турушту. Баса, иш-чаранын башынан аягына чейин четте жаштарды бийлетип турган айымды кепке тарттык. “Келечек” көркөм өнөр мектебинде мугалим Алтынай Осмоналиева экен:

- Бул биздин ишибиз. Башында кыйынчылык болот. Бий билбеген улан-кыздарга кыймыл-аракеттерди он күн үйрөттүк. Эмгегибизге жараша акы төлөп беребиз дешкен. Канча экенин сыр сактап турайын, азырынча ала элекпиз.

Расмий эсепте 300 миңдей калкы бар, бейрасмий андан эки эсе көп эл жашаган Ош шаарынын 3017 жылдыгын майрамдоо улуттар аралык ынтымакка арналды. Ар кайсыл тилде ырлар жаңырды. Алып баруучулардын сөздөрүндө Манас жана Бабур деген ысымдар бир канча жолу кайталанды. Конок катары Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Орусиядан расмий өкүлдөр келишти.

Баса, карапайым калк жана расмий коноктордун катышуусундагы майрамда алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу да кеп болду. Калаа мэри Айтмамат Кадырбаев куттуктоо сөзүн жыйынтыктап жатып, тургундарды биримдикте шайлоого катышууга үндөдү:

- Бул жолку шайлоодо шаардыктар өзүнө мүнөздүү чечкиндүүлүгүн, ынтымагын көрсөтөт деген ишенич чоң. Буюрса биз тандаган багыт жакын келечекте экономикасы өнүккөн, элинин маданияты, нарк-насили бийик, Орто Азия чөлкөмүндөү адам суктанган шаарга алып бара турган жол экенине күмөн саноого болбойт.

Майрамдын күндүзгү бөлүгү секелек кыздардын кыргыз, өзбек, орус тилдериндеги “Бизге тынчтык керек” деген ыры менен жыйынтыкталды. Иш-чаранын башында аткаруучулардын бири, он жаштагы Диана Токтосунованы кепке тарттык:

- Биз ырдаганы келдик. Чоң майрам болуп жаткандыктан ырдаганы келдик. Карыга да, жашка да, өсүмдүккө да, ташка тынчтык керектиги тууралуу ырдайбыз.

Улуттук кийимдерди даңазалаган кыздар.
Улуттук кийимдерди даңазалаган кыздар.

Салтанатта конокторго улуттук кийимчен кыздар мода да көрсөтүштү.

Чоңдугу боюнча Кыргызстанда Бишкектен кийин экинчи орунда турган Ош шаарынын күнү жыл сайын 5-октябрда белгиленет. Бул ирет майрамдын алкагында "Ош Агро-II" айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана "Күз берекеси" түшүм жармаңкеси жана ырчылардын кечки гала концерт уюштурулду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG